Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:57

Ош: үгүткө чачылган акчанын изи иликтенет


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош шаарында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун атынан акча таратылган окуяны милиция иликтей баштады.

Териштирүүдөн соң иш сотто каралып, тийиштүү чечим чыгарылмакчы. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жаатта эч ким арыздана электигин айтууда. Талапкердин шайлоо штабы муну атайын уюштурулган чагым катары сыпаттап жатат.

10-октябрда интернетке тараган видеотасмада Ош шаарынын тургуну Шахрух Саиповго бир аял жана эркек акча сунуштап, президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоону суранышкан. Саипов алардын бул аракети мыйзамсыз экенин айтып, артка кайтарган:

- Алар белек сунушташты. Кандай белек экенин сурасам, миң сом экен. “Чай-пай ичип коёсуңар” дешти. Ал үчүн колундагы кагазга жазылган тизмеге кол коюшум керек экен. Мен алардын бул иши мыйзамсыздыгын, добуш сатып алуу болуп саналарын айттым. Президент таза шайлоо өткөрөбүз деп жатпайбы, ага жарандар жардам беришибиз керек дедим.

Шахрухтун айтымында, өздөрүн КСДП президенттикке сүрөгөн Сооронбай Жээнбековдун адамдарыбыз деп тааныштыргандар ал жашаган көчөдө жашоочулар менен жолугуп жүрүшкөн.

Бирок Жээнбековдун шайлоо штабынын өкүлү, КСДПнын Оштогу координатору Талипбек Козуев мындай көрүнүштөрдү атаандаштардын талапкерди каралоо аракети катары баалады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул видео боюнча иликтөө баштады. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков:

- Бул факт боюнча арыз түшө элек. Бирок видеону иликтеп жатабыз. Айта кетчү жагдай, добуш сатып алуу фактыларын иликтеп, чара көрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын жана соттун милдети. Ага карабай, биздин жетекчилик бул жагдайды иликтөөнү тийиштүү кызматкерлерге тапшырды.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров аталган видеодон кабары жоктугун билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев интернеттеги видео менен адистер таанышып чыкканын айтып, бирок бул боюнча эч кимден арыз түшө электигин билдирди.

Үгүтчүлөр акча таратпаганын айтып чыкты

Үгүтчүлөр акча таратпаганын айтып чыкты

Ошто добуш сатып алууга шектелип кармалган үгүтчүлөр милициянын мажбурлоосу менен көрсөтмө бергенин айтып чыгышты.

- Иликтенип, видеодогу окуя далилденсе, ага жараша чечим чыгарылат. Ал атайын уюштурулган чагымбы же чын эле добуш сатып алуубу, азырынча айтуу кыйын.

9-октябрда президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалган. 185 миң сом менен колго түшкөн Оштун эки тургуну күнөөнү моюнга алган видео интернетке чыккан. Бирок эртеси алар милиционерлердин опузасы менен моюнга алганын билдиришкен.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, үгүтчүлөр добуш топтоо максатында жарандарга акча сунуштоого, белек берүүгө жана ар түрдүү кызматтарды көрсөтүүгө акысы жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG