Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбековдун жыйыны: Матраимов, "капчык" жана Атамбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында журналисттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди.

11:40 25.12.2019

"Пирамида" каналынын журналисти президентке жакында Ташкентте өткөн жыйында көтөрүлгөн суу маселеси боюнча суроо берди.

- Борбор Азияда үч мамлекетке сууну биз беребиз. Биздин суу берип жаткан гидротехникалык курулмаларды чогуу пайдалануу, ким канча көлөмдө суу алса, ошончо төлөшү керек деген маселени койдум. Казакстан Таластагы Киров суу сактагычы үчүн мурда 75 миң теңге төлөп келсе, аны 150 миң теңгеге чейин көтөрдүк. Бул Кочкордогу Орто-Токой суу сактагычына, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына (Кассан-Сай) да тиешелүү, - деп жооп берди Сооронбай Жээнбеков.

11:35 25.12.2019

11:34 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция жөнүндө айткан жаранды коргоо иши башталды. Күрөш токтобойт, уланат. Антикоррупциялык саясатты жаңылоо боюнча тапшырма берилип, учурда Коопсуздук кеңеши даярдап жатат. Коррупция менен күрөштө ЖМКнын эмгегин жогору баалайм. Бардык ЖМКда чыккан маалыматтарды карайм, ал боюнча иштеп жатышат.

11:30 25.12.2019

Сооронбай Жээнбеков: Мурдагы репрессивдүү мыйзамдар жокко чыгарылып, сот залдарын аудио, видео жазуу менен камсыздоо иши башталды. Азыр 86 зал мындай жабдыктар менен камсыздалды. Коррупция менен күрөш жаатында Коопсуздук кеңешиндеги чечимдер аткарылып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG