Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

«Депутаттар коомдун көңүлүн оорутту...»


Райымбек Матраимов уюштурган иш-чарага барган депутаттар.
Райымбек Матраимов уюштурган иш-чарага барган депутаттар.

Жогорку Кеңештин төрагасы менен жооп топ депутаттар, өкмөт башчынын биринчи орун басары ж.б. саясатчылар Кара-Суудагы спорттук иш-чарага көчүп барышы кызыл чеке талкууну жаратууда.

Саясий элитанын коом алдында кандай саясий, моралдык, этикалык жоопкерчилиги болушу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев, Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова жана коомдук ишмер Кадыр Кошалиев катышты.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, Жогорку Кеңештин төрагасы, жооп топ депутаттар, биринчи вице-премьер-министр баштаган ондогон мамлекеттик жетекчилердин Кара-Суу районундагы спорттук иш-чарага катышуусу эмне үчүн мынчалык кызыл чеке талкууну жаратууда? Анын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: - Биз так жана даана эле айтышыбыз керек. Депутаттын негизги милдети – эл менен жолугушуу, алардын суроолоруна жооп берүү, аларга өз иши тууралуу отчет берүү. Бирок регламент боюнча депутат каалаган учурда, каалаган жерге, бардык эле иш-чараларга катышууга укугу жок. Жуманын кайсы күнү депутат кандай иштер менен алек болот – анын баары регламентте баары жазылуу.

Кечээги Кара-Суудагы иш-чара боюнча айтсак, ал жерде регламент бузулду. Анткени депутаттар кечээ жакында эле шайлоочулар менен жолугушуп келген.

«Азаттык»: - Депутаттар «эл менен дем алыш, майрам күнү жолуктук» деп жатышпайбы?

Каныбек Осмоналиев: - Менимче, депутаттар эл менен жолугушуу үчүн барбастан, Кара-Суудагы иш-чарага гана катышуу биринчи планда болгону көрүнүп эле турбайбы. Мен өкүнүү менен белгилейм - ал жерге парламент төрагасынын катышуусуна эч себеп жок болчу.

Ал эми бул спорттук иш-чарага барган депутаттардын талкууга түшүп жатышы - Матраимовдордун резонанстуу фигураларга айланып калгандыгында. Райымбек Матраимовдун ишин президенттин тапшырмасы менен атайын текшерип жаткан учурда, ак-карасы билине электе коомдун көңүлүнө дароо илинип жатат.

Маселе спорттук иш-чаранын өтүшүндө эмес, ага катышкан жетекчилердин моралдык, этикалык жоопкерчилигинде. Спикер - мамлекеттин экинчи адамы. Ал кишинин эс алганы, майрамдаганы да протоколдун жобосуна ылайык болушу керек.

«Азаттык»: - Бактыгүл айым, аталган иш-чарага катышкан депутаттар «дем алыш, майрам күндөрү каалаган нерсеге катышабыз» деген жоопторду беришти. Мамлекеттик протоколдо парламент спикери, өкмөт жетекчилери кандай деңгээлдеги иш-чарага барыш керек, кайсы жерде отуруш керек деген жоболор барбы же ар ким каалаганын кыла береби?

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Бактыгүл Каламбекова: - Кыргызстанда «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам бар. Ошол мыйзамдын аткарылышын көргөзө турган, көзөмөлгө ала турган ушул парламент, ошол депутаттар.

Андан сырткары «Мамлекеттик кызматкердин этикасы» деген кодекс бар. Ал жерде да баары жазылган. Анын бир жеринде «мамлекеттик кызматкердин этикасы майрам күндөрүнө, дем алыш күндөрүнө да тиешелүү» деп жазылып турат. «Мен саат алтыдан кийин, майрам күндөрү каалаганымды кылам» деген болбойт. Ошондуктан бул жерде депутат, өкмөт мүчөсү тарабынан да мамлекеттик кызматкердин этикасы бузулган.

«Азаттык»: - Кадыр мырза, депутаттардын бир тобу «биз Матраимовдорго барган жокпуз, шайлоочулар менен жолугушууга бардык» дешти. Чын эле андан эмне кине таап жатабыз? Депутаттын ага укугу бар... Же маселенин төркүнү башка жактабы?

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Кадыр Кошалиев: - Кептин баары мында: президент өзү фискалдык органдарга тапшырма берип, текшертип жатканда, ага карабай коомчулукта артынан көп сөз ээрчиген Райымбек Матраимовдун феномени жөнүндө. Эгер депутаттар кайсы бир жөнөкөй адамдын жакшылыгына катышып келсе коомчулукта мынчалык талкуу жаралбайт болчу. Талаш-тартыштуу маселе бир жаңсыл боло электе депутаттардын көчүп барганы таң калычтуу.

Ошол эле мезгилде, мындан беш күн мурда өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү маселелерди талкуулаган курултайга депутаттарды, өкмөт өкүлдөрүн чакырдык эле, бири да басып келген эмес. Кечээ жамгыр жаап жатканына карабай уран маселесин көтөрүп эл көчөгө чыкты эле, бийликтен бир да киши чыгып угуп койгон жок. Ал эми волейбол ойногон спорттук иш-чарага, тойго баары көчүп барып эт жеп отурушат.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, «бир эле учурда азыркы бийликтин көп жетекчилеринин аталган иш-чарага барышы - айрыкча артынан көп сөз ээрчиткен Райымбек Матраимовду коом алдында колдоо жана реабилитациялоо» дегендер да болду. Сиз ага кошуласызбы?

Каныбек Осмоналиев: - Бул пикирге ар бир аң-сезимдүү адамдар кошулбай коюшу мүмкүн эмес, анын ичинде мен да бармын. Эгер алар элди, коомду сыйласа агасы Искендер иниси Райымбекке «сага бул иш-чарага катышууга болбойт, азырынча сен көрүнбөй тур» деп айтпайбы! Тескерисинче, Райым алдыңкы катарда депутаттардын курчоосуна отурбайбы…

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Депутат Матраимовго эмес, шайлоочуга бардыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:18 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG