Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Бабанов: Кой-Таштагы окуя үчүн жоопкерчилик баары бир президентте

“Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы, андан кийин бир нече киши жараат алган Кой-Таштагы кагылыш боюнча билдирүү жасады. Ал мурдагы жана азыркы башчыларга кайрылып, эл менен укук коргоо кызматкерлерин козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тирешүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн “Фесбуктагы” баракчасына жазды.

“Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергени үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы!” – деп жазган.

Атамбаев: Ак үй алдында мөөнөтсүз митинг баштайбыз

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлерин бүгүн түштөн кийин "Форум" ишканасынын алдына чогулууга чакырды. Ушу тапта ал Кой-Ташта турган 300дөй тарапкеринин алдында сүйлөп жатып "Форумдан" кийин Ак үй алдына барышарын, бул митинг мөөнөтсүз болорун билдирди.

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу буга чейин үч жолу ИИМге суракка чакырылган. Бирок өзү милициянын бул аракетин мыйзамсыз деп атоодо.

Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган элүүдөй адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды. Каза болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү. (BTo)

Атамбаев: Каза болгон жоокердин өлүмү Жээнбековдун абийиринде

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта жараат алып каза болгон жоокердин өлүмү үчүн жоопкерчилик мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун абийиринде деп эсептейт.

«Аны ушундай ыплас ишке жөнөткөндөр, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик күнөөлүү» деди Атамбаев.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында ИИМге суракка үч жолу чакырылган. Ага чейин парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан токтом кабыл алган. Атамбаев өзү Жогорку Кеңештин бул чечимин тааныбай турганын, тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере аларын айтып келет.

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго кайрадан операция жасалат

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов кайрадан операцияга жаткырылды. Мындай чечимди 8-августта эртең менен дарыгерлер Курманкуловдун абалын кайрадан текшерип чыгып, томограмманын жыйынтыгынан кийин кабыл алышты.

Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып, ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG