Айрымдары «Өлүп баратасыңбы?» деген тааризде жемелеп, кээси «провокатор» деп кодулап киришти. Суроо узатсаң, сын айтсаң эле Садыр Жапаровдун тарапташтары үчүн душмансың. Ашынгандарын өчүрүп, кара тизмеге айдап жатып кутулдум. Эми бу башка кеп...
Команда, чечкиндүүлүк жана адилеттик күткөнбүз
Жаңы бийликтин келгенине бир айдан ашык убакыт өттү. Албетте, бир ай - аз убакыт. Бирок айта кетчү нерсе, 30 жыл кыйналып, кризистен башы чыкпаган элибиз кыйраткан деле нерсе күткөн эмес. Жөнөкөй эл, үчүнчү революциядан кийин дагы бир ирет алданып калбай өлкө кесипкөй, таза, мурда-кийин коррупцияга аралашпаган татыктуу башкаруучуларга тапшырылып, коом катары өзгөрүү, өнүгүү жолуна түшкөнүнө эле күбө болгусу келген. Шуулдатып реформа ишке ашпаса да, жаңы актай барактан баштоо үмүтүнө жетеленгенбиз.
«Садыр Жапаровдун элдин ишенимине ээ болгон команда менен тарыхый бурулуш жасаганга чечкиндүүлүгү жетеби?» деген суроого жооп күткөнбүз. Биз күткөндөй болдубу?
Жок, тилекке каршы, дагы бир ирет жок! Дароо башында эле айтайын. Мен Садыр Жапаровдун ийгиликке жетишин каалайм. Анткени, анын ийгилиги – өлкөбүздүн ийгилиги. Мен жүдөгөн башкаруучулары менен коррупцияга белчесинен баткан жакыр, адилетсиз өлкөдө жашагандан тажадым.
Эми сөз ирети менен болсун. 5-октябрда эл эмнеге нааразы болду? Адилетсиз шайлоого, добуш сатууга жана бийликтин кайдыгерлигине каршы чыккан жокпу? Анда эмнеге элдин нааразылыгына себеп болгон бир да саясий партия же анын өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылган жок? Азыркы өзүм билемдик менен мөөнөтү узартылган парламенттин жарымы жек көрүндү партиялардан шайлоого аттанган, эч нерсе болбогондой парламентте өлкөнүн тагдырын чечип жатат. Жада калса, алды спикерлик кызматты ээлеп, президенттин милдетин аткаруучу болгонго жетишти. Жетпегени баягыдай эле майлуу жерлерге кызматка барып, тирчилигин уланта баштады. Эмнеге Садыр Жапаров «Атамбаевдин ишин сот чечет» деп жооп берип, ал эми Райымбек Матраимовдун тагдырын өзү чечти? Адилеттик баарына бирдей эмеспи? Же боло береби?!
Сот менен укук коргоо органдары өзгөрмөйүн, өлкөбүз өнүкпөйт
Шайлоо учурунда мыйзам бузууга тийиштүү чара көрсөтпөй, башаламандыкка себеп болгон укук коргоо органдарына баа берилдиби? Ээлеген ордуларын таштай качкан жогорку кызматтагы жетекчилердин жоопкерчилиги каралдыбы? Кызматтан жылмышып түшүп, орундарын башкалары дароо ээлеп, турмуш улана береби? Биздин трагедиябыз – Кыргызстанда бийликтин булагы ЭЛ эмес, укук коргоо органдары болуп келгенинде. Өзгөчө УКМК менен прокуратура мыйзамдын эмес, бийликтин желдетине айланганын ким тана алат? Кайсы гана бийлик келбесин сотту, прокуратураны, күч түзүмдөрүн камчы катары колдонуп, саясий талааны утуру тазалап, оппоненттерди камап, оозун жаап, куугунтуктап келген. Азыр бул кызматтарды Садыр Жапаровдун достору ээлегени кокустукпу? Сөз эркиндигине чабуул коюп, чындыкты айтып чыккандарга кечирим суратуу боюнча адистешкен кошоматчылар эч нерсе болбогондой «кызмат» кыла беришеби? Укук коргоо органдары революциядан кийин деле көп өтпөй БШКга басым жасап, адаттагыдай бийликтин арыгын чаап кирди. Биз күткөн өзгөрүү ушул беле?
Көчтү улантып, факты сурап, тымпыйып өткөн президент
Революциядан кийин УКМК бети кызарбай бажыдагы Райымбек Матраимовдун катышы бар коррупциялык схемаларды акыры таап чыкты. Айтмакчы, ошол убакта сыйпалап эч нерсе таппай, Райымбек Матраимовду төшү менен коргогон сот, укук коргоо органдарынын жетекчилери иш жүзүндө кимге баш ийди эле? Үч жыл бою журналисттер какшап жатса да улам факты сурап, өлкөнүн таланып-тонолушуна унчукпай, көчтү уланткан Сооронбай Жээнбеков эч нерсе болбогондой «экс-президент» статусуна ээ болуп, мамлекеттин эсебинен пенсияда жашоосун өткөрө береби? Жок дегенде эми чындыкты айтып, кечирим сурап койбойбу? Бүтүндөй улутту бир кишиге курмандыкка чалганы аз келгенсип, уурулардын жана криминалдын парламенттик шайлоо аркылуу мыйзамдашуу аракетине көз жумган өлкө жетекчиси жооп бериш керек эмеспи? Баарын чечип, бирок эч нерсеге жооп бербей, парламентти, өкмөттү өзүнүн кол баласына айлантып, бийлик бутактарынын ашмалтайын чыгарган, улам жаңы «шопур» чыгарган президенттик аппарат күнөөсүзбү? Пандемияда жетекчиликтин шалаакылыгынын айынан бери дегенде эле 1500 киши өлгөнү айтылууда. Ким жооп берди?! Кыргызда бир кой өлсө деле, жок дегенде сурагы бар экенин баарыбыз билебиз.
Ар бир жаңы президент өзүнүн Конституциясын ала келсин
Баягы эски оорубуз кармап, жаңы бийлик да Конституцияны өзгөртүүгө киришти. Күнөөлүү табылды. Коррупция менен күрөшүүгө жолтоо имиш. «Оосуракка арпа талкан шылтоо» деген эле кеп. Дүйнөдө Конституциясы жок эле өнүгүп-өсүп, жемкорлуктун таш-талканын чыгарган толгон-токой өлкө бар. Алардын бири Израил. Конституциясы жок. Коррупция менен күрөштө дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. Кыргызстанда Баш мыйзам тогуз жолу өзгөрүптүр. Өнүгүп кеттикпи? Жок! Ар бир жаңы келген президент өзүнүн Конституциясы менен келген. «Эл үчүн, мекен үчүн!» деп жанын жеп, чынында бир гана максат менен өзгөрткөн. Колуна тийген бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети. «Мураскер» операциясына да күбө болдук. Күчтүү президент зарыл имиш. Биз акыркы 30 жылда иш жүзүндө президенттик эле өлкөдө жашадык. Качан бизде бийликтин көзүн карабаган, эркин парламент, адилет сот, чыныгы шайлоо болду? Азыр деле Садыр Жапаров, Оруссиянын белгилүү серепчиси Аркадий Дубнов таамай айткандай тылды бекемдеп, бийликти досторуна аманат кылып туруп анан шайлоого аттанды. Андай эмеспи?
Саясий партиялар элди бөлөт имиш. Мен, мисалы, партиядан шайлоого аттандым. Кыргызстандын жети облусунан чыккан талапкерлер менен бирге иш жүргүздүм. Партия акчасы жок билимдүү жаштарды, өлкөнүн ар тарабында ийгиликтүү иш алып барган мекендештерибизди бириктирди.
Кыскасы, Элери Битикчи айткандай, реформа жасай турган киши, эртең менен туруп ден соолугуна кам көрүп чуркаган кишиге окшош. Же чуркайт же чуркабайт. Шылтоосу, жалкоолугу, маанайы, аба ырайы, даярдыгы, калганы... экинчи маселе. Чуркасаң – сергек жашоо жолундасың, чуркабасаң – жалкоолук жолундасың. Анын сыңары өзгөртөм, өнүктүрөм деген лидер тайсалдабай, тайманбай, улам эки сүйлөп соодалашпай, ишеним тартуулай турган ачык-айкын кадам таштайт.
Эми тизмени уланта берсе бүтпөйт. Бирок үч революциядан кийин деле эч нерсе өзгөрбөгөнүнө күбө болуу зээнди кейитет. Оокат кылам деп турмуштун ташпиши менен өлкөбүздөн талаалап кеткен жүз миңдеген мекендешибизди көрдүк. Эми Кыргызстанды мекени катары көрбөй, биринчи мүмкүнчүлүктө таштап кеткенге даяр болгон муун өсүп келе жатат. Турмуштун жакшырышы үчүн экономикалык реформалардан мурун сот жана укук коргоо системасын түп-тамырынан өзгөртүү зарыл.
Дагы бир жолу кайталайм. Бул маселе Садыр Жапаров маселеси эмес. Менин айткым келген нерсе, чу дегенде эле ээрге кыйшык отурбайлы, түз отурсак калганы убагы менен оңолот, буюрса. Керек, керек... эле деп айтып келе жатабыз, бирок өлкөбүз өзгөрүш үчүн дагы эмне болуп кетиш керек?
Руслан Акматбек
(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)