Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Кой-Таш: Курсан Асанов менен Туруспек Коеналиев сүйлөшүү жүргүзүүдө

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерде Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жүрөт. Учурда ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин Туруспек Коеналиев менен сүйлөшкөнү кетти.

Топтошкон милициялар турат. Алар Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торошту.

Асанов Коеналиев менен сүйлөшүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Кой-Таштагы окуяда жараланган атайын бөлүктүн аскери каза болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн аскери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген.

"Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды".

Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганы кабарлады.

Андан тышкары, дагы 25 адам ооруканага жатты. Аларга желим ок тийген жана башка ар кандай жараат алышкан.

Кой-Таштагы операциядан аскер каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Кой-Таштагы окуяда 23 адам жабыркады

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркагандардын саны 23кө жетти. Ушул тапта Кой-Ташта 10 "Тез жардам" бригадасы иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

УКМК: элге аскердик ок атылган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу сөздөр чындыкка дал келбейт» деген маалымат таратты.

УКМК чагымчыл, жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет. Мекеме атайын даярдыктагы күч кызматкерлери желим ок колдонгонун, ал эми үй жактан аскердик ок атылганын белгилейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG