Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Кыргызстан ЕАЭБге нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясындагы министрлерин чакыртып алышы мүмкүн. Экономика министрлиги өкмөткө ушундай сунуш менен кайрылды.

Экономика министри Олег Панкратов чек арадагы чектөөлөрдү биримдиктин келишимине каршы келген, одоно көрүнүш катары баалап, жагдай жөнгө салынмайынча Кыргызстандын биримдиктеги өкүлдөрү ишин токтотуп, Бишкекке чакыртыларын айтты.

Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков Казакстан жүк өткөрүүгө тоскоолдук кылганы боюнча маселени Евразия экономикалык комиссиясы иликтеп, тыянак чыгара турганын билдирди.

Кыргызстандын жообу

Казакстан кыргыз-казак чек арасында 19-марттан бери эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ар бир жүк ташуучу автоунаадагы товарды катуу текшерүүнүн натыйжасында «Ак-Тилек» чек ара өткөрмөсүндө топтолуп кеткен автоунаалардын саны 250дөн ашканы белгилүү болду.

Экономика министрлиги чек арадагы кошумча текшерүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузуп, товарларды эркин алып өтүү принцибине каршы келерин эске салды.

Экономика министри Олег Панкратов чек арадагы чектөө биримдиктин ынтымагына шек келтирерин айтып, Кыргызстан буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып аларын билдирди:

Олег Панкратов.
Олег Панкратов.

«Бул - ЕАЭБдин шарттарын жөн эле одоно бузуу эмес. Бул - евразиялык интеграция идеясынын өзүн жаманатты кылуу. Ошондуктан биз өз ара кеңешмелерди өткөрүү аракетине, казак тарап абалды жөнгө салуу ниети бар экенин билдиргенине карабастан кырдаал жакшы жагына өзгөргөн жок деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу биз кандайдыр чечкиндүү чара көрүшүбүз керек. Адегенде биз Евразия экономикалык комиссиясындагы министрлерибиздин ишин токтотуп, алар менен чек арадагы абал тууралуу кеңешүү максатында кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш киргиздик».

Өз кезегинде Казакстан чек арадагы текшерүүлөрдүн күчөтүлүшүн үчүнчү өлкөлөрдөн кирген аткезчилик товарларын көзөмөлдөө аргасы катары түшүндүргөн. Буга байланыштуу Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрмөсүндө Кыргызстандан бараткан товарлардын документтерин текшерип, алардын бири-бирине дал келишин салыштыра баштаган.

Ошол эле кезде казак тарап Кыргызстанда өндүрүлгөн жана коштоп жүрүүчү документтери талаптарга ылайык туура толтурулган товарларды жүктөгөн автоунаалар чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатканын билдирген болчу.

Көмүскө бажы көзөмөлү

Анткен менен экономика министри Олег Панкратов казак тарап көмүскө бажы көзөмөлүн орнотуп, ар бир товарды кылдат текшерип, натыйжада кыргыз ишкерлери зыянга учурап жатканын белгиледи:

Евразия Экономикалык Биримдиги боюнча келишимдин негизги принциптери бузулду.

«Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети иш жүзүндө ачык айтылбаган, көмүскө бажы көзөмөлүн орнотуп алды. Анткени чек ара өткөрмөлөрүндө фискалдык-текшерүүчү органдардын кызматкерлери туруп алып, кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөн жүктү катуу кароого алышууда. Жыйынтыгында Евразия Экономикалык Биримдиги боюнча келишимдин негизги принциптери бузулду. Ошону менен бирге эле жүк өткөрүү кыйындап, биздин ишкерлер экономикалык жактан зыян тартып жатышат».

Комиссиянын иликтөөсү

Кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков Кыргызстандын ыйгарым өкүлдөрү чек арада жүктүн өтүшүнө тоскоолдук жасалган жана чектөөлөр коюлган жагдайга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү жөнөтүшкөнүн кабарлады. Анын айтымында, комиссия бул жагдайды иликтеп чыгып, жакын арада жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.

Алмаз Сазбаков.
Алмаз Сазбаков.

«Биздин Евразия экономикалык комиссиясындагы министрлер жөн эле отурган жери жок, - деди өкмөт өкүлү. - Ал жакта бул маселе көтөрүлүп жатат. Комиссия биримдиктин аймагында товарларды алып өтүүдө келип чыккан тоскоолдуктарды жана келишимдин шарттарына шайкеш келбеген жагдайларды иликтеп чыгып, тыянагын чыгарат. Бул боюнча кайрылуу жиберилди. Эми иликтөө башталса, анын жыйынтыгын күтөбүз».

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары жана мурдагы элчи Аскар Бешимов өз эсеби боюнча экинчи ирет кайталанып жаткан бул жагдай боюнча кыргыз өкмөтү ЕАЭБдин алдына маселе коё албай, кылчактап жатканын белгиледи.

Өкмөттүн өз позициясын ачык жана так аныктап бере албаган чабалдыгын сындаган Аскар Бешимов маселе биримдиктин алкагында чечилүүгө тийиш деп эсептейт.

«Бул жагдай - товарларды атайын эле өткөрбөөгө багытталган жасалма кырдаал. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзбөй эле өкмөт тез арада ЕАЭБдин алкагында маселе көтөрүшү зарыл. ЕАЭБдин аймагында бекитилген регламент боюнча иш жүрөбү же жокпу? Анан эми каалаган күнү чектөө киргизип, каалаган учурда аны чечип коё бере тургандай болбошу керек», - деди Аскар Бешимов.

Кыргызстан менен Казакстан - соода-экономикалык мамилеси илгертен түптөлгөн коңшулар эле эмес, экөө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Биримдик жумушчу күчүн жана товарларды эркин жүгүртүү мүдөөсүнүн негизинде түзүлгөн. Ага Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армения мүчө болуп кирген. Кийинки жылдары өнөктөштөрдүн ортосунда ар кимиси өз рыногун коргоого байланышкан чектөөлөр кирген учурлар биримдиктин келечеги тууралуу маселени күн тартибине чыгарууда.

«Ак-Тилекте» зарыккан айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG