"Клооптун" журналисттери президенттин катчысынан микрофон берүүнү сурап жатышат.
Сооронбай Жээнбеков: "Маариф" кийинки жылы келишимге кол коюлгандан кийин келип иштей баштайт. Билим берүүдө да атаандаштык болушу керек.
Сооронбай Жээнбеков: Мен кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө болчу. Алардын тарапкерлери мага маселе коюп жатышты. Кээ бирлери сот чечими менен чыкты. Мен азыр популисттик кылып сотко айтсам, туура эмес болот. Садыр Жапаровдун иши мыйзам чегинде чечилиши керек. Арыз бериптир каралып жатат, ал кандай чечилет кийин угасыңар...
"24.kg" маалымат агенттиги "Шайлоодо сиздин иниңиз, кудаңыз барбайбы?" деген суроо узатты. Жээнбеков журналист Асел Оторбаевага "Ар бир адам өзү чечет. Мен бул маселе боюнча сүйлөшө элекмин. Алардын конституциялык укугун чектей албайм. Убактысы келгенде өздөрү чечет", - деген жооп кайтарды.