Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:25
Садыр Жапаровдун митинги.
Садыр Жапаровдун митинги.

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги

Бишкекте бүгүн, 2-мартта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. ИИМ митингде мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын билдирген. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

Жапаровдун тарапкерлери президент менен жолугушууга киргени кабарланды

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 10 тарапкери президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн Ак үйгө кирди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде саясатчыны колдоо кыймылынын мүчөсү Бакай Аскарбаев билдирди. Анын айтымында, аталган адамдар президент менен жолугуп чыкканга чейин митинг улана бермекчи.

Учурда митингдин катышуучулары абакта отурган Садыр Жапаровду эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

Митингде өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө талап коюлду​

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин жүрүшүндө камактагы саясатчы Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаруу менен катар өкмөттү кызматтан кетирип, конституциялык реформа жүргүзүү боюнча талаптар коюлду. Бул тууралуу митингде сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев билдирди. Ал «өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди жоюш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү кызматтан кетирүү зарыл», деп айтты.

«Конституциялык реформаны бүгүн жасабаса, эртең кеч болуп калат», - деди Чолпонбаев.

Бирок саясатчы Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин тактаган жок. Учурда Ала-Тоо аянтында нааразылык митинги уланууда. Катышуучулар негизги талап катары Садыр Жапаровду абактан бошотууну атап жатышат.

Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатканын айтышууда. Көз каранды эмес байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын экенин айтып жатышат. Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек.

Жылдыз Жолдошева президентке Садыр Жапаров боюнча кайрылуу тапшырганын айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго берди. Бул тууралуу Жолдошева Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде билдирди жана президент менен 2-марттагы жолугушуусун өзүнүн 60 жылдык мааракеси менен байланыштырды.

Саясатчынын айтымында, президент колуна тийген бардык материалдарды тиешелүү органдарга тапшырууга убада берди. Президенттик аппарат бул тууралуу комментарий бере элек.

Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышын талап кылган митингди коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев башкарууда.

Жапаровдун тарапкерлери митингде чагымчыл аракеттер болгонун айтышты

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинин жүрүшүндө түшүнбөстүк келип чыкты. Акцияга чогулгандардын арасында жыныстык азчылыктарга байланыштуу плакатты кармаган адамдарды чогулгандар күч менен чыгарышты. Жапаровдун тарапкерлери муну чагымчыл аракет катары баалап, күч кызматкерлери тиешелүү чара көрбөй жатканына нааразы болушту.

Учурда акция расмий түрдө баштала элек. Бирок уюштуруучулар «Садыр Жапаровго боштондук!» деген ураандарды чакырып жатышат.

Митингди чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчыларынын айтымында, эл чогулган жерде милиция кызматкерлери көрүнбөйт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG