Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20
Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.

Жапаров УКМКга караштуу кызматты жоёт

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ишкерлер бийлик өкүлдөрүнө бир топ көйгөйлөрүн айтышты.

Садыр Жапаров: Мындан ары мыйзамдарды, буйруктарды аткарбай, бюрократия, саботаж кылсаңар камалып кетесиңер. Элдин алдында айтып коеюн. Бюрократия болбошу керек. Буга чейин министрлер бизнесмендерди чуркатып жүрсөңөр, мындан кийин силер бизнесмендердин артынан чуркайсыңар. Заман өзгөрдү, эски заманды унуткула. "Аркабыздан эки-үч күн чуркатсак, 5-10 миң долларды чөнтөккө сала коет" деген психологиядан кеткиле.

Рахатбек Ирсалиев, ишкер: Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 70% эл, 30% өндүрүш колдонот экен. Муну менен эмнени айткым келет? Электр энергиясы болбосо өнүгүү жок. Жана 25 млн. долларлык, эки жылда бүтө турган, 18 мегаваттык, жылына 110 млн. киловатт саат өндүрө турган Каракөл ГЭСи тууралуу сөз болду. Ал ГЭСтин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында турганына он жылдан ашып кетти. 2010-жылы Чакан ГЭСтин курамынан Мүлк фондуна 46 млн. сомго баалап туруп өткөрүп салышкан.

Мындай долбоорлорду ишкерлердин күчү менен курса болот. Кыска мөөнөттө чакан ГЭСтерди иштетүү үчүн биринчиден чакан ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн тариф коюлуп берилиши керек. Экинчи маселе - Улуттук энергохолдинг тарабынан 100% кепилдик менен өндүрүлгөн электр энергия сатып алынышы керек.

Биз ишкерлер кепилдик коюп, финансылык уюмдардан каражат алып чакан ГЭСтерди бир жылда курсак болот. Камбар-Атаны салыш үчүн ондогон жылдар кетет. Эң негизгиси мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпейт. Күйсөк биз күйөбүз.

Мен Энергиянын кайра жаралуу булактары тууралуу мыйзамына өзгөртүү-толуктоо сунушун бердим эле. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок.

Садыр Жапаров: Ноябрь-декабрь айларында ошол кездеги министрди чакырып Рахат Ирсалиев менен көздөштүргөм. Келишим түз, өндүргөн энергияны сатып алгандай бололу дегем. Рахат Ирсалиев Чакан ГЭСтерден үчтү куруп алып. линияга кошо албай, кошсо энергиясын сата албай биткоин менен иштеп жүргөнүн билчү элем. Министрге 2 сом 90 тыйындан сатып алалы дегем. Сурасам, "болду келишим түзүлдү" деген. Рахат Ирсалиев кайрылганынан кайра сурасам, "түзүлгөн" деп моюнуна албайт. Министрдин алмашканынын бир себеби ушул болду да.

Садыр Жапаров энергетика министринин орун басарына кайрылып, бул маселени чечүү боюнча эки күндүк мөөнөт берди.

Аскар Салымбеков, ишкер: Өз акыбалыбызды эл аралык, жергиликтүү эксперттер менен изилдеп чыкканбыз. "Барс" деген өлкөнү өнүктүрүү алгоритимин иштеп чыкканбыз. Бул жерде биздин экономикабыздын абалына анализ жасалган.

Мамлекет катышкан жерге текшерүүчүлөр келе берип тажатат экен. 2004-жылы Аскар Акаев пионерлер үйүнүн аймагын Маданият министрлигине берип кетиптир. Ал эгемендик алган жылдары таштанды таштаган жайга айланып калган да. Үч футболдук талаа, жабык футбол залын, кичи футбол талаасын жасап, "Дордойдун" футбол академиясын түзүп койгонбуз. Маданият министри жыл сайын алмашат. Жыл сайын эле "бул жерге үй салмакпыз, театр салмакпыз" деп прокуратурага арызданышат. Мен ал жерге үй салган жокмун. Жыл сайын прокуратура келет, 15 жылдан бери эле текшерип жатышат. Ошол жерден футболчу балдар өсүп чыкты. Өлкө намысын коргоп атышат. Азыр бизнесмендерге психологиялык чабуул жүрүп, бизди эл душманы кылып салышты. Биз менен жыл сайын эки ирээт жолугуп турсаңыз, булар тоону томкорушмак.

Акылбек Жапаров, экономика министри: Биздин министрлик сунуш киргизип жатабыз. Таза суу, таштанды маселесин жергиликтүү бийлик өзү чечсин дегенбиз. Трансформация маселесин да бизнес долбоордун алкагында ишкерлер өзү чечсин деп жатабыз. Бирок мындан ары экологиялык талаптар бузулса, бир дагы бизнес иштебейт деп чечтик. Кумтөрдөн кийин ушундай чечимге келип жатабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG