Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөр кенин убактылуу башкарууну кыргыз өкмөтүнө берди.

Парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

17-майдын кечинде Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясы кенди көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керектигин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд Компани" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян үчүн айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

16:42 17.5.2021

Кыргызстан Кумтөр боюнча соттошууларда утулуп калса жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот. Бул тууралуу 17-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету парламенттин кезексиз жыйынында талкууланып жатканда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:

Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Жоопкерчилик кимде болот? Ким жооп берет? Комиссия, парламент, өкмөт, президент же баарыбызбы? Тескери кетип калышы мүмкүн да” деген суроосуна жооп берип жатып Жапаров “Азыркы иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлигинин башында президент турат. Демек, президент, анан министрлер кабинети жооп берет буга” деп билдирди:

“Аткаруу бийлигинин башында болгондон кийин бардык милдетти, жоопкерчиликти өзүмө алам деп жатат. Биз колубуздан келсе аракет кылып, жардам берели деп жатабыз. Министрлер кабинетинин башчысы жооп бериши керек, ошо соттошот да”.

Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын баяндамасы угулууда.

15:11 17.5.2021

Эгер кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылат. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, быйыл «Кумтөр Голд» компаниясынан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган, донорлорго кайрылуудан тышкары башка да жолдор каралган:

«Эгер биз утулуп калган вариант боло турган болсо жетпей калган ошол 10 миллиардга жакын акчаны башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек. Биринчи кезекте донорлор менен иштемей. Экинчи вариант - мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу».

Кармышаков билдиргендей, 1993-жылдан бери Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 80,5 млрд сомдой акча түштү.

14:37 17.5.2021

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия бир топ жетекчилердин жана кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу 17-майда комиссиянын отчету парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында каралып жатканда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров парламент жыйындан кийин кабыл ала турган токтом:

"Келишимге кол койгон президенттердин, премьерлердин тизмеси, Экотехинспекциянын ошол убактагы директорлору, 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки баары, төрт пайыз салыкты албай, жыл сайын кол коюп берген Салык инспекциясынын директорлору, «Центерра Голд» ишканасынын директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын мүчөлөрү, "Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагаларынын баарына чет элдик компаниянын кызыкчылыгын колдогону үчүн баа берүүнү өтүнүп укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага жиберип атабыз”.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

13:41 17.5.2021

"Kумтөр Голд" ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө адистер ага даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Парламент бүгүн саясий чечим кабыл алып колдоп берсе биз финансылык жактан даярбыз. Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 млн долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары "Кыргызалтын" ишканасына 25 млн доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн. Укук коргоо органдары менен да коопсуздук жагынан иштеп жатабыз. Бешинчи күнү чет жактан өчүрүү болду. Азыр бул боюнча да иштеп жатабыз".

Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди. Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG