Бул жумада өкмөттөгү кеминде төрт жетекчи кызматтан кетти. 21-майда өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов кызматынан өз арызына ылайык бошотулду. Муну менен эле чектелип калбай, ушул эле күнү жазган арызынын негизинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аппарат башчысы Шамил Асымбековду да иштен алуу жөнүндө президентке сунуш киргизди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев да 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Ал эми 24-майда айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов да жумуштан бошотууну сураган.
Панкратов менен Мурашев өкмөттөгү көп сын көп айтылып жүргөн министрлер болсо, Мурат Мукамбетовдун, Шамил Асымбековдун жана Бакыт Шаршембиевдин жумуштан кетишине «КТ Мобайл» чатагынан кийинки жагдайлар себеп болду.
«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди. Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарынын кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү чечимге премьер-министр кол койду. Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюк байланыш операторун түзүүнүн, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды», - деп билдирген жума башында өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов.
«КТ Мобайл» чатагына байланыштуу «Ачык өкмөт» улуттук форумунун өткөн жумада кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы экени ачыкка чыгып, катуу сынга алынган. Убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматына караганда, Иманкадыр Рысалиев ыйгарым укугу болбосо да өкмөткө келип алып, «КТ Мобайл» ишканасы менен «Мегаком» ишканасынын ортосундагы кызматташтыкка аралашкан. Депутаттык комиссиянын биринчи отурумунда «Мегакомдун» башчысы Акылбек Жамангулов Рысалиев аны коркутканын да айтып чыккан. Парламенттик комиссия ушул жана башка жагдайларды иликтеп жатат.
22-майда парламент депутаттары «комиссиянын корутундусун күтпөй эле ички иштер органдары «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун ишин текшере баштаганын» сындашты.
Талашка себеп болгон «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген, «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан. Иманкадыр Рысалиев ушул маселеге аралашканы айтылган.
«Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун баамында, аппарат башчыларын бошотуу менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жоопкерчиликтен буйтап жатат.
«Комиссиянын жыйынтыгын күтпөй эле алдын-ала «мына, күнөөлүүлөр жазаланды. Көрсө премьер-министр билбей калыптыр. Ушулар күнөөлүү турбайбы» деп өкмөт өзүнүн позициясын сактап калууга аракет кылып жатат, - дейт ал. - Албетте, бул туура эмес. Биз премьер-министрди комиссиянын жыйынына чакырып: «Эмне үчүн моралдык күнөөнү башка бирөөгө оодара салдыңар?» деп сурайбыз. «Күнөөлүүнү» ошентип таба салыш оңой да. Мукамбетов премьер-министрдин бажасын анын таасири үчүн кабыл алып жатты да. Ал бажасы экенин, ошол жерде баарын башкарарын жалгыз Мукамбетов эмес, өкмөттүк аппараттын баары билет экен. Анда «силер менин бажамды төргө өткөрүптүрсүңөр» деп өкмөттүн аппаратын бүт кетирип салсын. Ал биринчи кезекте өзү бажасына «келбей жүр, аппарат жетекчисине кирбей жүр» деп тыюу салышы керек болчу».
«КТ Мобайл» чатагынан кийин бир жылдан бери иштеп жаткан өкмөт башчы кызматынан кетиши керек деген чакырыктар да болду. Абылгазиев өзү болсо андай сөздөргө жооп бере элек. Ал бул жумада өкмөттө жыйындарды өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берип, Нарын облусун да кыдырды.
Өкмөт демекчи, бошогон орундардын ичинен премьер-министр азырынча Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалык кызматына гана Дастан Догоевдин талапкерлигин көрсөттү. Айыл чарба министрлигине ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин көрсөтүп, аны парламенттеги «Бир Бол» фракциясы колдоп чыкты. Калган орундарга талапкер көрсөтүлө элек.
Президент дайындоо угугуна ээ болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орду да бош турат. Мурдагы жетекчи Идрис Кадыркулов 15-майда Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорт, тендер чырынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Батукаевдин иши: камакка алуу уланууда
Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алуу бул жумада да уланды. Ушул аптада кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды.
2013-жылы Батукаевдин абактан эрто бошоп кетишин иликтеген парламенттик комиссиянын ишине катышкан ошол кездеги депутат Бактыбек Калмаматов камакка алуу дагы уланат деген ойдо.
«Токтомдогу 28 адамдын баары жоопко тартылууга тийиш, - дейт ал. - УКМКнын, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчылары - баары жооп бериши керек. Батукаевди чыгарууга колдонулган 363-берене андай ишке жарамак эмес. Анын үчүнчү пунктунда «ушул беренени колдонордо кылган кылмышынын даражасын караш керек» деп турат. Батукаев тоок уурдап камалган эмес. «Мыйзамдагы ууру», чоң кылмыштар үчүн темир тор артына түшкөн».
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Батукаев азыр да көзү тирүү экени белгилүү.
Ал арада Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу көрсөтмөсүн караган. Судья Батукаевдин оор дарты тууралуу ЖАМКтын материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн. Башкы көзөмөл органынын маалыматында Батукаев анын айынан сегиз жыл үч ай жети күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй калганы кошумчаланган.
«Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата материалдар 335-берене («Көз көрүнөө сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу»), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды. Муну менен судьянын иш-аракетине укуктук баа берилди. Эми тергөөнүн жүрүшүндө анын жагдайлары кандай болгону толук иликтенет», - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова.
Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Алардын үчөө абакта, экөө үй камагында. Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулду.
Бул иш боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси болгон Калыбек Качкыналиев камакка алынган.
Ошол эле кезде «жогорку кызматты аркалаган башка да адамдар камалабы жана бул териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевди да суракка тартууга негизи болобу» деген талкуулар жүрүп жаткан кез. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев мындай пикирлерге экс-президенттин өз кезегинде Батукаевдин абактан бошоп кетишин иликтеп, чекит койбой кеткени негиз болуп жатканын айтты:
КСДПдагы өзгөрүү жана камоо
Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кетти. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешинин жетекчилик кызматын да тапшырды. Анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова КСДПнын саясий кеңешинин 25-майдагы жыйынында шайланды. Саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында, бул убактылуу көрүнүш, Алмазбек Атамбаевдин партия жетекчилигинен убактылуу баш тартышы - экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу.
«Сиздер билесиздер, жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш, - деп түшүндүрдү ал. - Биз бул мыйзамды жокко чыгартуу максатында Конституциялык палатага кайрылганбыз. Бирок, бул мыйзам. Ошондуктан, биз мыйзамдын чегинде Алмазбек Атамбаевди убактылуу партиянын курамынан чыгарып турууну чечтик».
Экс-президенттер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. Бул «адам укугун бузуу болуп эсептелет жана Баш мыйзамга туура келбейт» деп жүйө келтирген КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков мыйзамды жокко чыгарууну өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга 16-майда кол койгон. Анын дагы бир жобосуна ылайык, экс-президент ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартылат. Ошол эле кезде экс-президенттин кол тийбестигин алуу кызматтагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылаары жазылган. Коомчулукта бул мыйзамды Алмазбек Атамбаевге каршы жазылган долбоор деп жоромолдогондор да бар.
Мамлекет башчылыктан кеткен Алмазбек Атамбаев жарым жылдан кийин, 2018-жылы 31-мартта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы болуп шайланган. Анын шайлоодо өзү сүрөгөн президент Сооронбай Жээнбеков менен пикир келишпестиги да ушул курултайда ачыкка чыккан. Жээнбековго жан тарткан КСДПнын бир бөлүгү аталган курултайга катышкан эмес.
Атамбаевдин партия төрагалыгынан кетиши КСДП эки-үчкө бөлүнүп, мурдагы премьер-министри Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Абек Ибраимов баштаган саясий өнөктөштөрү камалып, ишенимдүү жан сакчыларынын бири беш жылга соттолгон учурга туш келди. 24-майда Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна жоопкер болгон жансакчы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди Бишкектин Свердлов райондук соту беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде сот залынан камакка алынды.
Дамир Мусакеев аны камакка алуу аракеттерин азыркы бийликтин Алмазбек Атамбаевди алсыратуу аракети катары баалап жаткан. 24-майда, камакка алынардын алдында ал өзүнүн жана Атамбаевдин кабинетине тыңшоочу аппарат коюлганын айтып, видео тасма жарыялаган эле. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева анын камалышын ошол окуялар менен байланыштырды:
«Анткени Мусакеев өзү деле тасмада «Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна коркунуч жаралып жатат. Анын коопсуздугун камсыз кылган адам катары балким мен аларга тоскоолдук кылып жаткандырмын» деп айтты. Бул сөздөрүн мурда да айтып жүрчү. УКМКнын экс-президенттин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракетин да Мусакеев ачыкка чыгарып, коомчулукка жарыялап жиберди. Ушундан улам сот чечими чукул чыгып, аны камоону тездетип жиберишти деп ойлойм».
Ал эми Башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышында эч кандай саясат көрбөгөнүн билдирди:
«Мусакеевдин иши чынында саясий себептерге байланышы жок. Ал өзү саясий фигура да эмес. Ошондуктан анын камалышында саясат жок. Атамбаевдин өзү үчүн жол ачык эле турат. Менин оюмча ал экөөнүн өз ара байланышы деле жок».
Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизгинин өзү президент болуп турган кезде да башкага карматкан эмес. Башкача айтканда, ал мамлекет башчы кезинде партиянын төрагалык орду бош турган. Ал эми Атамбаевдин президент кезиндеги коомдук билдирүүлөрүндө өзү партиянын ишине катышып, өзгөчө шайлоо учурунда аралашканы белгилүү болуп келген.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр ноябрда жарык көргөн маегинде «чоң саясаттан кетпей турганын» жарыяласа, быйыл апрелде «эми КСДП оппозиция катары үй-бүлөлүк башкарууга каршы турарын» белгилеген. Партиянын төрагалыгын өткөргөндөн кийин ал чоң саясаттан кетеби, эгер кетпесе кандай аракеттерди көрөт, партиянын башчылыгына ким келет деген суроолор азырынча жоопсуз.
Учурда КСДПнын бир бутагын Сагынбек Абдрахманов жетектеп жатат. Ал мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп баалап жатышат.
АКШ-Иран тиреши
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен мамиле курчуп турган кезде Жакынкы Чыгышка 1,5 миң аскер кызматкерин жөнөтмөй болду. Буга чейин ал мындай кадамга барбай турганын айткан.
«Биз Жакынкы Чыгышта коргоого ээ болушубуз керек. Ал жакка анча көп эмес аскер жөнөтөбүз. Абдан таланттуулар барат. Болжол менен 1,5 миң адам», - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Кошмо Штаттардын президенти бул кадам аймакта жайгашкан америкалык аскер күчтөрүн коргоо максатында жасалып жатканын айтты.
Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Бирок Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар бар.
Айдын башында Кошмо Штаттар Иран менен жаңжал чыгып кетиши ыктымал экенин билдирип, Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна кошумча аскерлерин жөнөткөн.
Иран-АКШ мамилесин Германиянын канцлери Ангела Меркел Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу талкуулады.
2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Кытай, АКШ, Британия менен кошо Франция, Орусия жана Германия да кол койгон. Ангела Меркелдин айтымында үч лидер аталган келишимди сактап калуу жана Иранды келишимде кала берүүгө ынандыруу зарыл экенин билдиришкен.
Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде келишимден чыгып кетип, Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирди.
Тегеран дооматтарды четке кагып келет. Ирандын президенти Хасан Роухани 23-майда анын өлкөсү бомбаланса да АКШга багынып бербей турганын айткан:
«Басым аркылуу Иран элин баш ийдиргиси келгендерге биз чечкиндүү жооп беребиз. Иран эли эч качан багынбайт, дайыма башын бийик көтөрүп, намысын жоготпой келген. Бүгүн да ошол бойдон калат».
Айрым байкоочулар Жакынкы Чыгышка кошумча аскерлерди жөнөтүү Дональд Трамптын бул аймактагы америкалык күчтөрдүн санын азайтуу боюнча билдирүүлөрүнө каршы келерин белгилеп жатышат.
Буга чейин коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ирандан аймакка келтирчү коркунучтарына карабастан Вашингтон согушту каалабай турганын билдирген.