Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

12:42 25.12.2019

Феминналеде жылаңач аялды чыгарууну аялзатын кемсинтүү деп ойлойм. Айрым эксперттер чыгып алып "Кыргызда мурда төө чечмей болгон" деп айтышты. Бул деген мазактоо да. Өткөндө музейде Сүймөнкул Чокморовдун көргөзмөсү ачылганда баргам. Мира Жангарачева музейге ремонт керек экенин айткан. Жертөлөсүнө чейин кирип көргөм. Ремонт керек деген сунушун колдогом. Анан ушундай иш болуп кетти. Эми жаңы жетекчи шайлашты. Ишти алдыга жылдырат деп ойлойм.

12:39 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Соттор мыйзамдан, мыйзамдан болбосо кудайдан коркушу керек. Насирбек Алмаматовдун иши канча эмгекке доо кетирди. Аны кармаш үчүн кылган мээнеттин баары жокко чыкты. Жакында баш прокурор менен жолугам. Бул маселени көтөрөм.

Матраимовдордун доосу тууралуу Араб Эмираттарында жүрүп уктум. Ошол жерден бул актануубу же акча өндүрүүбү деп сурадым. Актануу болсо азыраак сумма койсо болмок экен. Мен жана айткандай, сөз эркиндигин коргойм. Сөз эркиндиги болушу керек.

12:32 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Образдуу айтканда Раим деп жатпайсыңарбы, андайлар ондоп-жүздөп чыгат. Бажы кызматында иштегендердин жөнөкөй жашаганын көрдүңөрбү? Биринен бири ашат. Райымбек Матраимовдун маселесин мага чейинки коррупционерлердин саясий технологдору мага жабыштырганга аракет кылып жатат. Эл да талап кылып жатат, силер дагы бердиңер. Дагы билгениңер болсо келгиле. Бул тууралуу айткандар келип, юридикалык жактан бекемдеп берсин. Азыр ошол процесс жүрүп жатат. Менин маалыматым боюнча эки депутат, Райымбек Матраимов өзү, Ширин Айтматова тергөөгө келип кетти. Бул боюнча маалыматтар 13 мамлекетке жөнөтүлдү. Кандай саясий иш болбосун мен аркылуу чечилиши керек. Бажы кызматын толук фискалдаштырып, санарипке өткөрүп жатам. Орусиянын президентинин жардамы менен жасап атам бул ишти. Менде "кошелектор" жок. Алты жерге сканер койдурдук. Аны койдуруу да оңойго турбады. Эркечтемга да, Торугартка да камера коюлду. Бажыдан өткөн жүктүн баары ачык көрүнүп тургандай кылабыз. Салык кызматын да санариптештиребиз. Күчтөп болсо да киргизебиз.

12:24 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Бажы көйгөйү эл аралык маселеге айланып кетти. Мен коррупцияны жоё албасам да, аны кыскартуу аракетин көрүп жатам. Органда иштегендер таза болсо, коррупцияны жеңүү оңой. Таза болбосо жеңүү кыйын. Бул көйгөйдү санариптештирүү жолу менен жеңүүгө аракет кылып жатам. Элетке барганда эл бетке айтып, коррупция менен күрөшүү талабын коюп жатышат. Бажы тармагы бизде эле эмес бардык өлкөлөрдө кирешелүү тармак. 90-жылдардан бери майталкандын, коррупциянын уюгу болуп келген. Менин максатым - бажыда болобу, салыкта болобу ошол "кошелекторду" жоготуу. Мен да тарыхты көрүп жатам. Кийин эл алдында жүзүм жарык болсун.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG