Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Кой-Таш: Курсан Асанов менен Туруспек Коеналиев сүйлөшүү жүргүзүүдө

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерде Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жүрөт. Учурда ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин Туруспек Коеналиев менен сүйлөшкөнү кетти.

Топтошкон милициялар турат. Алар Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торошту.

Асанов Коеналиев менен сүйлөшүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Атамбаевдин тарапкерлери бир нече күч кызматкерин кармап, өз талаптарын айтууда

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө алты күч кызматкери кармалып турат. Атамбаевдин тарапташтары "Интернет жана жарык бергиле" деп талап кылууда. Алар кармалып турган күч кызматкерлерин эртең менен гана кое бере турганын айтышкан.

Саясатчы Равшан Жээнбеков, Атамбаевдин тарапташтары Темирлан Султанбеков жана Алга Кылычов Курсан Асанов менен жолукту. Курсан Асанов Интернет жана жарык берүү анын колунан келбесин айтып, алты күч кызматкери коё бергиле деп суранды.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат​

“Төрага Дастанбек Жумабеков менен сүйлөштүм. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Убактысы такталып атат. Кошумча билдиребиз” – деди “Азаттыкка” парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Ал тапта айрым депутаттар өз ара сүйлөшүп, кезексиз сессия өткөрүү үчүн кол топтоп жатышканын КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, кезексиз жыйын өткөрүлүп кала турган болсо өлкөдөгү акыркы кырдаалдар талкууга алынышы күтүлөт.

“Биринчиден мына бул окуядан тилекке каршы бир киши каза болуп калды. Экинчиден тиякта Солтон-Сары да чыгып атат. Буга парламент реакция жасабаса анда парламенттин кереги жок болуп калат. Биз укук коргоо органдарына айтышыбыз керек, алар мыйзам негизинде иштеши керек” – деди депутат Дастан Бекешев.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.

УКМК: каза болгон кызматкерге спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы айтылат.

Атайын кызмат Атамбаевди кармоо аракети учурунда бир нече атайын бөлүктүн кызматкерлери жаракат алганын, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгонун, ал эми үй тараптан аскер огу атылганын белгилейт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Атамбаевдин тарапташтары азырынча анын өлүмү боюнча комментарий бере элек.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.

Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG