Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:52
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

13:08 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: - Президент болгондон бери канча айтса да мен бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги, бүтүндүгү абийиримен да, тагдырыман да бийик турат. Көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрүп жаттыңар. Мамлекетти экиге бөлгөнгө, бийликти басып алганга чакырыктар болуп жатты. Баарына чыдадым, “эми токтоор” деп күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип салды. Маселе эми мыйзам чегинде чечилет. Ал азыр менин колумда эмес. Ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Парламент саясий баасын берди, ага кошумча айта албайм. Бул маселе менин да жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот, оңой эмес. Мен эми бир топ адамдардын эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм. Келечекте мени эмне күтөт, Кудайдын колунда, - деп жооп берди Сооронбай Жээнбеков "Кактус медианын" суроосуна.

13:04 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Бизде эң көп айлык алгандар бул мугалимдер болушу керек. Бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Шайлоодо да бул тууралуу убада бергем. Кудай кааласа ишке ашырабыз.

12:56 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Жумушчу орундары түзүлбөй жатат. Мунун айынан миграция күчөдү. Аймакты өнүктүрөлү дегеним ошондон. Биз кеткендерди кайтара албайбыз, бирок бул жактагы жаштарды кармап калышыбыз керек. Аларды иш менен камсыздоо зарыл. Аймактагы жашоону жакшыртсак, балдарыбыз келе баштайт. Сүт заводдору ар бир жерге курулса дейбиз. Курам дегендерге Орус-Кыргыз фондунан каражат берүүгө даярбыз.

Мен деле тышка барганда мекендештер менен жолугуп атам. Жапонияда бир жигит Бажы маселеси боюнча суроо берди. Сыртта мыкты балдарыбыз жүрөт. Ошолорго жардам берүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Буюрса, быйыл дагы август айында жолугабыз. Мекендештер форумун ошону үчүн түзгөнбүз. Кош жарандык боюнча сүйлөшүү болуп жатат азыр. Бир мамлекеттеги жарандарга берсек, анда экинчи мамлекетте жүргөндөргө да берүү керек. Алар Кыргызстанда турак жай, жер сатып алуу маселеси көтөрүшкөн. Эксперттер бул маселенин үстүнөн иштеп атат. Биз азыр аларга кредит же жер бере албайбыз. Бирок иштешине мүмкүнчүлүк түзө алабыз.

12:50 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз-кытай кызматташтыгы үчүн абдан жакшы жыл болду. Мен мамлекеттик сапар менен барып келдим. ШКУнун саммити бизде өттү. Ошонун алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин да келди. 7 млрд. доллардык келишимге кол коюлду. Кытай биздин жакын коңшубуз. Инвесторлордун сап башында турат. Чоң долбоорлорду каржылоого да салым кошуп жатат. Эки тараптуу кызматташтык жогорку деңгээлде деп айта алам.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG