Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

«Көкбөрү менен футболду гана карап калдык...»


Польшада ийгилик жараткан дзюдочулар.
Польшада ийгилик жараткан дзюдочулар.

Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Байге уткан балдардын кичүүсү беште, улуусу 10 жаштан ашкан.

«SameJudo CUP 4 2019» аталышындагы мелдеш Польшанын Марки шаарында 23-24-март күндөрү өттү. Ага алты жаштан 14 жашка чейинки курактагы 26 мамлекеттин жаш спортчулары катышты. Бул мелдешке Кыргызстандан 11 жеткинчек барып, өлкө намысын коргоду.

Беш жаштагы Эмирхан Абдуллаев эки жылдан бери дзюдого катышып келет. Эмирхан бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Польшада өткөн мелдеште алты жаштагылар арасында күрөшүп, 18 килограмм салмак ченинде алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык дзюдочулары мелдештен соң. Польша. 24-март, 2019-жыл.
Кыргызстандык дзюдочулары мелдештен соң. Польша. 24-март, 2019-жыл.

Мектепте окуй элек болсо да дзюдонун ыкмаларын так билип, атаандаштарын кантип жеңип алганын айтып берди.

Эмирхан Абдуллаев.
Эмирхан Абдуллаев.

- Апакем айтты. Мен машыктым. Польшага барганда турнир болду. Тиги бала иппонго түшүп утулуп калды. Кайра чыкканда көтөрүп чапсам, ыйлап калды. Анан мага медаль беришти.

Эмирхандан сырткары Эртай Күмөндөров (20 кг., 7 жаш), Адил Болотов (22 кг., 8 жаш), Баэл Исмаилов (22 кг., 9 жаш) да Кыргызстандын эсебине алтын медаль алып келишти. Күмүш байгелерди Нуртай Күмөндөров (23 кг., 7 жаш), Абдулазиз Жорготаев (20 кг., 7 жаш), Адиз Орозмаматов (36 кг., 14 жаш) алды. Адиз Орозмаматов 33 килограммга чейинки салмакта татамиге чыгып, коло байге алган. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду алды.

Жеткинчек дзюдочулар машыгуу учурунда.
Жеткинчек дзюдочулар машыгуу учурунда.

Нуртай менен Эртай Күмөндөров - белгилүү куудул, Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абыловдун неберелери. Эл артисти дзюдону балдарга пайдалуу жана келечеги бар спорттун түрү деп эсептейт.

- Менин төрт неберем тең дзюдого барат. Чоңдорун ээрчип, төрт жаштагы неберем да машыгууга бара баштады. Балдарына жакшы тарбия бергиси келген, балдарынын келечегин туура ойлогон адам дзюдо болобу, башкасы болобу балдарынан эч качан каражат аябашы керек. Булардын турнири башталгандан тартып, күтүп, көрүп жаттык. Сайтын издеп таап, баарын көрүп отурдук.

Күмөндөр Абылов сергек жашоо образына үгүттөгөн спортту массалык маалымат каражаттары жетишээрлик деңгээлде чагылдырбай жаткандыктан спортчулардын ийгиликтери менен көйгөйлөрү көңүл сыртында калып жатканын кошумчалады.

Күмөндөр Абылов неберелери менен.
Күмөндөр Абылов неберелери менен.

- Кыргызстандан барган команда Польшада командалык үчүнчү орунду алганы - бул чоң жетишкендик. Төрт алтын медаль алып келишти. Бул балдардын келечегине көңүл бурушубуз керек. Ушул балдар тууралуу көрсөтүш керек. Мисалы, КТР, НТС, "Спорт" каналдары көкбөрү менен эле чет элдик футболду гана көрсөтөт. Балдарыбыз жөнүндө көбүрөөк айтып, чыгылдырсак, келечектин спортчулары ушулар да.

Айканыш Аманова.
Айканыш Аманова.

Кыргызстанда балдар дзюдого беш жашынан баштап машыга алышат. Жеткинчек дзюдочулардын машыктыруучусу Айканыш Аманова акыркы учурда спорттун бул түрүнө балдарын бергендер көбөйгөнүн айтты:

- 200 баланы машыктыруу оңой эмес. Эртең мененки группада 70-80 бала бар. Түшкү группада 60-70 бала. Кечки тайпада кадеттер бар. Ал жакта да 30 чакты бала бар. Биз машыктыруучу катары карап, ким даяр болуп калса тажрыйба алсын деп эл аралык мелдештерге алып катыштырабыз. Кээде шыктуу балдар каражаты жоктугунан турнирлерге бара албай калат. Эл аралык мелдештерге баруу үчүн 14 жашка толо элек балдардыкын ата-энелери өздөрү каржылашат. 14 жаштан жогорку курактагы улуттук курама команданын мүчөсү болсо эл аралык мелдештерге катышуусу мамлекет тарабынан каржыланат.

Дзюдо федерациясынын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда тогуз миңден ашык киши дзюдо менен машыгат. Алардын 3 миңдейи расмий түрдө катталган спортчулар.

Дзюдо Кыргызстанда мамлекет тарабынан каржылоого артыкчылык берилген алты спорттун түрүнө кирет. Өлкө боюнча дзюдого машыктырган 40тан ашык клуб бар.

Кыргызстандык дзюдочу жеткинчектердин чеберчилигин сыноо үчүн Бишкекте жыл сайын эл аралык “Хан Манас” кубогу өткөрүлүп, ага коңшу мамлекеттердин алдыңкы дзюдочулары да катышып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG