Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

19:05 10.10.2020

Депутат Жылдыз Мусабекова кышка даярдык жана мурдагы ички иштер министри боюнча суроо берди. Садыр Жапаров ага жооп берген жок.

19:09 10.10.2020

Алтынбек Сулайманов: 5-октябрда болгон элдик толкундоого кандай баа бересиз? Төңкөрүшпү же толкундообу?

Садыр Жапаров: Төңкөрүш болсо прездидент качмак. Мына силер да качып кеттиңер.

Мирлан Бакиров: Депутаттар качып кеткен жок.

19:12 10.10.2020

Бакыт Төрөбаев: Эгерде президент кетсе, сиз анын ордунда болосуз. Биринчи кезекте сиз менен баары менен сүйлөшүңүз. Бардык күчтөр. Зыян алып келбеңиз. Башка мамлекеттер менен сүйлөшүңүз. Туткун болбоңуз. Көп адамдар келет, биз сени дайындадык деп.

Камчыбек Ташиев сизди досум деп алып чыкты. Ошол досчулук үзүлбөсүн.

19:16 10.10.2020

Садыр Жапаров: 8 жылдан бери адилетсиздикти көрдүм. Аны жон терим сездим. Эч качан адилетсиздикке барбайм. Ызы-чууга барса аны карайм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG