Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:39
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

11:48 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги сейил бактардын жери менчикке берилип кеткенин айтты. Борбор калаада жети бакты калыбына келтирүү иши жүрүп жатканын билдирди.

11:55 25.12.2019

ЭлТР, "Майдан", 7-каналдын журналисттерине микрофон берилди.

7-каналдын журналисти коррупция менен күрөш жана кинорежиссер Болот Шамшиевге тирүүсүндө берилбей калган Кыргыз эл баатыры наамын берүү боюнча сурады.

ЭлТР Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу маселесине, "Майдан" гезитинин журналисти Нургазы Анаркулов сөз эркиндигинин абалына кызыкты.

12:00 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат деп атышат. Андай болгон жок. Коррупция менен күрөш кыйын экенин жон терим менен сезип жатам. Мага да команда керек. Ар кандай схемаларды жоюп, соттор, прокурорлор, милициялар камалып жатат. Күрөш жүрүп жатат. Укук коргоо органдарында, сотто болгон коррупциялык иштерге каршы күрөшкүлө деп багыт бердим. Жыйынтыктар болот.

12:09 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Чек араны Өзбекстан менен тактоо иши жакшы кетип жатат. Келишимдин 85 пайызына кол коюлду. Өкмөт башчылары жолугушту. Бул жаатта иштердин жакшы кеткени өзбек президенти Мирзиёевдин салымы деп билем. Тажикстан менен оор болуп жатат. Эки жыл мурда сүйлөшүү токтоп калган. Биз эми тажик президенти менен сүйлөшүүнү баштадык. Алмашчу жерлерди алмашалы, чек араны чечели, эл менен кеңешели деп жатабыз. Иштер жүрүп жатат, бирок биз каалагандай болбой жатат. Чек ара маселесине этият мамиле кылышыбыз керек. Мен бул маселе боюнча күндө иштейм. Баткенден кабар алып турам. Ачыгын айтканда, минада отургандай эле болуп жатабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG