Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Кыргыз тарыхынын Оренбургда калган издери


Оренбургга кулакка тартылган кыргыздар. 1929-жыл. КРнын Борбордук мамлекеттик архиви.
Оренбургга кулакка тартылган кыргыздар. 1929-жыл. КРнын Борбордук мамлекеттик архиви.

Кыргыздар айтмакчы Орунбор же Оренбург шаары Орусиянын облустук административдик борбору. Ал биздин ата-бабаларыбыз айтып келген кадимки Жайык (азыркы Урал) дарыясынын боюнда жайгашкан.

Оренбург менен кыргыз элинин байланышы

Бул шаар 1735-жылы чеп катары курулгандан баштап эле Орусия менен Казакстан жана Орто Азиянын чоң соода борбору катары тарыхта калды.

Орусиянын башка шаарлары сыяктуу эле Оренбург шаарында да көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Шаарда орус элинен кийин эле негизинен татарлар, башкырлар, казактар басымдуу. Айта кетчү нерсе, 1920-1925-жылдары Оренбург шаары Кыргыз АССРинин (1925-жылы Казак АССР деп аталган. Муну кыргыз мамлекети менен чаташтырбоо керек) борбору болуп, мында 123 миң калк жашаган. Андан бери далай суу агып, орто жолдо (1938-1957-жылдары) легендарлуу учкуч Чкаловдун ысымын алып, кийин кайрадан баштапкы аталышына көчкөн.

ХIХ кылымдын ортосунан тартып кыргыз элинин элчилери, Кыдыр Байсары уулу сыяктуу кадырлуу адамдары Санкт-Петербургга сапарларында мына ушул Оренбург шаары аркылуу өткөн.

Андан кийин ХХ кылымдын башында караңгы элинин сабатын ачам деп, чаар баштыгын жонго илип, билимди эңсеген кыргыз элинин туңгуч агартуучусу Эшенаалы Арабаев 1908-жылы Оренбургдагы "Хусаиния" медресесинен окуп, чоң билимдин жолун ачкан.

Октябрь ыңкылабынан соң, Кеңеш бийлигинин тап душманы катары кыргыз элине таасирлүү 44 бай-манабын кулак катары ушул Оренбург шаарына сүргүнгө айдашкан.

Ал эми союздук тутумдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн пайдубалын түптөгөн, кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнүн акыркы күндөрү дал ушул Оренбург шаарында өтүп, облустук жер бөлүмүндө жетекчи кызматта иштеп турган мезгилде - 1937-жылы 4 –апрелде Оренбург облустук НКВДсы тарабынан Набережная көчөсүндөгү №18 үйдөн камакка алынып, репрессияланган.

Улуу Ата Мекендик согушта эбегейсиз эрдик көрсөткөн Советтер Союзунун Баатыры Ысмайыл Таранчиев да ушул Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайынан окуган. Бул ХIХ жана ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин шаар менен байланышы. Ал эми ХХI кылымда оокаттын айынан Орусияга иштегени кеткен кыргыздардын документтери туура эмес болуп, чек арадан кире албай шыкалганы да, кайра ата мекенине кайта албай такалганы да ушул Оренбург шаары.

Оренбургда окуган Эшенаалы Арабаев

Эшенаалы Арабаев Оренбург шаарында беш ирет болгон. Анда кеп башынан болсун.

ХIХ кылымдын аягы ХХ кылымдын баш ченинде пайда болгон алгач агартуучулук, кийин коомдук-саясий кыймылга айланган жаңы усулдук (жадиддик) билим берүүнү алгач Крымда эле эмес, Волга боюндагы татарлар, казак, башкыр, түркмөн, тажик, өзбек, кыргыз, азербайжандар, ошондой эле Сибирь жана Түркияда пайдаланышкан.

Мындай окуу жайлар жеке мүнөздө болуп, колунда бар адамдар тарабынан ачылган. Бул максатта Оренбург шаарындагы биринчи гильдиядагы соодагер Ахмед Хусаинов өз каражатына жаңы усулдагы ири медресе курдурат. Медресе 1891-жылы ачылып, кийин аны дагы кеңейтип, үч кабаттуу имарат салдырат. Медресенин курулушуна 89964 рубль сарпталган. Аталган окуу жайы өз мезгилинде агартуучуларды даярдоодо зор роль ойногон (Оренбург облмамархивиндеги маалымат боюнча).

Алардын бири кыргыз элинин алгачкы агартуучусу Эшенаалы Арабаев. Архивде сакталган өз колу менен жазылган өмүр таржымалында ал Оренбургдагы медресеге келип окугандыгын эскерет.

Э.Арабаев жаштайынан эле билим алууга далалаттанып, алгач айылдагы молдодон окуйт. Бирок, андан өзү күткөндөй жыйынтык болбогондон кийин Караколдогу жаңы усулдагы мектепке кирген. Ал жерден жөндөмдүү уланды байкаган мугалими Заир Таиров Эшенаалы Арабаевге окуусун Орусиядагы мусулман медресесинен улантууга кеңеш берет.

Ал Оренбург шаарына 1906-жылы келип, медресеге кирүүгө аракет кылган. Тилекке каршы, кабыл алынган эмес. Демек, ошол мезгилде башкача айтканда, ХХ кылымдын баш ченинде медресе "Хусаиниянын" атагы алыскы аймактарга чейин жеткендигин далилдеп турат.

Окууга кире албай калган Э.Арабаев Түркияга келип, гимназиянын үчүнчү классына кабыл алынган. Ал жерде революциялык маанидеги газеталарды окуганы үчүн көзөмөлгө алынып, өз сөзү боюнча "буга чыдай албаган" Э.Арабаев кайрадан Оренбургга 1908-жылы кайтып келип, "Хусаиния" медресесинен окуган.

1912-жылы "Айкап" журналына "Оренбургдан Ташкентке чейин" макаласы аркылуу кыргыз, казактарга медресе "Хусаиниядан" билим алууга чакырык таштаган. Ошол 1912-жылы Оренбург шаарына экинчи жолу келип, "Жазуу өрнөктөрү" деген китебин чыгарат.

Э.Арабаев Оренбург шаарына үчүнчү жолу Убактылуу өкмөттүн тушунда - 1917-жылдын 21–26-июлунда биринчи жалпы казак курултайына делегат болуп келген.

Төртүнчү жолу барышы ошол эле 1917-жылдын 5–13-декабрында болгон. Ал Оренбург шаарында өткөн экинчи жалпы казак курултайына Урал, Торгой, Акмоло, Семей, Сырдарыя, Самаркан облустары жана Ички ордодон катышкан 80ге жакын депутаттардын катарында болгон.

Ошондой эле бешинчи жолу Эшенаалы Арабаев 1924-жылы июнь айында Оренбург шаарында өткөн казак, кыргыз илимпоздорунун туңгуч курултайына Түркстан АССРинин Эл агарттуу комиссариатынын атынан делегат болуп катышып, президиумга шайланат.

Бул курултайда А.Букейханов, А.Байтурсунов, М. Дулатов жана башкалар менен казак-кыргыз тамгасы, илимий иштердеги көйгөйлүү маселелерди биргелешип карашкан. Оренбург облустук мамлекеттик архивинде болуп, биз Эшенаалы Арабаевдин Оренбург шаарында беш жолу болгондугун гана тактай алдык.

Оренбургга кулакка тартылган кыргыздар

Боогачы Жакыпбек уулу жана жубайы Асел, (ортодогу) Шабдандын уулу Кемел. Оренбург. 1929-жыл. КРнын Борбордук мамлекеттик архиви.
Боогачы Жакыпбек уулу жана жубайы Асел, (ортодогу) Шабдандын уулу Кемел. Оренбург. 1929-жыл. КРнын Борбордук мамлекеттик архиви.

"Барган жерим Орунбор,

Маңдайымда калың шор.

Сандалттырдың мынчалык,

Саясаттын темир тор",-деп жазган Казыбек казалчы.

Кыргыз элинин тарыхындагы кара тактардын бири ХХ кылымдын башындагы же болбосо 1929-жылдын 27-декабрындагы Сталиндин “Кулактарды тап катары жоюу” урааны менен кыргыз элине белгилүү, таасирлүү адамдарды күчтөп аргасыз журт котортуу менен бөтөн жерге сүргүнгө айдоо саясаты болгон. Бай-манаптарды жана колунда бар оокаттуу адамдарды кулакка тартып, сүргүнгө айдоонун эң чоң агымы мына ошол 1929-жылдан башталат.

1929-жылы 4-февралда Кыргыз АССР БАК жана Эл комиссарлар Совети Нарын, Каракол, Талас кантондорунда жана Ош округундагы өздөрүнүн мүлктүк жана коомдук таасири аркылуу айылды отурукташтырып коллективдештирүүгө жолтоо болгон өтө бай 44 кишини көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Токтомдо бай-манаптарга антисоветтик үгүттөө, уруулар ортосундагы чатакты күчөтүү, чарбаларды коллективдештирүүгө жана республиканын экономикалык, маданий өнүгүүсүнө тоскоол кылган сыяктуу күнөөлөр тагылган.

1929-жылдын февраль-март айларында Кыргызстандын Нарын, Талас, Каракол, Ош аймактарындагы 44 бай-манап чарбасы жок кылынып, мүлктөрү конфискацияланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз АССРинен 1929-жылы 44 бай-манапты көчүрүүнүн натыйжасында 2491 жылкы, 858 ири мүйүздүү мал, 193 төө, 28618 кой жана 427га жер, 142 боз үй, имараттар конфискацияланган. Конфискация кылынган чарбалардын негизинде 48 колхоз уюштурулган жана аларга 15950 баш мал, 353 гектар жер бөлүштүрүлүп берилген.

Документтердин анализи бай-манаптарды кулак катары сүргүнгө айдоодо 1929-жылдын 4-февралындагы токтомдун бир топ пункттарынын эрежелери сакталбагандыгынан аша чабууларга жол берилгендигин көрсөтөт. 1929-жылы Кыргызстандан көчүрүлгөн бай-манаптар Орусиянын Оренбург шаарына айдалган.

Оренбург облустук мамлекеттик архивинен 1929-жылдын 3-январында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңеши менен Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Кыргызстандын аймагынан чыгарылган 43 бай-манаптын үй-бүлөө мүчөлөрү менен бардыгы болуп 319 адамдын айдалгандыгы тууралуу тизмеси табылды. (№1 тиркеме).

1929-жылы Борбордук Аткаруу комитетинин декретинин негизинде Кыргыз АССРинин чегинен куулган бай-манаптардын тизмеси. Комитети жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети. 1929-жылдын 3-январы.
1. Игамбердиев Кангелди, с.Ибрагимова, Буртинский район
2. Тойгомбаев Рысалы, г Оренбург, Туркестанская № 42.
3. Болтобаев Жумадыль, п. Н-Черкаск, Буртинский район
4. Кулов Чакир, п. Н-Черкаск, Буртинский район
5. Матаев Кулбарат
6. Исабеков Байгазы, Көл Заукинский волост
7. Алсеитов Уку
8. Малиев Исмаил
9. Алеков Кельдыбай
10. Джакупбеков Боогачы, с.Избасаров, Буртинский район
11. Исраилов Муса-Ходжа, с.Избасаров, Буртинский район
12. Буланов Чингиш-Аджи, г.Оренбург, ул Тимирязева
13. Култаев Канат, с.Избасаров, Буртинский район
14. Кыдырбаев Калы, п.Новый Урал
15. Алымбеков Кульбутен
16. Суванбеков Калы, п.Избасаровск
17. Батаев Исенбай, п.Новый Урал
18. Дордоев Жумабай, п.Избасаровск
19. Нурузбаев Мамбетимин
20. Манеев Чертыке
21. Сасыев Нокобий, п. Карачи
22. Ишев-Мулла Нурлат
23. Джаныгулов Куламбий,
24. Ходжамбердиев Тулейке Казы, Зауральная роща, г Оренбург
25. Асанов Маткасым
26. Таджибаев Мулла Кугар
27. Койчуманов Чоноузбий
28. Ишходжаев Айдархан,г.Оренбург ул Заводская пер12
29. Шавруков Байказы, г.Оренбург. Сапожный пер 15
30. Чиндавлетов Каратай, г.Оренбург, Крестяньская № 110
31. Батырбаев Моралбай
32. Чанчаров Нарбай, г.Оренбург,Заводская пер № 12
33. Натаев Токтогул, г.Оренбург,Зауральная роща
34. Уметалиев Чокой
35. Айдаралиев Узен, г.Оренбург, п.Карачи
36. Уметалиев Узен
37. Нурманбетов Джусупбек
38. Байтыков Абдрахман
39. Тоялиев Турсунбай
40. Чойчубеков Таш-Каре
41. Алиев Худайберген
42. Садыков Акмат
43. Сарбаев Токтомамбет

Жусуп Абдрахмановдун Оренбургдагы акыркы күндөрү

Жусуп Абдрахмановдун үй-бүлөөсү. Оренбург шаары, 1936-ж. "Рух кенчи" гезити.
Жусуп Абдрахмановдун үй-бүлөөсү. Оренбург шаары, 1936-ж. "Рух кенчи" гезити.

Союздук тутумдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн, кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун да акыркы күндөрү дал ушул Оренбург шаарында өтүп, облустук жер бөлүмүндө жетекчи кызматта иштеп турган мезгилде 1937-жылы 4 –апрелде Оренбург облустук НКВДсы тарабынан Набережная көчөсү №18 үйдөн кармалып, репрессияланган.

Ошол мезгилде Оренбург облустук облжер бөлүмүнүн мал чарба башкармалыгында 27 адам иштеген. "Башкармалыктын башчысынын орун басары Ю.Адрахманов" деп жазылган. "Алган маянасы 450р. Запастагы командирлик курамга кирген. Оренбург шаарындагы Набережная көчөсү 18 үйүндө жашаган".

Өзгөчө жашыруун делген иш кагазда 1937-жылдан кабар берет. Анткени, бул көктөмөдө облустук жер башкармалыгындагыларды каралоо, бири-биринен шектенүү, түшүнүк каттар жана башка жүрөк үшүн алган маалыматтар камтылган. Андан мал чарба башкармасынын башчысы Сурков орун басары Ж. Абдрахмановго көрө албастык менен мамиле кылганын баамдасак болот.

Сурков Абдрахмановдун кол алдында иштегендерди кодулай баштаган. Мисалы, зоотехник Подтихов "мурдагы ак офицер, сектор башчы Рекутин Виктор Феодорович мурдагы армиянын офицери поручик Ю.Абдрахманов менен мамиледе көп сүйлөшөт" деп, жашыруун бөлүмгө билдирүү жөнөтүп турган.

Акыры 1937-жылдын 4-апрелинде Оренбург облустук НКВДнын кызматкерлери Жусуп Абдрахмановду Оренбург шаарындагы Набережная көчөсүндөгү 18-үйдөн кармап кеткен.

Оренбургдан окуган Ысмайыл Таранчиев

Советтер Союзунун Баатыры Ысмайыл Таранчиевдин тараны.
Советтер Союзунун Баатыры Ысмайыл Таранчиевдин тараны.

Улуу Ата Мекендик согуш кыргыз элинин тарыхында орду толгус жоготууларды алып келген кандуу кармаш, үрөй учурган окуя катары калды.

Жеңиш туусун эрте камсыз кылыш үчүн элибизден эчендеген Советтер Союзунун Баатырлары чыкты.

Эрдикке тете иш кылып, бирок убагында бааланбай кашгөй каармандыгы кеч болсо да ачыкка чыгып, Советтер Союзунун Баатырлыгын алган кыргыз учкуч Ысмайылбек Таранчиев да 1941-жылдын 20-июлунда Cоветтик Армиянын катарына чакырылып, учкучтук жөндөмүнөн улам Оренбург шаарындагы 3-авиациялык мектепке жөнөтүлөт.

Ал жерден учкуч-штурмалоочулук кесипти алгандан кийин, 1943-жылы 566-штурмалоочу авиациялык штурмалоочу "Кызыл Туу" ордендүү Солнечногорск полкуна жиберилген. Бул полк Ленинград фронтунун курамына кирген.

Ысмайыл Таранчиев жеке өзү душмандын беш танкасын, 38 жүк ташуучу машинасын, үч самолетун, үч артиллериялык замбирегин жана бир нече аскерин жок кылган. 1944-жылы 18-мартта кезектеги күжүрмөн тапшырманы аткаруу учурунда анын самелотуна зениттик снаряд тийип, өз аймагына учуп жетүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, жолборс жүрөк кыргыз шумкары күйгөн самолетун душмандын танктык колоннасына карай шукшурултуп, баатырларча "таран" жасоо менен душмандын алты танк, үч бензин куюуучу машинасын өзү менен кошо жарат.

Фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө майданда күжүрмөн тапшырмаларды аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлүп, бирок ал наам өз убагында берилбей калган. Эрдиги кеч эскерилип, 1991-жылдын 5-майында СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.С.Горбачевдун жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Ал эрдик көргөзгөн Нарва-Таллин шоссе жолунун 20 чакырымында Синимяэ тоосунун этегинде Ы.Таранчиевге арналып гранит монумент орнотулган. Анын ысымында Таш-Дөбө айылындагы кыргыз-түрк жатак мектеби, Беш-Күңгөй айылындагы көчө жана Бишкектеги аэроклуб аталган.

Оренбургдагы учкучтар мектебинен жердештерибиз Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талгат Бегелдинов жана Советтер Союзунун Баатырлары М.Афансьев, М.Бабкин, Е.Мазков, Н.Рудь, Н. Мирошниченко дагы окугандыгы анык.

Мигранттардын түйшүгүн бөлүшкөн​ “Мекендештер”

Азыркы заманбап Оренбург - Орусиянын саясий, социалдык, маданий, экономикалык жактан өнүккөн шаары. Шаардын эл аралык денгээлдеги орду уламдан улам көрүнүп келе жатат. 2007-жылдагы эл каттоо боюнча шаарда 546 миң киши жашайт.

Азыркы убакта Оренбургда 2,5-3 миңге жакын журтташтарыбыз эмгектенет. Көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алган. Балдары орус мектептерге барат. Ошентсе да өз элинин тилин, маданиятын унутушпайт.

Оренбургдагы “Мекендеш” улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси Таалай Жандар уулунун айтымында, Бишкек-Москва поезди Оренбург шаары аркылуу өткөндүктөн негизги баш ооруну кыргыз мигранттары жаратат.

“Документи жок эле орус чек арасынан өтүп кетем деген үмүт менен туугандарынын паспортун көргөзүшөт. Албетте, аларды чек арачылар кармап алышат. Адатта алардын бир тыйыны жок калып, диаспоранын жетекчисине жардам сурап кайрылышат. Кээде чек арачылар кармаган жердештерибизди аяп, акча төлөп чыгарып, сотко дейре үйүңө алып кетсең, кийинки күнү качып кетишет. Сот боло турган күнү келип, алар үчүн орусиялык кызматкерлер алдында жооп берүүгө туура келет”,-дейт мигранттардын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон мекенчил уул Таалай Жандар уулу.

Мына ушундай көйгөйлөрдөн улам 2011-жылдын 1-мартында Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында Муктарбек Өмүракуновдун демилгеси менен “Замандаш” ассоциациясынын юридикалык кызматы ачылган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ай сайын Кыргызстандын 37 миңден ашуун жараны же жылына 400 миңден ашуун жараны ушул Оренбург аркылуу өтүп турат. Аталган кызматтын негизги милдети - Орусия Федерациясына иш издеп кеткен эмгек мигранттарына укуктук кеңеш жана башка жардамдарды көрсөтүү.

Оренбург шаарында Жусуп Абдрахмановго мемориалдык тактача коюу салтанаты. 2018-ж. 29-май. "Рух кенчи" гезити.
Оренбург шаарында Жусуп Абдрахмановго мемориалдык тактача коюу салтанаты. 2018-ж. 29-май. "Рух кенчи" гезити.

Оренбург шаары менен тагдыры тыгыз байланышкан агартуучу Э.Арабаевди жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахмановду урматтоо жана даңктоо максатында мемориалдык такта орнотулган. Муну ал жерде эмгектенип жаткан мекендештерибиз, "Мекендеш" кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалайдын аракети менен ишке ашты.

Эшенаалы Арабаевдин мемориалдык тактасын шаардагы өзү окуган "Медресе-Хусаиниянын" имаратына коюлду. 1935-1937-жылдары Жусуп Абдрахманов жашаган Набережная көчөсүндөгү №18 үйгө эл уулунун мемориалдык тактачасы орнотулду. Ал 2018-жылдын 29-майында Оренбург шаарында өзгөчө митинг-реквием менен ачылды.

Жумагул Байдилдев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG