Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милиция кагылышты. Митингчилер Ак үйдү көздөй багыт алган учурда милициянын атайын күчтөрү суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты.
Ала-Тоо аянтынын тегерегинде күч кызматкерлери чогулууда
Борбордук Ала-Тоо аянтынын тегерегинде атайын каражаттар менен жабдылган күч кызматкерлери чогулуп жатат.
“Азаттык” радиосунун кабарчыларынын маалымдашынча, Панфилов паркынын жанында бир топту, Эски аянт жакта бир топту көрүүгө болот.
Алардын көбү колуна калкан, газдан коргоочу бет кап, атайын коргоочу баш кийим кийип алган.
Бишкектеги митингдин катышуучулары тарабай жатышат
Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабай жатышат. Буга чейин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров митингдин талабына президенттик аппарат үч күндөн жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырды.
Бирок митингдин айрым катышуучулары мындай сунушка көнбөй, Жапаров эркиндикке чыкмайынча тарабай турганын айтышууда.
Учурда нааразылык акциясы уланып жатат. Чыгып сүйлөгөндөр президент Сооронбай Жээнбековду Садыр Жапаровго ырайым берүүгө чакырууда.
Президенттик аппарат Жапаровдун тарапкерлерине үч күн ичинде жооп берет
Президенттик аппарат камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлерине үч күн ичинде жооп кайтарууга убада берди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде президенттик аппараттын өкүлү менен жолугуп келген саясатчынын агасы Сабыр Жапаров билдирди. Ал акцияга келген адамдарды үч күн күтүүгө жана азыр тароого чакырды.
Бирок митингге катышкандардын айрымдары мындай сунушка макул болбой, тароодон баш тартып жатышат.
Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатканын айтышууда. Көз каранды эмес байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын экенин айтып жатышат.