Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Атамбаев-Жээнбеков арачыга муктажбы?


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы жагдай коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

Өткөн аптада парламент экс-президент макамынан ажыраткан Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган тарапкерлери тараган жок. Алмазбек Атамбаев күн сайын бир маал алардын алдына чыгып, акыркы кырдаал боюнча комментарий берип, бийликке сын айтууну улантып жатат. Ал 1-июлда бийликтин аракеттери мыйзамсыз экенин кайталап, президент Жээнбеков менен сүйлөшүүгө «кеч болуп калганын» билдирди.

Айрым саясатчылар мындай кырдаалды опурталдуу деп баалап жатышат. Маселен, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Атамбаев менен азыркы бийликтин ортосундагы тиреш тууралуу билдирүү таратты. Кырдаал курчуп кетиши ыктымал экенин эске салган саясатчы мындайда интеллигенцияны, улуттун уюткуларын карап турбай, бийлик менен Атамбаевге арачылык кылууну сунуш кылды:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Тилекке каршы, болор иш болду. Эми мындан ары аксакалдарыбыз айткандай «ийри отуруп, түз кеңешчү» мезгил келди. Болбосо биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн, бүтүндүгүн жоготуп алчу коркунучта турабыз. «Адам сөзгө байланат, айбан чөпкө байланат» дегендей биз сөз издеп, сөз таап, бир сөзгө келишибиз керек».

Бирок саясатчы Азимбек Бекназаров Атамбаев менен Жээнбековду жараштырып коюу туура эмес деп эсептейт. Мурдагы башкы прокурор Атамбаевди тарапкерлерине таянбай, маселени сот аркылуу чечүүгө, ал эми президент Жээнбековду калыс сот жараяны үчүн шарт түзүүгө чакырды:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Аларды жараштырыш, кылмышты жаап коюш коомчулукта туура эмес кабыл алынат. Экинчиден, дүйнө жүзү карап турат. Ошондуктан Атамбаев менен Жээнбековду акыл-эстүүлүккө чакырат элем. Жээнбековду сотту калыс жүргүзүп, мурдагы президенттер кетирген каталарды кайталабай, бир тараптуу өкүм чыгара койбой, кылдаттык менен иликтеп, Атамбаевдин күнөөсү бар-жогуна сот аркылуу гана чекит коюуга чакырам. Бул үчүн Жээнбеков кепилдикте туруп башкы прокурор, сот менен бирдикте, Атамбаевди камабай, үй камагына коюп, мамлекеттик резиденцияда үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылыш керек. Ошол эле учурда Атамбаев, элди чогултпа, Кыргызстандын ташын корооңо топтоп алсаң да жардам бербейт. Күңөөң жок болсо сотко келип, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, акталып ал».

Саясатчылардын ушул сыяктуу кайрылууларына президент Жээнбековдон да, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден да жооп боло элек. Азыркы учурга чейин Атамбаевден кол тийбестик алынганы менен кылмыш ишин козгоо же суракка чакыруу боюнча аракеттер тууралуу маалымат жок. Бул боюнча күч органдары комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми саясат талдоочулар ар кыл саясий күчтөрдүн кырдаалды жөнгө салуу боюнча билдирүүлөрүн кадыресе көрүнүш катары баалап жатышат. Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев мындай жагдайда интеллигенция, саясатчылар жана бийлик кыска кызыкчылыкты көздөбөй, калыс турганы маанилүү деп эсептейт.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Адилеттүүлүк деген бир тараптуу болбойт, - деди ал. - Нааразылык дал ушул адилетсиздиктен чыгат. Эгер Атамбаевге карата мыйзамдын талабын аткаруу боюнча чакырыктар айтылса, коррупцияга каршы күрөш боюнча эл арасында айтылып жаткандарга да ошондой талап коюлушу керек. Эгер дал ушундай калыс аракет болсо, сыртынан «мен акмын» деп кыйкырса да ичинде «ушуну мен жасап койдум эле, жоопкерчилигим бар» деп макул болот».

Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов кандай болгон күндө да саясий тирешти кагылышка жеткирбөө зарыл экенин белгиледи:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Азыркы учурда бийликтин күч колдонуу боюнча планы деле жок. Бул туура. «Келип кармап кетебиз, күч менен эле басабыз» деген ката. Ошол эле учурда «митинг-пикет өткөрөм» деген учурда жоопкерчилик Атамбаевге жүктөлүп жатканын, андан кийин суроо сураларын эскертүү керек».

Мурда кабарлангандай, Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 3-июлда Бишкекте митинг өткөрүүгө камынышууда. «Соке болбой калды» деп аталуучу митингге мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышары айтылып жатат.

Ошол эле учурда Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаардыктарды митингге чыкпоого үндөп, мэрия кызматкерлерине жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG