Айтматовду ар тараптан мактасак да, даңктасак да жарашат. Жакынкы эле өткөн жылдардын биринде орус жазуучуларынын бири “Он был гением..." деп айтканын уккандар бардыр. Мындай сөздү биз – кыргыздар айткан болсок орунсуз сезилет эле. Башка элдин өкүлдөрү үчүн кандай мактоо айтылса да орундуу, балким андайлар да жетишсиздир.
Чыңгыз жөнүндө сөз боло калганда жолдошторубуздун арасынан бирөө: - “жаңы пайгамбарыбыз ушу киши болуп жүрбөсүн” деген сөзүн угуп калдым.
Обу жок мактоо менен жердешибизди даңктай албайбыз. Ал эмне, Кудайдын жиберген өкүлү бекен? Элдин арасынан чыккан эле жан. Жөндөмү бар, аны өркүндөтө алган, эмгектин ийгилигине жетише алган кыргыздын баласы. Андайларды таланттуу адамдар деп коюшат. Чыңгыз алардын ичинен да сейрек учуроочу алп талант.
Өзүнүн айткан сөзү бар: - “Ар кимдин дараметине ылайык өзүнүн колунан келээр иши болот. Тагдыр бизге калемди буйруптур. Таптай билсек, сөз кудурети да оңой эмес” (Ч. Айтматов, М. Шаханов. Аскада калган аңчынын ыйы. – Бишкек: "Учкун", 2001-ж, 196-бет).
Абдан так жана даана айтылган сөз. Сөз кудуретин таптай билүү – чоң жумуш эле эмес, ал – чоң кесип экени айтылып жатат. Сөз өнөрүнүн чечендиги - адамдарга гана таандык касиеттердин зору. Бул касиет Чыңгызда өзгөчө өнүккөн. Төмөндө сөз ошол жөнүндө улантылат.
1992-жылдын сентябрь айында Алматы шаарында Кыргыз адабиятынын күнү өттү. Ага Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз жазуучулар тобу барышты. Арасында белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов да бар. Мен ал кезде Алматыда командировкада жүргөн элем.
Эртең мененки саат 11де Казакстандын Жазуучулар союзунун имаратынын залында иш-чаранын ачылыш аземи болду.
Жыйынды ошол кездеги атагы таш жарган казак элинин жаш акыны Олжас Сулейменов алып барды. Өзүнүн кыскача баяндамасынан кийин сөздү Чыңгызга ыйгарды.
Дүркүрөгөн жана узакка созулган кол чабуулардын коштоосунда ал трибунага чыкты. Колунда кармаган кагазы да жок. Кыймылсыз турган абалында кол чабуулардын токтошун күттү да, сөзүн баштады.
Кыргыз тилинде сүйлөп жатты. Сөздөр жамгырдай куюлуп жатса да, алардын маани-маңызында кынтык жок. Залдагы угуучулардын кулактары тик туруп калгандай, тыптынч.
Дүйнөгө көз жүгүртүүсүнүн кенендиги менен тереңдиги, дүйнөлүк адабияттын күңгөй-тескейин аркы-беркисине чейин билгендиги, орошон ойлорун зор философиялык ыкмалар аркылуу так жүйөлөрдүн жардамы менен бекемдеп чечен сүйлөгөндүгү менен угуучулардын кулактарынын кумарын кандырды окшобойбу?
Ошол эле күнү түштөн кийин кечки саат алтыда Алматыдагы Опера жана балет театрынын залында казак интеллегенциясынын жана бийликтин өкүлдөрү катышкан чоң жыйын болду.
Театрдын эшигинен баштап чоң көчөгө чейин келе жаткан элдин агымын байкоого болот. Залдагылар отуруп тынчтана электе эле эшиктин күзөтчүлөрүнө баш бербей элдин толкуну кирип келгендей болду. Залдын ичи жык толду.
Олжас Сулейменов кыскача баяндамасы менен жыйынды ачып, сөздү Чыңгызга узатты. Узакка созулган кол чабуулардын коштоосунда Чыңгыз трибунага чыгып, баягыдай абалында туруп сөзүн баштады. Бул жолу ал сөзүн орус тилинде улантты.
Залдагы отургандардан көзүн албай, сөзүн нөшөрлөтүп төгүп жатты. Ушунчалык терең, ушунчалык философиялык ой-чабыттарынын таамайлыгы менен, адабияттагы проблемалардын ак-карасын дааналап ажырата алган терең билими менен, дүйнөгө болгон көз карашында алысты көрө алгандыгы менен, көкүрөгүнө батпай оргуштап чыгып турган ойлорун ырааты менен тизмектелген сөздөр аркылуу сөздөрүн нөшөрлөтүп, ээн-эркин сүйлөп, сөз өнөрүнүн чечендигин дагы бир жолу айкын көрсөтө алды.
Чыңгыздын сөзүнүн арасында утур-утуру кол чабуулар болуп турду, ал эми сөзүнүн аягына чыккандагы кол чабуулар өзгөчө уланды. Суроо-жооптордон кийин Чыңгыз алдыдагы бош орундардын бирине барып отурду. Бирок бат эле элдин суранычы боюнча кайрадан трибунага чыкты. Анан дагы чыкты, себеби угуучулардын суранычы ошондой эле. Казак элинде, айрыкча жаштарында Чыңгыздын сүймөнчүлүгү күчтүү экендиги көрүндү. Ошол убакта Чыңгыз Төрөкулович 64 жашта экен.
Георгий Гачевдин айткандары даана дал келгендей болду: “А ему, двуязычнику, никогда, ни в каком языке так не заплескаться: ни в киргизском, где нет слов для многих понятий, которые ему надо выразить, ни в русском, который ему не с молоком матери, но приобретенный и где он-не рыба в воде... Однако тут же мне проясняться стало и преимущество такого нейтрального языка” (Георгий Гачев. Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры ).Фрунзе: Адабият, 1989.).
Айтматов - эки тилди тең бапестеп таптай алган, эки тилди тең өнүктүрө алган, эки тилге тең өзүнүн жаңылыктарын киргизе алган кош тилдүү жазуучу. Мисалы, орус тилинде “Айтматовские суффиксы” деген термин бар. Кыргыз тилинде кандайча жаңылыктар бар экенин тил адистери жакшы билишсе керек. “Орточо тил” дегендин пайда болушу жөн жеринен айтылбаса керек.
Чыңгызга окшоп эки тилде тең бирдей сайран куруп, ээн-эркин чечен сүйлөө качан жана кимдердин колунан келээр экен?
Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү, айрыкча бийликтин өкүлдөрү, депутаттар үчүн кыргызча сүйлөө кыйынга турарын көрүп эле келатабыз. Чечендикти мындай кое туралы. Сүйлөп баратып орусча сөздөрдү аралаштырып, кээде биротоло орусчага өтүп кеткен “чечендер” бар. Мунун өзү адабий тилди эмес, элдик тилди керектүү деңгээлде билбегендиги, маданият тармактары жөнүндө жетиштүү кабарлары жоктугу, руханий жактан жардылыгы бар адамдарга таандык экенин айтуу туурадыр.
Ошондуктан айтайын дегеним: Чыңгыз Айтматовдун ошондогу - Алматыдагы сүйлөгөн сөздөрү жазылып жана сакталып калган чыгар. Ошолорду (жана башка дагы сүйлөгөн сөздөрүн, айрыкча "Манастын" 1000 жылдыгында сүйлөгөн сөзүн) теле-радиодон кайталап берип турса көпчүлүк үчүн пайдалуу болоор эле деп ойлойм.
Керим Бараталиев
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кафедра башчысы, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты , профессор.