Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:09
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

12:12 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Сөз эркиндиги боюнча биздикиндей эркиндик көп жерде болбосо керек. Каалагандай жазып атасынар, эч ким тыйган жок. Мен ЖМК эркиндигин коргойм, коргоп келгем. Бирок эркиндик дагы абдан чоң жоопкерчилик. Аны ар ким эле көтөрө албайт. Эң негизгиси ар бирибиз мыйзамды так сактаганды үйрөнүшүбүз керек.

12:15 25.12.2019

5-каналга, "Азаттык" радиосуна, "Кабар" агенттигине микрофон берилди.

12:20 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо калыс, адилет болот. Эл кимге добуш берсе, ошол адамдар келет. Шайлоого жакын бардык саясий күчтөр аракет кыла баштайт. Бардык мүмкүнчүлүктү колдонушат. Бирок мен шайлоону калыс өткөрүүгө аракет кылам. Мен азыр партияда эмесмин. Мурдагы партиялаштарымды көрүп жүрөгүм сыздайт. Алар мага "эмне кылабыз?" деп келип жатат. Мен аларга "мага ишенбегиле, мурдагыдай каражат бере албайм. Өзүңөр аракет кылгыла" деп айтып жатам. 9% чек боюнча маселени келе жаткан жылы карап чечебиз. Болбосо бул маселе саясатчыларды, коомду бөлө тургандай. Парламентте каралып, чечилиши керек.

12:24 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Бажы көйгөйү эл аралык маселеге айланып кетти. Мен коррупцияны жоё албасам да, аны кыскартуу аракетин көрүп жатам. Органда иштегендер таза болсо, коррупцияны жеңүү оңой. Таза болбосо жеңүү кыйын. Бул көйгөйдү санариптештирүү жолу менен жеңүүгө аракет кылып жатам. Элетке барганда эл бетке айтып, коррупция менен күрөшүү талабын коюп жатышат. Бажы тармагы бизде эле эмес бардык өлкөлөрдө кирешелүү тармак. 90-жылдардан бери майталкандын, коррупциянын уюгу болуп келген. Менин максатым - бажыда болобу, салыкта болобу ошол "кошелекторду" жоготуу. Мен да тарыхты көрүп жатам. Кийин эл алдында жүзүм жарык болсун.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG