Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

13:21 25.12.2019

"Мен мамлекет үчүн эмне кылдым?" деген суроону ар бир адам өзүнө бериши керек, - деди Жээнбеков.

13:18 25.12.2019

13:18 25.12.2019

"Факты кgнин" жамааты президентке диплом тапшырды.

13:12 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев 90-жылдары элден суурулуп чыгып, демократия орношуна салым кошкон адамдар. Элге жагабы же жакпайбы оюн айтышты. Ошон үчүн сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Азимбек Бекназаров кошулган. Ал дагы элге жакса-жакпаса да оюн айтты. Идея үчүн күрөштү. Ага элчилик кызматты мен өзүм сунуштагам. ТИМдин бул жерде күнөөсү жок. "Ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, ошол энергияңды элчиликке жумша" дедим. Малайзияга барганда жакшы иштеп берет деп ишенем. Ал кызматты таштап кетип калышы да мүмкүн. Бирок антпейт деп ишенем. Жакшы идеясы болсо биз аны оппозиция же позиция деп бөлбөй ишке тартабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG