Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

11:19 28.1.2021

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий түрдө киришти.

Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңдей киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери чакырылганын маалымдаган.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген. Эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен тогузунчу жолу президенттик инаугурация өттү.

11:17 28.1.2021

Садыр Жапаров: Биз Азиянын Швейцариясы болууну кыялдандык эле.

11:11 28.1.2021

Садыр Жапаровго төш белгини жана штандартты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

11:10 28.1.2021

Инаугурацияны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ачты. Садыр Жапаров кудайдын жана элдин алдында ак иштей турганын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG