2010-жылдагы июнь окуясында 474 адам каза болуп, эки миңге чукул адам ар кандай деңгээлде жараат алганы кабарланган. Окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 13ү ушул күнгө дейре табыла элек. Коога учурунда Ички иштер министрлигинин он кызматкери, атайын кызматтын бир кызматкери мерт болгон.
Июнь коогалаңынын сүрөттөрдөгү элеси
10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду.

1
Ош шаарына жакын жердеги айылдардын биринде кыйраган үйүнүн жанында ыйлап жаткандар. 16-июнь, 2010-жыл.

2
Ош шаарында өрттөнүп жаткан имараттын жанынан өтүп бара жаткан кишилер. 11-июнь, 2010-жыл.

3
Чопкутталган танктын үстүндө отурган жоокерлер топтошуп турган кишилердин жанынан өтүп бара жатышат. Ош. 11-июнь, 2010-жыл.

4
Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири. 11-июнь, 2010-жыл. Бул күнү Ош шаарына, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, түнкү саат экиден тартып коменданттык саат киргизилген.

5
Танктын үстүндө бараткан жоокерлер жана милиция кызматкери. 11-июнь, 2010-жыл.

6
Ош шаарындагы өрттөлгөн имарат.

7
Жалал-Абад шаарындагы Абсамат Масалиев атындагы көчөнүн коогадан кийинки көрүнүшү. 14-июнь, 2010-жыл.

8
Июнь коогасы учурунда Ош шаарынын үстүнөн көрүнгөн көк түтүн. 12-июнь. 2010-жыл.

9
Оштогу "Черёмушки" кичи районунун көчөлөрүнүн биринде атылган окту кармап турган бала. 21-июль, 2010-жыл.

10
Кыйраган үйүнүн короосунда ыйлап жаткан киши. Ош. 14-июнь, 2010-жыл.

11
Дайынсыз жоголгон жакындарынын сүрөтүн көтөрүп облустук бийликтин алдына чыккан адамдар. Ош, 18-июнь, 2010-жыл.

12
Кара түтүндүн кучагында калган көчөлөрдүн бири. Ош. 12-июнь, 2010-жыл.

13
Ошол кездеги өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштогу сапардан кийин. 18-июнь, 2010-жыл.

14
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош шаары. 14-июнь, 2010-жыл.

15
Жоокерлер Жалал-Абадда машинасына ок атылып каза болгон адамдардын тек жайын аныктап жаткан учуру. 17-июнь, 2010-жыл.

16
Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде өрттөнүп кеткен машине. 17-июнь, 2010-жыл.

17
Калаба учурунда өрттөнүп жаткан үй. Ош. 11-июнь, 2010-жыл.

18
Июнь коогасы учурунда айрым көчөлөргө коюлган тосмолор алынып жаткан учур. Ош. 20-июнь, 2010-жыл.

19
Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде турган милиция кызматкерлери жана шаар тургундары. 11-июнь, 2010-жыл.

20
Өрттөн кыйраган үйүнүн короосунда турган аял. Ош. 20-июль, 2010-жыл.