2020-жылы башталган дүйнөлүк коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму үчүн үч оор сабак калтырды. Бирок үчөө тең өздөштүрүлбөй калды. Автор макалаларында өзүнүн бул багыттагы көз караштары менен бөлүшкөн.
Жалпысынан алганда, Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түрдүү өзгөчө кырдаалга дароо чара көрүүгө жөндөмсүздүгү тууралуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өлкөнү башкаруунун негизи болгону менен, мындай иштерге саясий, административдик жана финансылык ресурстары жок деген пикир айтылган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өлкөнүн пайдубалы болсо, биринчи медициналык-санитардык жардам тармагы саламаттык сактоо тутумунун негизи болуп саналат. Иш жүзүндө, ооруканалар саламаттыкты сактоонун негизги уюму катары каралып келет. Бирок адам ден соолугун чыңдап, өмүрүнүн баарын ооруканаларда өткөрбөйт го? Адамдын ден соолугу жарык дүйнөгө келгенге чейин эле калыптанып, өмүр бою сакталыш керек. Кош бойлуулуктун жүрүшүн көзөмөлдөө зарыл.
Калкка жардам көрсөткөнгө жөндөмдүү биринчи тармак
Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эрте өнүктүрүү чаралары менен камсыз кылыш керек. Ооруларды алдын алып, аныктап, өз убагында дарылаш керек. Сергек жашоо мүнөзүн жайылтып, тобокелдик факторлордун таасирин азайтуу зарыл. Бул милдеттин баарын биринчи медициналык-санитардык жардам чечиш керек. Калкка өмүр бою жардам көрсөткөнгө жөндөмдүү биринчи тармак эң жеткиликтүү болуп, калктын жашаган жерине жакын болуш керек.
Совет убагындагы саламаттыкты сактоо "дүйнөдө эң мыкты" болгон деген түшүнүк бар. Чынында эле СССР маалында жугуштуу, мите ооруларга каршы чечкиндүү жана ийгиликтүү күрөш жүргөн. Бүткүл адамзат менен бирге Советтер Союзу чума, күйдүргү (сибирь жарасы), холера, чечек, бөртмө келте жана келте ооруларын жөнгө салган. Безгек жана кургак учук оорулары революцияга чейинки мезгилге салыштырганда азайган. Бардык жерде санитардык-эпидемиологиялык мекеме менен ооруканалардын тармагы түзүлүп, медицина илими өнүккөн. Мына ушулардын бардыгы өлүм-житимди кыскартып, советтик жарандардын өмүрүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө алып келген.
Ошол эле учурда, совет убагындагы саламаттыкты сактоо негизинен "ооруканада" жана борборлошкон түрдө болгонун айта кетиш керек. Шаарларда "поликлиника" түрүндөгү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Айыл тургундары андай жардам менен камсыз болгон эмес.
Алар дарыланууга өтө муктаж болгон учурда гана дарыланган. Ымыркайлар менен балдардын өлүмү боюнча маалыматтар чындыктан алыс болгон. Орто Азия менен Кавказда ымыркайлардын өлүмү жана өмүрүнүн узактыгы боюнча медициналык статистика "жакшыртылып", Москванын кабинеттеринде, чындыкка жакындаш үчүн оңдолуп жазылганы жөнүндө совет мезгилдин медициналык статистикасы боюнча изилдөөлөрүндө айтылган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, 1996-жылдан баштап, “Манас” жана “Манас таалими” улуттук программаларынын алкагында биринчи медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүү уюмдарын түзүү боюнча алгачкы кадамдар жасалган.
Ошол мезгилден баштап айыл аймактарында фельдшердик-акушердик пункттар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, үй-бүлөлүк медицина борборлору пайда болгон. Республикалык медициналык маалымат борбору түзүлгөн. Ошол эле убакта саламаттыкты сактоо реформасы “провайдер” менен “төлөөчүлөрдүн” ролдорун бөлүштүрүп, “бирдиктүү төлөөчү” болгон, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө багытталган камсыздандыруу жана бюджеттик каражаттарды топтоочу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлгөн.
Кыргызстан: ооруканалардын үстөмдүгү
Жалпысынан алганда, СССР тарагандан кийин ар кайсы постсоветтик республикаларда саламаттыкты сактоо түрдүү жолдор менен өнүккөн. Балтика өлкөлөрүндө ыкчам жана ийгиликтүү реформалар жүргөн. Бул өлкөлөрдүн негизги артыкчылыгы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сакталып калышы болгон.
Эгемендүүлүктү алгандан кийин ал жерде тиешелүү ыйгарым укуктар менен финансылык жана административдик ресурстарга ээ болгон муниципалитеттер кайра түзүлгөн. Мисалы, Эстонияда муниципалитеттер өздөрүнүн аймактык ооруканаларын биргелешип түзүп, алар акционердик коомго айланган. Кепилдик берген, жекелештирилген оорукана кызматтары, биздин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду сыяктуу, улуттук бирдиктүү төлөөчү тарабынан төлөнөт.
Эстонияда камсыздандыруу Кыргыз Республикасындай эле, милдеттүү жана биргелешкен түрдө болот. Эстониянын өзгөчөлүгү - бул саламаттыкты сактоо тутумунун ажырагыс бөлүгү катары иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлердин жеке институту. Эстониянын саламаттыкты сактоонун уюштуруу түзүмүнө, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөткөн жеке мекемелеринен тышкары, кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар жана кесиптик бирикмелер кирет. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматтары, менчигинин түрүнө карабастан Эстониянын медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарында саламаттыкты сактоо жөнүндө Эстонияга окшоп жазылган. Бирок иш жүзүнө келгенде, Медициналык камсыздандыруу фонду бир нече жеке уюмдарды гана каржылайт. Ал эми бир төлөөчүдөн каржыланган биринчи жардам берүү боюнча менчик уюмдар менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин кесиптик бирикмелери таптакыр жок.
Жалпысынан, саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча көп жылдар бою жасалган далилдүү аракеттерине карабастан, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө тийиштүү көңүл бурулбай келет.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы ооруканалардын үстөмдүгүн жеңе алган жок. Ал эми чоң ооруканалардын тактан түшкүс жетекчилеринин, илгеркидей эле, саламаттыкты сактоо министринен ашкан таасири, парламентте күчтүү колдоочусу бар.
Айрымдары өздөрү депутат болгон. Пандемия учурунда ооруканалардын үстөмдүгү айкын көрүнгөн: үй-бүлөлүк дарыгерлер менен эпидемиологдор биринчилерден болуп коронавирусту жуктурган. Каржылоо менен гуманитардык жардамдар болсо ооруканаларга агыла баштаган. Ооруканадан чыккандардын узак мөөнөттүү реабилитация жүгү үй-бүлөлүк дарыгерлерге жүктөлдү. Баягы эле үй-бүлөлүк дарыгерлер жакынын жоготкондорго колдоо көрсөтүп, алардын депрессиясы, коркуу жана тынчсыздануусу менен күрөшкөн. Ал эми сыйлыктардын баары оорукана жетекчилерине ыйгарылган. Учурда да үй-бүлөлүк дарыгерлер элди эмдөөгө көндүрүп, эмдөө борборлорун ачып, кеңселерде, соода борборлорунда, базарларда иштешсе, беркилердин колдоочулары биринчи медициналык-санитардык жардамга каршы саясий чечимдерди кабыл алууда.
Бүткүл дүйнө пандемиядан сабак алып, биринчи медициналык-санитардык жардамдын медайымдарына инвестиция салууга үндөйт. Анткени медициналык кызматкерлердин жарымынын көбүн медайымдар түзүп, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлинде, өзгөчө баштапкысында негизги ролду ойнойт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) COVID-19дун саламаттыкты сактоо тутумуна тийгизген таасири боюнча алдын ала изилдөөсүн жарыялаган. Эксперттер дүйнөнүн беш аймагында жайгашкан 105 өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде өз корутундусун чыгарышкан. 2020-жылдын мартынан июнь айына чейин дээрлик ар бир өлкө (90%) саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүдө үзгүлтүккө учураган. Кирешеси төмөн жана орто өлкөлөр эң чоң кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошону менен бирге өлкөлөр кирешесинин деңгээлине карабастан медициналык биринчи жардамды чыңдоону тездеткен. Мисалы, COVID-19 пандемиясы Европа аймагындагы БМСЖ (биринчи медициналык жардам)секторун өзгөртүүнү тездетип, ал тармак өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүүгө да, маанилүү кызматтарды көрсөтүүгө да салым кошо аларын көрсөткөн.
Бюджеттин негизги бөлүгү ооруканага жумшалат
Саламаттыкты сактоо министрлиги тескери кеткен, бардык райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору аймактык ооруканаларга бекитилген. Бул акчаны үнөмдөп, Бишкектен борборлоштуруп башкарууга ыңгайлуу болушу үчүн жасалган имиш...
Эми табияты такыр келишпеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын мындай айкалышы кандай кесепеттерге алып келерин карап көрөлү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору ооруну алдын алуу, үй шартында аныктоо жана дарылоо, ооруканалардын жүгүн азайтуу максатын көздөйт. Башка жагынан алып караганда, ар бир дарыланган бейтап үчүн ооруканалар каражат алышат. Андайлар канчалык көп болсо, оорукана ошончолук көп каражат "табат". Бирдиктүү мекемеде оорукана жеңерин, божомолсуз эле билсе болот. Жалпысынан өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунда бюджеттин негизги бөлүгү ооруканага жумшалат. Ошол сыяктуу эле, биргелешкен мекемелерде биринчи медициналык-санитардык жардамдын үлүшү азайып, кыйынчылык менен түзүлгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору өз алдынчалыгын жоготот. Бул нерсе калктын оорунун алдын алуу кызматын азыраак пайдаланышына алып келет. Ошол эле мезгилде ооруканага кайрылган бейтап көбөйөт. Ошентип, Кыргызстан 1996-жылкы реформага чейинки кейпин кийет. Ошол учурдагы элет калкы саламаттыкты биринчи медициналык кызматтарга жетүү жагынан дискриминацияга кабылган.
Жеткиликтүү биринчи медициналык-санитардык жардам тутумун курууга кеткен 25 жылдык аракеттерден кийин эмне үчүн мындай жапайы чечим кабыл алууга жол берилген? Пандемияда ооруканаларга болгон чабуулду укмуштуудай күч-аракет менен биринчи медициналык жардам токтотту. Анда эмнеге ушундай чечим кабыл алынган? Бул суроонун жообу биринчи макалада берилген. Кыргызстан үчүн пандемиянын биринчи сабагы – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш жүзүндө жоктугу. Жергиликтүү бийлик органдары элдин кызыкчылыгын коргой албаганда, борбордук органдын кызыкчылыгы үчүн, башкарууга ыңгайлуу чечимдер кабыл алынганда ушундай болот.
Пандемиянын экинчи сабагы биринчи сабак менен чырмалышкан: биринчи медициналык-санитардык жардам сектору ден соолуктун негизи болуп саналат. Ал коомдук саламаттык сактоо тутуму менен аралашкан. Аны тиешелүү саясий, административдик жана финансылык ыйгарым укуктарга ээ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруш керек. Кыргызстан пандемиядан сабак алып, тыянак чыгарбай, бүткүл дүйнө жасаган аракеттерден тетири кетип жатат.
Үчүнчү макалада жеке сектор заманбап саламаттык сактоо тутумунун ажырагыс бөлүгү катары каралат.
Бурул Макенбаева, саламаттык сактоо боюнча эксперт
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.