Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:36

Түркия: кыргыз студенттердин кышкы түйшүгү


Түркиянын жогорку окуу жайларында 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык эки миңдей студент бар. Учурда Түркиядагы университеттер кышкы эс алууга тарагандыктан студенттердин айрымдары эс алса, башкалары иштешет.

Жаңылбүбү Маматова Стамбул университетинин "Тамак-аш гигиенасы жана технологиясы" бөлүмүндө докторантурада окуйт. Ал кышкы каникулда өзү окуган бөлүмдүн биохимия лабораториясында жаш адис катары жумушка кирип, каражат тапкысы келди:

Жаңылбүбү Маматова "Стамбул" университетинин докторанты.
Жаңылбүбү Маматова "Стамбул" университетинин докторанты.

- Каникулда өзгөчө пландарым деле болгон жок. Анткени жумушка киргендиктен эртеден кечке лабораторияда иштейм. Башка шаарларга барып кыдырганга азырынча мүмкүнчүлүгүм жок. Учак билети кымбат болгондуктан азырынча иштеп, жайкы каникулга билетке акча тапсамбы дегем.

Ал эми Рысбек Ысманов Түркияга былтыр келген. Ал Кастамону университетинин коммуникация факультетинин биринчи курсунда окуйт. Ал окуган университетте 150гө жакын кыргызстандык студент билим алат.

Рысбек Ысманов "Кастамону" университетинин студенти.
Рысбек Ысманов "Кастамону" университетинин студенти.

Рысбек Кастамону чакан шаар болгондуктан студенттерде кышкы каникулда иштөө мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин айтты.

- Мен Кастамону университетинде контракттык негизде окуйм. Чет өлкөлүк студенттерге мамлекет тарабынан жеңилдик берилбейт. Андыктан кыргыз студенттер окуу менен жумушту айкалыштырып жашайбыз. Өз жаныбызды өзүбүз багабыз десем жаңылышпайм. Мисалы, кыздар үйдөн эле топу, шарф токуп сатышат. Айрым студенттер мейманканаларда, кафелерде официант болуп иштешет. Кастамону кичинекей шаар болгондуктан студенттер кышкы каникулда Анкара, Стамбул шаарларында иштеп келишет.

Түркиядагы Полиция академияларында жана Аскер-аба күчтөрүнүн академиясында билим алган кыргызстандыктар бар. Алар атайын программа менен тандалып алынат.

Адисбек Жакыпбаев курсташтары менен.
Адисбек Жакыпбаев курсташтары менен.

Аскердик авиация академиясында акыркы курста окуган Адисбек Жакыпбаев башка жогорку окуу жайларга салыштырмалуу алардын академиясында кышкы эс алуу кыска болоорун айтты.

- Биздин окуу жайда каникул эми башталды. Эки жумага эс алууга чыктык. Биздин студенттер ар кандай эс алышат. Мен болсо Түркияны кыдырып, башка шаарларды да көрөйүн деп жолго чыктым.

Түркияда мамлекеттик стипендия программалары менен келген кыргыз студенттерге салыштырмалуу өз чөнтөгүнөн акча төлөп окуган студенттердин саны көп.

Айгерим Кумондорова Бурса шаарында эс алууда.
Айгерим Кумондорова Бурса шаарында эс алууда.

Алардын бири Айгерим Кумондорова учурда Стамбул университетинин микробиология факультетинин докторантурасын аяктап жатат. Айгерим жыл сайын кышкы каникулда курбу кызынын үйүнө барып эс алып келүүнү адат кылганын айтты.

- Бурса деген шаарда менин жакын досум Ханде жашайт. Мен жыл сайын кышында анын үйүнө барып аз да болсо эс алып келем. Анын ата-энеси мага өзгөчө мамиле жасап, мени кызындай эле көрөт. Чоң шаардан алыстап бир аз эс алып, анан дипломдук ишиме киришсемби деп турам.

Түркиядагы Эл аралык студенттер конфедерациясынын координатору Эрлан Баянов өлкөдөгү чет өлкөлүк студенттер менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ал кыргызстандык студенттердин жалпы жагдайына токтолду.

- Кыргыз студенттер Түркияда негизинен жакшы окушат. Университеттер деле чет өлкөлүктөрдү анча кыйнашпайт. Сессиясын убагында берип каникул маалында иштешет. Ал эми кышкы каникулдун мөөнөтү кыска болгондуктан көп жакшы иштей алышпайт. Айрымдары Түркияны кыдырышат. Мүмкүнчүлүктөрү болгондор Кыргызстанга кетишет. Бирок негизинен студенттер иштеп акча тапканды көздөшөт десем болот.

Түркиянын Жогорку билим берүү мекемесинин маалыматына караганда, бул өлкөдө 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик жогорку окуу жайлары. Бул университеттерде 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык 2 миңдей студент бар. Бул студенттердин 1200гө жакыны Стамбул, Кастамону, Анадолу, Анкара өндүү шаарлардагы мамлекеттик университеттерде, калгандары менчик окуу жайларында билим алышат. Жалпысынан кыргызстандык студенттерди Түркиянын 115 жогорку окуу жайынан жолуктурса болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG