Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

12:00 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат деп атышат. Андай болгон жок. Коррупция менен күрөш кыйын экенин жон терим менен сезип жатам. Мага да команда керек. Ар кандай схемаларды жоюп, соттор, прокурорлор, милициялар камалып жатат. Күрөш жүрүп жатат. Укук коргоо органдарында, сотто болгон коррупциялык иштерге каршы күрөшкүлө деп багыт бердим. Жыйынтыктар болот.

11:55 25.12.2019

ЭлТР, "Майдан", 7-каналдын журналисттерине микрофон берилди.

7-каналдын журналисти коррупция менен күрөш жана кинорежиссер Болот Шамшиевге тирүүсүндө берилбей калган Кыргыз эл баатыры наамын берүү боюнча сурады.

ЭлТР Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу маселесине, "Майдан" гезитинин журналисти Нургазы Анаркулов сөз эркиндигинин абалына кызыкты.

11:48 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги сейил бактардын жери менчикке берилип кеткенин айтты. Борбор калаада жети бакты калыбына келтирүү иши жүрүп жатканын билдирди.

11:43 25.12.2019

"Элдик медианын" журналисти саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу сурап, шайлоонун алдында ага убада кылган 25 суроо качан берилерине кызыкты.

Буга Сооронбай Жээнбеков "25 суроону менин бергеним туура эмес болот. Аны тергөө органдары берсин" деген жооп узатты.

Бабановдун мисалы чоң саясат менен бизнестин аралышып кеткенинин эң чоң үлгүсү экенин айтты.

"Бабанов шайлоодо мага негизги атаандаш болгон, кийинки өлкөдөн чыгып кеткен. Ага да менин атымды аралаштырганга аракет кылышты. Анын партия лидерлигинен кеткенин сыртта жүрүп уктум. Ал киши тууралуу башка сөздү айтканым туура эмес болуп калат", - деп сөздү жыйынтыктады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG