Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Кызмат деген көздү кызарткан «оору» жайылууда


Кызматыңды "өрүлүктөйлү", досум! Т.Карыкеевдин азил сүрөтү. 12.7.2011.
Кызматыңды "өрүлүктөйлү", досум! Т.Карыкеевдин азил сүрөтү. 12.7.2011.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун бурмаланышынан кийин башталган элдик толкундоонун эпкинин колдонуп, эски жана жаңы төбөлдөр ар кыл жетекчи кызмат үчүн жан талашууда. Таанымал журналист Аскер Сакыбаева өлкө эгемендиги жана болочогу үчүн кооптонгон маанайдагы блогду сунуштайт.

2020-жылдын октябрь айы кыргыз тарыхында кандайча жазылат билбейм, бирок элдин эс-тутумунда оңой менен кеткис зак калтырды. Кыргызстаныбыз чайпалып, төгүлүп кетчүдөй абалга келди. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун бурмаланышына болгон нааразылыктын акыры минтип бийлик алмашып, анын аркасы менен азыркыдай башаламандыкка дуушар болобуз деп бир дагы адамдын үч уктаса түшүнө кирген эместир. Бийлик кандай гана болбосун мамлекет ичинде да, сыртында да легитимдүү болбосо, анын натыйжалары кандай кесепеттерге алып келерин ар бирибиз жон терибиз менен сезип турабыз.

Азыр бардыгыбыз мурдагы инерция менен эле жашап жатабыз, мамлекеттик мекемелер иштөөдө, соода-сатык жүрүүдө, тейлөө кызматтары мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүдө, КОВИД-19 менен ооругандар дарыланып жатышат, балдар онлайн окууда, башка мамлекеттер менен карым-катыш жүрүп жаткандай. Бул эми сыртынан караганда.

Ал эми бийлик бутактарынын ар биринин легитимдүүлүгү көп суроо жаратып турат... Бул боюнча азыр коомдо абдан көп талаш-тартыш жүрүүдө, абалдан канткенде чыгуу боюнча сунуштар айтылууда.

Менин айтайын дегеним – кызмат талаш, кызматтарды басып алуу боюнча.

Сентябрь айында шайлоонун агитациясы учурунда 16 партиянын тизмесиндеги талапкерлер өздөрүн кандай мыкты адам, кесипкөй кызматкер катары көрсөтүп, басып өткөн жолдорун саймедиреп айтып, көрсөтүп жатышканына бардыгыбыз күбө болдук эле. Айрымдарын биз дагы мактап-жактаганыбызды моюнга алабыз.

6-октябрдан тарта ошолордун айрымдарынын чыныгы жүзү, түпкү насили адырая ачыкка чыкты. Башка калкта кандай билбейм, бирок кыргыз кызмат десе бардыгына барат экен. Айрымдар ошол убакка чейинки жакшы адам, мыкты кызматкер делген бетпарданы сыйрып салып, бир жакшыраак кызматты күч менен болсо да басып алганга даяр экен, капырай?!

Алыс барбай өз тармагыбызга эле көз салсак, айрым мамлекеттик телеканалдардагы “басып алды!” деген ызы-чууларды баарыбыз көрүп отурдук. Максаты жүзөгө ашпаган “басмачылар” акыры эл көзүнө түркүн шылтоо айтып аргасыз четке чыга беришти.

Жок, мен жаңылыпмын, дагы бир мамлекеттик телеканалдагы кызматтын ызы-чуусу эми араң басылды. Жаңы бийлик жиберген жетекчини кабыл албай, телеканал жамааты улам коомчулукка кайрылуу жасап жатып, акыры аны кетирип тынчышты көрүнөт.

Ошол октябрь айынын башынан аягына чейин борбор шаарыбыз Бишкектин мэриясынын имараты мэрдин кызматын талашкан ар кандай чабуулдарга дуушар болуп жатты. Бир айга жакын созулган чабуулдардан кыргыз бийлигинин азыркы абалы, бийликти толук колго алган адамдын кимдердин барымтасында калгандыгы, төңкөрүшчүлөрдүн шаар элин коркуткан ар кандай чакырыктары, бийлик мэрлик кызматка дайындаган адамды кайрадан күч колдонуу менен алып түшүү, шантаж жасоо менен өздөрүнө жаккан адамды коюп берүүсүн бийликке таңуулоо, өз деңгээлин билбеген билеги жоон, үнү ачуу бейбаш адамдардын топтошуп алышып, шаар элинин тынчтыгын бузуусу, бийликтин аларды жайына койгон алсыздыгы, деги койчу, кызмат десе көздөрү ач карышкырдыкындай кызарган адам аттуулардан азыркы коомдун кейиштүү көрүнүшүн даана көрдүк.

Башкасы бир тең, борбор шаарда бейбаш адамдардын мыйзамга баш ийбей, бүтүндөй шаардыктарга террор жасашын карап туруу психикага жаман таасир калтырды. Себеби кебетелери кызматта иштей турган адамдарга окшобогон жапайылардын топтошуп алып бийликтен кызмат талап кылып турушу, бийлик аларды мыйзам жолуна чакыра албагандыгы, “кокус чын эле ушул шантажчылар шаар бийлигине келип калышса, эмне болот ?”деген ой баарыбызга аябаган чоң коркунучту жаратты.

Эң өкүнүчтүүсү, булар мурда-кийин муниципалдык кызматта иштебей туруп дароо эле мэрдин ордун талашып жатышканы, демек алар мэрликти иштей турган кызмат эмес, шыбагасына тие турган олжо катары көргөнүндө. Дегеле төңкөрүштөн кийин кызматты басып алып, жулунгандардын бардыгы барган тармагын оңдоп жиберейин, реформа жасап өнүктүрүп жиберейин деген ниет менен эмес, жеп-ичип калууга гана жанталашып бара жатышканын байкоо кыйын деле эмес эле.

Аларды гана минтип айыптайлы десек, Садыр Жапаровдун бир жума ичинде өкмөт башчылык да, президенттик да кызматты кандайча алып койгонунан дал ушулар өрнөк алып жатышканын кайда катабыз?

Дагы бир кейиштүү көрүнүш – төңкөрүшкө чейин чоң кызматтардагы айрым адамдар өздөрүнө тапшырылган кызматты таштап салып дайынсыз кетип калышканы болду. Мисалы, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдор...

Кашкар Жунушалиев ушул кезге чейин дайынсыз дешкени менен дайындуу эле болсо керек, билгендер айтпай жатышкандыр. Ө. Жамшитов үч күн кызматын таштап кетип кайра келсе, О. Опумбаев төңкөрүш болгон күнү эле кызмат ордун таштай качкан.

Демек, бул адамдар элге, мамлекетке кызмат кылайын дебестен, бир эле президенттин керегине жарайын деп ушул жумуш орундарына келишкен, арты да таза эмес, ошон үчүн кызматтарын мыйзамсыз таштап кетишкен. Эгерде мындай болбосо, жаңы бийлик аркылуу мыйзамдуу бошогон соң гана иш ордунан кетүүлөрү керек эле.

Дегеле түшкөн президент С.Жээнбеков да, министрлер да мурдагы президенттер менен министрлердин төңкөрүш учурунда кызматтан кеткендеринен ныпым сабак алышпаптыр.

Төңкөрүштөн кийин айылга барып калдым. Конок болуп отуруп, кейиштүү да, сабак боло турган да окуяларды уктум.

Биздин айылда небак пенсияга чыкса да, мектептен кетпей иштеп жүргөн, жашы сексенге таяп калган мугалим бар эле. Бишкектеги төңкөрүштөн, кызмат талаштан кабары бар айрымдар чогулуп тиги мугалимге барышып, “азыр жаштар келиш керек, кетиңиз” деп коркутуп арызын жаздырып алышкан экен.

Дагы бир окуя Нарында болуптур. “Кызматка жаштар келсин!” деген ураан күчүндө турган төңкөрүштүн алгачкы күндөрү базарда отурушкан жаштар топтошуп алып бир мекеменин жетекчисин кызматтан кубалап жиберишип, ордуна базарда соода кылган өз кишисин коюп кетишет.

Мекеменин жамааты жаңы жетекчиге: “Биздин мекеме чарбалык эсеп (хозрасчет) менен иштеп өзүбүздү багабыз”, “бизге момундай нерсе жетпейт, алып беришиңиз керек”, “бизди бардык нерсе менен камсыз кылып бага аласызбы?” деп туш тараптан жаалашкан экен, мындайды күтпөгөн неме басып алган кызматын өзү эле таштап кетип калыптыр. Мекеменин мурдагы жетекчиси кайра өз ордуна келип отуруптур.

Дегинкиси мындай кейиштүү да, күлкүлүү да окуялар 5-6-октябрдан кийин өлкөдө көп болгон экен.

Жаңы, утурумдук бийликтин алсыздыгын пайдаланышып, кызматка көзү кызаргандар өз алкымын араандай ачып жатканда, ар кандай жетекчилик кызматтан мурда адамдык ар-намысын, ариетин бийик койгон кишилер аз болсо да бар экени да айгинеленди.

Азыркы бийлик башындагы кишилердин басып өткөн шектүү жолу менен бирге басуудан баш тарткан тиги же бул жогорку кызматтагы аткаминер кызматын өз эрки менен тапшырып, өз оюн ачык айтып кеткени сыйга гана татыктуу.

Ал эми КОВИД пандемиясы кайрадан күчөп, мамлекеттин бюджетиндеги жетишпеген каражат 40 млрд. сомго жакындап, бир-эки айдан кийин кызмат эмес, пенсия, жөлөк пул, айлык берүү чоң көйгөйгө айланаарын билип турушса да айрымдар ар кандай жолдор менен жетекчи кызматка жанталашып жатышканы көп суроолорду жаратат.

Чын эле, мурдагы бийлик партияларынан кийинки улам жаңы бийлик партияларына баштарын тыгып, андан төңкөрүштөн кийинки утурумдук бийликке жармашып жаткандарды көрүп жака кармабаска айла жок.

Айрым “акылдуулардын” Фейсбук социалдык тармагын кызмат талап кылганда колдонулчу кадимки куралга айлантышканы да байкалып турду. Ар кайсы тармактардагы досторуна же жалданма блогчуларга өздөрү тууралуу мактап жаздыртышып, “ушул инсан өтө татыктуу эле” дедиртип, бийликтен кызмат сурагандарды сокур адам да көргүдөй болду.

Таңгалычтуусу, кызматты так ушинтип талап кылгандар четинен алып жатышкандыгы...

Өзүбүз ич ара кызмат талашып кырылышып, бир күндүк, беш күндүк, он күндүк кызматка маашырланып жатканыбыз менен, азыркы убактылуу мамлекет башчысын башка өлкөлөр тааныбай турушат. Мунун узак мөөнөттүк кесепети да бир топ.

Журналист Аскер Сакыбаева.
Журналист Аскер Сакыбаева.

Кыргыздар төңкөрүш менен кызмат талашкандан гана даңкы чыкпай, чыныгы өнүгүүлөргө жол ача алабызбы, же ушинтип өзүбүздү жок кылуу жолуна түшөбүзбү? – бардыгыбызды түйшөлткөн маселе дал ушул.

Аскер Сакыбаева,

журналист.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG