Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. "Азаттык" айрым азык-түлүктүн мурдагы жана азыркы баасын салыштырып көрдү.
Кендирди кескен кымбатчылык
Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8% өстү. Картошканын баасы 33,9%, кумшекердики 20,6%, тамак-аш майлары 19%, кой эти 14,2%, тооктун жумурткасы 13%, жер-жемиштер 12%, балык 5,1% жана нан 2,8% көтөрүлгөн.
Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. "Азаттык" айрым азык-түлүктүн мурдагы жана азыркы баасын салыштырып көрдү.
2021-жыл

мурун

"Мен 20 жылдан бери сабиз сатып иштейм, 20 жылдан бери сабиздин баасы биринчи жолу ушундай кымбаттап жатат. Сабиз өстүргөн дыйкандар түшүмүн Орусия менен Казакстанга сатып жатат. Анын үстүнө сабиз эң кеч бышкан жашылча. 90 күндө бышат. Жаңы сабиздер быша элек. Ошондуктан баасы өсүп, кымбаттап кетти", - деди атын атагысы келбеген сатуучу.
2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилген.
2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

2021-жыл

мурун

Азыр Бишкектеги күйүүчү май сатуучу жайларда АИ-95 бензини айрым жерлерде 54 сом 50 тыйын, айрым жерлерде 51 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 51 сом 90 тыйын, айрым май куюучу жайларда 50 сом 50 тыйындан, АИ-80 47 сом 50 тыйындан сатылып жатат.
Март айында эле АИ-95 бензини 42 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйындан сатылып жаткан. Ал эми 2020-жылдын ноябрь айында болсо АИ-95 бензини 36 сом 3 тыйын, АИ-92 бензини 31 сом 7 тыйындан сатылган. Дизел 33 сом 17 тыйын болчу.
2021-жыл

мурун
