Анда өткөн сегиз айдагы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин текшерүү учурунда 64 кылмыш ишинин материалдары жок кылынып же катталбай калган фактыларды Ош шаардык прокуратурасы таап чыкканын Башкы прокуратуранын басма сөз борбору маалымдады. Ош шаардык милициясы бул маселе боюнча кызматтык иликтөө бүтө элек экенин, бирок аны бир жактуу айыптоо туура эмес болорун билдирди. Талдоочулар иштин материалдарын же далил заттарды жок кылуу аркылуу кылмыш иштерин жапкан өнөкөт жалаң эле милицияда эмес, прокуратура органдарынын өзүндө да бар экенин эске салып, бул үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маселесин көтөрүштү.
Ош милициясын текшерүүнүн жыйынтыгы
Башкы прокуратуранын басма сөз борбору тараткан учкай маалыматта жакында Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иштерин кароонун абалы боюнча текшерүү жүргүзгөнү көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Ош шаардык милициясынын тиешелүү бөлүмдөрү 2019-жылдын сегиз айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринен 64 кылмыш ишинин материалдарын жок кылып же каттоого албай койгону аныкталган. Прокуратура жок кылынган материалдардын ичинде мыйзам бузуу фактылары болгонуна карабастан, мыйзамга ылайык, андан ары чара көрүлгөн эмес деген тыянакка келген. Ал эми анда текшерүү учурунда кылмыш иштеринин материалдары кайда жок кылынганы аныкталбаганы көрсөтүлгөн.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева мамлекеттин кызыкчылыгына доо кеткенине байланыштуу анын жагдайлары тергөөгө өткөрүлүп берилгенин билдирди:
- Натыйжада мыйзам менен корголгон мамлекеттин кызыкчылыктары одоно бузулган. Ошого байланыштуу Ош шаарынын прокуратурасы аталган фактыларды Жазык кодексинин 320-беренесинин биринчи бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 331-берененин биринчи бөлүмү («Шалаакылык») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу Финансы полициясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Жоопкерчиликтин өзүнүн жообу бар
Прокуратуранын текшерүүсүнүн тыянагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө органдары мындан тышкары 264 материалды жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык башкармалыкка жибергени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен 60 материалда айыптууларга карата мыйзам бузуу протоколдору түзүлбөгөнү аныкталган. Бул маселе боюнча Ош шаардык жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакиров менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошондой эле бул кылмыш фактыларынын негизинде милициядагы кайсы жооптуу кызмат адамдары суралып жатканы да белгисиз. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков учурда бул иштер териштирилип жатканын кабарлады:
- Учурда прокуратура органдары бул боюнча тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биздин ички иштер органдары тарабынан да бул маселе боюнча ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыктары толук чыкмайынча, азырынча бир нерсе деп айтуу эрте. Толук текшерип, бул боюнча тиешелүү жыйынтыгын чыгарышсын. Бирок «ошол 64 ишти Ош шаардык милициясы жаап салган» дегендей пикир калыптанып жатат. Чындыгында андай эмес. Бул жерде биз прокуратура туура эмес кылып жатат деп айта албайбыз. Анткени биз анын көзөмөлүндөгү органбыз. Ошондуктан бул иштерди иликтөөнүн жыйынтыгын күтөлү.
Кызматтык кыянатчылыктын учуру
Ошол эле кезде айрым эксперт-талдоочулар тергөө органдарында иштин материалдарын жоготуу же атайылап жок кылуу аркылуу кылмыш иштерин жабуу өнөкөтү күч экенин белгилешти. Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев укук коргоо органдарындагы мындай терс көрүнүштөргө мурда катуу чара көрүлүп келгенин айтып, учурда андай нерселер көнүмүш көрүнүшкө адатка айланганын эске салды:
- Прокуратура органдары өздөрү деле көптөгөн кылмыш иштерин жоготуп же жок кылып жиберген учурлар болгон. Эгерде кылмыш иштеринин жоголуп кеткени боюнча маселе болсо, анда ал жөн эле шалаакылык. Ага да жоопкерчилик каралган. Албетте, материалдарды чындап эле жоготуп алуу баарынын башында болушу мүмкүн. Бирок атайылап иштин материалдарын жок кылышса - анда бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган чоң кылмыш. Анткени бул жерде кылмышты жөн эле жашыруу эмес, аны жок кылууга байланыштуу кылмыш тууралуу сөз болуп жатат. Биздин учурубузда тергөөчүлөрдүн арасында мындай окуялар сейрек кездешчү. Анын жазасы да абдан оор эле. Азыр эми биздин укук коргоо органдардагы мындай терс көрүнүштөр көнүмүш адатка айланып бара жаткандай.
Буга чейин укук коргоо органдарындагы, ал тургай прокуратура органдарынын өзүндөгү кылмыш иштери уурдалган, өрттөлгөн же жок кылынган учурлар катталган. Бирок талдоочулар ошол учурлар боюнча жооптуу жогорку кызмат адамдары кармалып, соттолгон учурлар абдан аз деп эсептешет.