Залкар кыргыз көркөм өнөр устаты жана музыка агартуучусу, кыргыздын алгачкы жогорку билимдүү композитору, коомдук ишмер Мукаш Абдраевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында өткөрүлдү.
2020-жылы 18-декабрда өткөрүлгөн бул мааракелик салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Мукаш Абдраевдин үй-бүлөсү, коомдук жана маданий ишмерлер катышты.
Мукаш Абдраев бардык музыкалык жанрларда мыкты эмгектерди жараткан композитор катары таанымал.
Ал кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмаларды иштеп чыккан. Анын "Жаш жүрөктөр", "Токтогул", "Олжобай менен Кишимжан" опералары угармандарынын купулуна толгон.
Композитор 2 жашында ата-энесинен ажыраган. Аны таякеси, эл куудулу Шаршен Термечиков багып алган. 1933-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрынын алдындагы студиянын скрипка классында, 1935-40 жылдары Москвада Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция классында Георгий Литинскийден, Владимир Фереден билим алган.
Композитордун замандашы, КРнын Эл артисти Асанбек Асакеев Мукаш Абдраев атактуу профессор Сергей Василенкодон да сабак алганын белгиледи:
– Бул киши менен 1950-жылдардан бери таанышмын. Ал Москвадан окууну бүтүрүп келгенде мен Куреңкеев атындагы окуу жайда окуучу элем, ал ошол жерде иштеп калды. Кийин мен ал окуу жайды бүткөндө чогуу да иштедик. Азыркы композиторлордун 80 пайызы Мукаш агайдын колунан өскөн композиторлор. Алар учурда 60ка келип калышты. Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрыламын, Мукаш Абдраев агайдын аты берилген мектептин алдына же ошол көчөгө агайдын эстелигин коюп койсок абдан жакшы болмок.
М.Абдраев мектеп окуучулары үчүн жазылган "Ырдоо" аттуу окуу китебинин автору. Анын "Ырлар", "Менин мекеним", "Тандалган ырлар" деген обондуу жыйнактары жарык көргөн. Композитордун "Ата Мекен", "Бешик ыры", "Ой балапан", "Тынчтыкты мен да сүйөмүн", "Достук үн менен", "Мектебим", "Кыргызстан жаштары" сыяктуу ырлары азыр дагы ырдалып жүрөт.
Ал жөнөкөй ырдан баштап, татаал жанрдагы операларды, симфониялык поэмаларды жазган.
Композитор өмүрүнүн көбүн мугалимдик кесипке арнаган. Ал өз учурунун чыныгы устаты боло алды.
Кыргызстанда учурда музыка таануу илиминин жалгыз доктору бар. Ал - Камчыбек Дүйшалиев.
Камчыбек Дүйшалиевдин музыка таануу илимин изилдөөсүнө Мукаш Абдраевдын түздөн-түз салымы бар.
Мукаш Абдраевдин шакирти Камчыбек Дүйшалиев улуу композитор менен 1970-жылдардан бери чогуу иштешкендигин, анын адамдык сапатынын бийиктигин айтып олтурду:
– Агай мага дайыма “кыргыз музыкасын изилдеген окумуштуулар жок, ушул жаатында кадрларды даярда” деп айтар эле. Ал Калый Молдобасановго, Эсенгул Жумабаевге, Сатылган Осмоновго композициядан сабак берип, аларды композитор деген наамга ээ кылган. Муратбек Бегалиевдин ушул даражага жетишине, Москвадан билим алышына агайымдын салымы чоң. Мен агайдын адамдык бийиктигине , жоопкерчилигине суктанып бүтпөймүн. 1990-жылы Казак илимдер академиясынын Муктар Ауэзов атындагы институтунда аспирант болуп окуп турганымда, өзүнүн бардык иштерин токтотуп, Алматыга барып менин диссертациямды жактоо маалында профессор катары катышкан. Ошондо ал азыркы жалгыз музыка таануу илиминин докторунун жолун ачкан.
Мукаш Абдраев 1940-жылдан баштап «Бешик ыры», «Азгырба мени, алдаба», «Студенткага», «Кыздын ыры» аттуу лирикалык ырлары жараткан.
Тасма. Мукаш Абдраев. "Баатырдын баатыр жарысың". Сөзү: А. Токтакуновдуку.
Мукаш Абдраев кесиптештери Абдылас Малдыбаев, Акмат Аманбаев, Аскар Түлөев менен кыргыздын «Ким кантти» аттуу тунгуч музыкалуу комедиясын, Аскар Түлөев менен «Курманбек», «Жапалак Жатпасов» деген оюндарга музыка, Абдылас Малдыбаев менен «Токтогул» операсын жазышкан.
Ал «Жаш жүрөктөр», «Олжобай менен Кишимжан», «Бороон алдында» аттуу операларды жараткан. «Олжобай менен Кишимжан» деген операсы кыргыз сахнасынын сыймыгы болуп эсептелет.
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин директору Исирадин Аманбаев улуу композитордун шакирттери, окуучулары кайда, кайсы жерде иштебесин, өз иштеринин татыктуу адиси болгондугун баса белгиледи:
- Мурда Мукаш Абдраевдин канча баласы болсо, 1980-жылдын 26-мартынан баштап азыр ал балдары 100дөн, 1000 ден ашты. Мукаш агайдын балдары кесипкөй музыканттар, өлкөбүздө кайсы кесипкөй адис болсо, ошонун баары Мукаш агайдын балдары. Кандай гана музыкалык адистешкен жер болбосун: опера, филармания, эл аспаптар оркестри, үйлөмө аспаптар оркестри - ушулардын баарында тең агайыбыздын кесипкөй балдары эмгектенишет. "Абдраевдин балдары" деген ысымды алып жүргөн балдар турганда бул ысым тубөлүктүү жашай берет.
Залкар композитор Абдраев кыргыздын симфониялык музыкасынын алтын казынасына «Суусамырда», «Эмгек шаңы», «Ильястын баяны» аттуу поэмаларды, «Бекбекей» деген симфониялык сүрөттөмөнү, «Кыргыз уулу» атуу ораторияны, «Токтогулдун жеринде», «Биздин достукка жүз жыл» аттуу кантаталарды калтырган.
Ал кыргыздын жазма профессионалдык музыкасында биринчилерден болуп музыкалык аспаптардын коштоосу жок ырдалган а капеллага кайрылган. Автордун «Мен кара көз», «Биздин заман, нур заман», «Ичинен кайырма», «Агын суу», «Ырдайлы достор, ырдайлы» аттуу эмгектери хор жанрындагы алгачкы көп үндүү эмгек болуп эсептелет.