Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Фарид Ниязов: Атамбаев үйүндө, атайын даярдыктагы кызматкерлер кирүүгө аракет кылууда

Анын айтымында, Атамбаев өзү үйүнүн ичинде, атайын даярдыктагы күч кызматкерлери ал жакка кирүүгө аракет кылууда. Атамбаевдин 200дөн ашык тарапкерлери чогулуп турушат жана алар бушайман.

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясында желим ок гана колдонулууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.

“УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кулов: Кой-Таштагы окуянын мыйзамдуулугун караш керек

Чүйдөгү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлеринин барышынын мыйзамдуулугун карап чыгыш керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" саясатчы Фелик Кулов билдирди:

- Эгер соттун чечими болсо жана атайын бөлүктөгү аскерлердин барышы тергөөнүн аргасыз кадамы деп саналса, анда менде мыйзамдуулукка байланыштуу көп суроо жаралууда. Тергөө кай бир себептен улам шектүүнүн же айыпталуучунун үйүнө бара турган болсо, алдын-ала маалымдайт. Күч органдары жөндөн-жөн бастырып барышына ишене бербейм.

Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери бастырып киргенин Кыргызстан социал демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын кабарлаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын маалымдады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө медицина кызматкерлери келди.

Бул тууралуу учурда аймакта жүргөн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева “Фейсбуктагы” түз эфир маалында айтты.

Түз көрсөтүлүп жаткан видеодон тез жардам унааларын көрүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG