Биз адамдар өзүбүзгө көнүмүш болгон көп нерселерди элес албай жүрө беребиз. Күндүн чыгышы менен батышы күнүмдүк табигый көрүнүш катары көрүнгөндөй эле, коомубузда калыптанган түшүнүктөр, өзүбүздүн аң-сезимдерибиз ар дайым эле ушундай болуп келген кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат.
Бирок чындыгында андай эмес. Убакыт өткөн сайын бардык нерсе өзгөрөт. Байыркы Грециянын улуу ойчулу Гераклит айткандай: - «Баары агат, баары өзгөрөт».
Мындан миң жылдар мурун коомдо башка түшүнүктөр орун алып келген. Миллиондогон жылдар илгери адамдар кадимки жырткыч жаныбарлардын күнүн көргөн. Же сен бирөөнү жешиң керек, же сени бирөө жеп коёт. Жашоону улантып кетиш үчүн бардык жандыктар акырындык менен өздөрүн өзгөртүп айлана-чөйрөгө, жер, аба, суу шарттарына, жеп ичкен тамак-ашына ылайыкташа беришкен.
Анын (өзгөртүүлөрдүн) кыймылдаткыч күчү болуп табигый иргөөгө кызмат кылган. Ылайыкташа алгандары жашоосун, тукумун улантып кеткен. Ылайыкташа албагандары жок болгон.
Миллион жыл мурда приматтардын бир түрү өзүнүн аң-сезимин, чөйрө таануусун, коммуникациясын (тилин) өзгөртүп homo sapiens (акыл-эстүү адам) кадам таштайт.
Ошондо алардын өзгөчөлүгү, өздөрүн өзгөрткөнгө караганда айлана-чөйрөнү өзгөртүү жеңил боло баштагандыгы болгон. Ушундан баштап табигий иргөө солгундап, анын аркасынан алардын биологиялык эволюциясы да басандай баштайт. Ошол процесстин аягы азыркы адамзаттын калыптануусуна алып келди.
Буга бир кичине мисал. Бир убакта адамдар төрт аяктан көтөрүлүп эки арткы буту менен баса баштайт. Акыл-эстин өнүгүп кетишине, азыркы адамзаттын калыптануусуна мунун зор таасири болгон.
Ошол эле учурда адамдын ички органдары жаңы абалына ылайыкташа албай калганы үчүн айрым бир айбандарда жок оорулар адам үчүн көнүмүш болуп калды (радикулит, венанын варикозу, гипертония, простатит, грыжа, геморрой ж.б.д.у.с)
Ал эми эмне үчүн адам үчүн күн сайын адам болуу кыйын? Анткени адамдын ичинде каршылашкан эки күч бар.
Биринчиси - бул анын генетикасына жазылып калган жана биологиялык эволюциянын токтоп калуусунун кесепетинен андан аркы адамдык генетикага өзгөрө албай калган айбандык (жырткычтык) инстинктер.
Булар адам төрөлгөн сайын аны менен кошо төрөлүп адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Экинчиси - бул адам төрөлгөндөн кийин тарбия жолу, үйрөтүү жолу менен кана пайда боло турган түшүнүктөр, адамгерчилик сапаттар.
Эгерде адамдын тарбиясында же алган билиминде кандайдыр бир мүчүлүштүк болуп калса аны туура эмес алган тарбиясы же айбандык инстинкти толтуруп турат.
Ошон үчүн адам күн сайын өзү менен өзү, тагыраак айтканда өзүнүн табигый инстинкти менен өзүнүн адамгерчилиги үчүн күрөшүп турат. Албетте табигый инстинктин баары эле адамга зыян эмес. Кеп алардын бир айрымдары, «жырткычтыктары» жөнүндө болуп жатат.
Айбанга айбан болуунун эч кыйынчылыгы жок. Анткени ал өзүнүн инстинкти менен күрөшпөйт. Тескерисинче анын инстинкти ага жашап кетүүсүнө жардам берет. Ал эми адам үчүн адам болуу - кыйын.
Мына ошону үчүн заманыбыздын улуу ойчулу Чынгыз Айтматов «Адам үчүн эң кыйын нерсе бул күн сайын адам болуу» деп айткан.
Алымбай Өкүнов