Сүйүнбек Мамашев, ишкер: Кен казган компаниялардын салыгы жергиликтүү бюджетке калса биздин дагы жүзүбүз жарык болот эле. Жер кенин кеңейтүүдө ишти Бишкек аркылуу чечсек. Аларды алып кетип, чыгымын төлөп. Ошону акимчилик аркылуу чечилсе дегибиз келет.
Садыр Жапаров: Албетте залда отургандарга тиешеси жок. Бизнесмендердин арасында салыктарды убагында төлөбөгөн учурлар бар. Кечээ жакында Жылдыз Жакупова (Чолпон Жакупова-ред.) деген укук коргоочу эжекебиз "Бизнесмендер өлкөдөн кеткиле, мыйзам силерди коргой албайт" деп кыйкырып чыкты. Ушул жерден айтып коюшум керек, элге да маалымат жетиши керек. Балян деген бизнесменди жакшы билесиздер. Мамлекеттик банкка болор-болбос күрөө коюп, 2,5 млн доллар кредит алып кеткен. Бирок ушул күнгө чейин бир дагы процентин төккөн эмес. Бул деген мамлекетти алдап, банктын жетекчилери менен келишип алып мамлекетти алдап кетейин деген. Бирок УКМКнын күчү менен алып барып суракка алганда, банкирлер да пара алганын моюнга алган. Отуз жылдан бери ушундай тоноолор уланып келе жатат. Бул деген карапайым элдин акчасы.
Садыр Жапаров: Акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөдү. Ал арада маалымат мейкиндигинде ишкерлерге кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып жатат. Укук коргоо жана фискалдык органдардын тар кызыкчылыкты көздөгөнүнөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калганы тууралуу фактылар да жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда. Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарды дегени менен пландык эмес текшерүүлөр көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай текшерүүлөр укук коргоо органдарынын өтүнүчүнүн негизинде жүрүп жатканы айтылууда. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең иликтеп, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алганбыз.
Садыр Жапаров: Ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кепилдик берүүнүн олуттуу системасын түзөбүз. Түзбөсөк алар өлкө экономикасынан инвестиция салууга кызыкдар болбойт. Ишкерлер өз инвестициясынын корголушуна ишенүүсүнө шарт түзүү. Антпесе өлкөдөн капиталдын агып кетишин токтотуу мүмкүн эмес.
Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти камсыздоо зарыл:
1) Экономикалык субъекттерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берчү чараларды тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөбүздүн изоляцияда калышына жол бербөө. Соода жаатындагы өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү.
2) Экинчи милдет - мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана иш орундарын түзүү.
Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз. Ириде мамлекеттин бизнес чөйрөсүнө кийлигишүүсүн чечкиндүү түрдо кыскартабыз.