Стратегиялык объектиде үч-төрт саат бою элди дүрбөлөңгө салган мындай окуялар өлкөдөгү коопсуздук маселесин эске салды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) стратегиялык объект болуп саналган Бишкектеги "Манас" эл аралык жана Ош аэропортунда “бомба коюлду” деп маалымат тараткандарды издеп жатат. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканына караганда, баштапкы маалыматтар боюнча билдирүү электрондук почтага чет өлкөдөн келген. Ушундан улам аэропорттор жана айрым стратегиялык объектилер милиция кызматкерлери менен бирге текшерүүгө алынды.
- Эки авиакассаны жана эки аэропортту текшергенбиз, - деди ал. - Ким жөнөткөнүн текшеребиз. Ушундай эле каттарды шериктеш өлкөлөрдүн башка мамлекеттерине да жөнөткөн. Азыр иликтеп жатабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.
Айрым тургундар социалдык тармактарда авиакассага жакын үйлөр, мекемелер да текшерилгенин, аэропорттон сырткары башка бир нече жайга жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат болушу ыктымал экенин жазышкан. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, аэровокзал, учактар жана башка бардык имараттар текшерилди.
5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына "Манас" аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. Бул маалыматты текшериш үчүн УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүп, эч кандай кооптуу зат табышкан эмес. Ошол эле билдирүү саат 18:46да "Ош аэропортунда жардыруучу түзмөк бар" деп кайра жиберилген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, иликтеп-текшерүү ишинин натыйжасында аэропорттон эч кандай жардыргыч түзмөк табылган жок.
Ушул тапта "Манас" жана Ош аэропорттору кадимки калыбында иштеп жатат. Аба майдандын басма сөз катчысы Алия Курбанова белгилегендей, бомбага байланыштуу кабардан улам Москва жана Новосибирск шаарларына уча турган жана ички каттамдар 2-3 саатка кечиккен. Жүргүнчүлөр менен кызматкерлерди кошкондо миңдей адам эвакуацияланган. Бул жагдай канча экономикалык чыгым алып келгени эсептелип жатат.
5-февраль күнү жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат Орусияда, Москва шаарынын бир нече жайларында да айтылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бала бакчалардан, соода борборлорунан, мектептерден 50 миңден ашуун киши эвакуацияланганын жазышты.
Кыргызстанда кээ бир мекемеге, соода борборуна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан. Мисалы, былтыр "Аккула" майданында шектүү зат табылып, ал танкка каршы коюлуучу мина экени аныкталган. Ага чейин бир нече соода борборлорунда бомба бар экени тууралуу телефон чалгандар болгон. Кийин алар жалган маалымат болуп чыккан.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев мындай маалымат тараткандарга катуу чара көрүү зарыл экенин айтты:
- Азыр жаңы технологиянын жетишкендиктерин колдонуп булар менен катуураак иштеш керек го. Электрондук почта аркылуу келди деп жатпайбы, аларды табыш үчүн УКМК иштеш керек. Балким жакшы эмес көз караштагы адамдардын атайын кылганы болушу мүмкүн.
Атайын кызматтын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов элди коркутуп, дүрбөлөңгө салуу кылмыш экенин белгиледи. Ошону менен катар бул кылмыштуу топтордун же экстремисттик уюмдардын кызыкчылыгы болушу ыктымал деген жоромолдорду да четке какпайт.
- Террористтик, экстремисттик уюмдардын негизги максаты бийликтен да коомчулукту коркутуп алуу. Андан кийин өз үстөмдүгүн жүргүзүп, идеологиясын таңуулоо аракеттери болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай уюмдар өз кишилери аркылуу атайын жөнөтүп коюшу мүмкүн дегенди жокко чыгарбайм. Экинчиден, кылмыш тобундагы адамдардын колунан келиши мүмкүн. Террористтик-экстремисттик кырдаал биздин аймакта курч экенин билебиз. "Ислам кыймылы" деген террористтик уюмдун көп мүчөлөрү Жакынкы Чыгыштан жер которуп Ооганстанга көчүп кеткенин билебиз. Ошондуктан коомчулук да, мамлекет да ушундай кырдаалга өз даярдыгыбызды көрүшүбүз керек.
Технологияны түшүнгөн адамга мындай маалыматты аты-жөнүн билгизбей жөнөтүп коюу кыйын эмес жана көп каражатты талап кылбайт. Маалыматтык технология боюнча адис Мундузбек Субановдун айтымында, каттын чет өлкөдөн келгени анык болсо аны табуу убакытты талап кылат.
- Мындай маалымат жөнөтүүгө көп аракеттин, чоң финансылык каражаттын кереги жок. Чет өлкөдө бир сервер алуу 5 доллар турат. Технологияны түшүнгөн адам болсо табыш кыйын эле болот. Азыркы программалар менен жөнөкөй студент деле үйдө отуруп, бир-эки кодду жазып кат жөнөтүп коёт. Алгач IP дарегин табыш керек, анын кайсы жакта жүргөнүн, ошол убакта кайда болгонун толук карап чыгыш керек.
Былтыр жарым жылда ушуга окшогон маалымат тараткан факты боюнча беш кылмыш иши козголгон. "Телефон террорчулардан" Бишкекте "бомба коюлганы" тууралуу улам бир маалымат түшүп, күч түзүмдөрүнүн тынчын алган учурлар боюнча кылмыш иштери козголгону менен азыркы учурга чейин алардын ким экени аныктала элек. Ошондой эле "телефон террорчулардын" кандай максат көздөгөнү жана алардын коомчулукка дүрбөлөң салуу аракеттери боюнча кандай илинчектери бар экени белгисиз. Кылмыш-жаза кодекси боюнча атайылап жалган маалымат тараткандар коомдук жумушка тартылып, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.