Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Кой-Таштагы окуя боюнча бир нече иш козголду

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы сотко чейинки тергөө амалдарын башталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-августтагы факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264 жана 266-беренелери (“массалык башаламандык” жана “бейбаштык”) боюнча каттоого алынды.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышты. Прокуратура тараткан маалыматта ооруканага түшкөндөрдүн саны 48 кишиге жеткени айтылат. Алардын 22си УКМКнын, экөө ИИМдин, 23 жөнөкөй жарандар. Күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.

Топтолгон материалдардын негизинде факт Жазык кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” жана “Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук” беренелеринин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мындан сырткары Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы боюнча Жазык кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Кой-Ташта жабыркаган 38 адам ооруканада, алардын экөө реанимацияда

7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн экөө реанимацияда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор. Экинчиси - Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов Травматология жана ортопедия борборунда. Анын абалын доктурлар өтө оор деп мүнөздөп жатышат.

Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган 48 адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды. Каза болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү.

Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38 адам.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келген. (RK)

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов комага түшүп калды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова: “Операция жасалды. Операциядан кийинки абалын дарыгерлер өтө оор абалда деп баалап жатышат. Реанимацияда”, - деди.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.

Кой-Таш: Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

ИИМдин орун басары Курсан Асанов милиция кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбавдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылынан чыгып кетерин маалымдады. Ал аймакты курчап турган күч органдары элдин тынчтыгы үчүн ал жерден алынып жатканын, ал эми Атамбаевдин тарапкерлеринин колунда кармалып турган атайын кызматтын алты аскери эртең мененки саат тогузга чейин бошотуларын маалымдады.

Асанов бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү катары сүйлөшүүгө катышкан саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков, Темирлан Султанбеков жана Алга Кылычов менен жолуккандан кийин макулдашылганын “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG