Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

10:28 28.1.2021

10:25 28.1.2021

Жапаровдун салтанаттуу кызматка киришүүсүнө даярдык 21-январда башталган.

Бул күнү президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн.

Инаугурацияга даярдык үчүн баш калаанын борбордук көчөлөрүнүн жарым сааттай жабылганы автотыгындарды пайда кылып, коомчулуктун сынына кабылган. Андан тышкары инаугурация үчүн 10 млн. сом жумшала турганы да коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан.

Мындан кийин шайланган президент Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Жапаров инаугурация күнү Бишкектин жолдорун жаппай, иш-чараны жупуну кылып өткөрүү, 10 миллион сомдук чыгым сарптабоо тууралуу сунуш бергенин кабарлаган.

"Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу аны карап чыгып, ант берүү аземин ошол сунушка жараша өткөрүү боюнча чечим кабыл алат", - деген Анаркулов.

Бишкек. 28-январь, 2021-жыл.
Бишкек. 28-январь, 2021-жыл.

10:18 28.1.2021
Инаугурация өтө турган филармониянын алды.
Инаугурация өтө турган филармониянын алды.

10:16 28.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG