Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

11:07 28.1.2021

Шайланган президент Садыр Жапаров ант берүү үчүн инаугурация өтө турган Кыргыз улуттук филармониясына келди. Алгач филармониянын алдындагы Манастын эстелигине таазим этти.

10:41 28.1.2021

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин он чакты тарапташын жана аялы Айнура Сегизбаеваны Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткени маалым болду.

Бул тууралуу "Азаттыка" Сегизбаевдин тарапташтары маалымдады. Камакка алынган Сегизбаевди колдоо максатында таңкы саат тогуздан баштап бир нече адам филармониянын алдына пикетке чыгышкан. Аларды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткени айтылууда.

Шаардык ички иштер бөлүмү маалымат бере элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынган. 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болгон.

10:31 28.1.2021

Инаугурациянын башталарына саналуу мүнөттөр калды.

10:29 28.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG