Жакында Бишкекте сыналгы каналдарынын биринин берүүсүнө катышып калдым. Чакырылгандардын арасында “Кыргызстанды саздан чыгарам” деп коомдук уюм түзүп жүргөндөрдүн бири да бар болчу.
Таркап кетээрибизде сөздөн сөз чыгып, азыркы тапта абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге байланыштуу талкуулап калдык.
– Аны азыр бошотууга болбойт, – деди маектешим.
– Эмнеге?
– Ал көп акчаны “майкаңдаган” да.
– Эмне, Леонид Маевский Өмүрбектин пара алганын далилдеди деп ойлойсузбу?
– Жок, антип ойлобойм.
– Анда Өмүкөнү кылмышы жок деп табыш керек да!.. – деп таң кала айттым.
Бийликке азыр эч тиешеси жок, бирок Өмүрбектин абакта отурганына табалап караган ушундай мурдагы төбөл инсандар да бар экен.
Албетте, Өмүкөнү сындоодон оңой эч нерсе жок. Менде аны сындай турган абдан көп себеп бар. Маселен, Саакашвилинин тушундагы Грузияда жүргүзүлгөн, азыркы Арменияда жарыяланган олуттуу реформалар тууралуу укканда, тим эле бармак тиштей баштайм. Бирок биздеги өксүктөр жана кыйла мүмкүнчүлүктүн колдон чыгып кетиши үчүн жалгыз Өмүкө гана эмес, жалпы коомчулугубуз, анын ичинде ушул саптардын ээси деле жоопкер.
Бирок ушул тапта Кыргызстандын бетине чиркөө жагдай – бул Өмүрбек Текебаевди жана үзөңгүлөшү Дүйшөн Чотоновду орусиялык бир шылуундун эч тастыкталбаган жоромолунун негизинде абакта кармоонун фактысы. Муну далай айдыңдар айтып чыгышты. Алардын ичинде Өмүрбек Текебаевди жекече жактырбаган кишилер деле жок эмес.
Эски үзөңгүлөштөрү да тынч жатып албастан, коомдук пикирге өз үнүн кошууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине арналган иш-чарада мындайча айтканын угуп кубандым:
– Адамгерчилик кылып, туура эмес ишти түзөлтүп, Текебаевди абактын чыгарса болот эле. Жаңы бийлик келди, анын жолдору, механизмдери бар болчу. Мындай иштерди колдонуп чыгарса болот деп дагы айттым эле. Жогорку Кеңеш, азыркы президент чындап ниети болсо, жакшы максатты көздөсө ушул маселени чечип койсо болмок.
Демек, мурдагы төбөлдөрдүн бардыгы тең эле Өмүрбектин тагдырына кайдыгер эмес экен!
Албетте, "Өмүрбек жана Дүйшөн мырзалар бийликтен кечирим сураса, ырайым кылуусун өтүнсө эле аларга мунапыс берүү керек" деген ойлор айтылып келет. Бирок алар өздөрүн “акмын” дешсе, эмне үчүн иши кылып бийликтен ырайым сурашы керек?
Демек, алардын эптеп абактан бошонуу үчүн кечирим сурабагандыгы – алардын кезектеги азаматтыгы. Ырайым сурабай тургандыгын Өмүрбек мырза да ушул күндөрү тастыктап айтты.
Бир кезде Топчуке да, Феликс агай да Ак үйдүн ошондогу “ээси” Аскар Акаевдин учурунда абакта жатышкан. Алар да кечирим суроодон, ырайым кыл деп өтүнүүдөн баш тартышкан. Бирин Аскар Акаев өзү бошотту, экинчисин элдик ыңкылап бошотту. Экөө тең өз жүзүн сактап калышты.
2005-жылы чын курандын (апрелдин) 24үндө биз обого түз чыккан маек учурунда мурдагы президент А.Акаевге суроо узаткан элек:
- Сиздин бийликте турган учуруңуз чынында Борбордук Азияда Кыргызстанды кайсы бир деңгээлде либерал кылып, айырмалап турган болчу. Бирок ошого карабастан Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова кайсы бир мөөнөттөрдө абакта кармалып турушту. Кулов ыңкылапка чейин таптакыр эле абактан чыгарылган жок. Ошол учурлар үчүн сиз азыр өкүнөсүзбү?
- Мен бир киши - Кулов үчүн өкүнөм, - деп ал жооп узаткан. А башкалардын адилетсиз камалганына эмне үчүн өкүнбөгөндүгүн ал ачыктап отурган эмес. Берилчү башка суроолордун көптүгүнөн биз да бул жагдайды тактабагандыгыбыз кейиштүү.
Анан президент Курманбек Бакиевдин тушунда генерал Исмаил Исаковдун, дипломат Аликбек Жекшенкуловдун ж.б. атуулдардын саясий себептер менен абакка отуруу кезеги келди...
Маселенин бардыгы – Кыргызстанда 2005- жана 2010-жылдардагы кош элдик ыңкылаптан кийин саясий жүйөө менен камоолорго чек коюлбай жаткандыгында.
Мен толук ишеним менен айта алам: биз Текебаевдин доорунда жашап жатабыз.Эдил Байсалов
Быйыл 2-августта Кыргызстандын мурдагы Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү Эмил Каптагаев мындайча пикирин “Фейсбукта” жарыялаган:
“Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Жогорку Сотто кайра карай баштоо үчүн юридикалык терең иликтөөлөрдүн деле кереги жок, болгону президент Сооронбай Жээнбеков, генералдар Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мурдагы Мэри Айтмамат Кадырбаевдер 2010-жылдагы 13-14-майдагы Оштогу болгон окуялар жана ал окуяларга Дүйшөн Чотоновдун качан жана кандай шартта катышкандыгы тууралуу чындыкты айтып беришкени эле жетиштүү...”
Өмүкөнүн жаш үзөңгүлөшү, саясатчы Эдил Байсалов болсо ал тууралуу мындайча пикирин жарыялады:
“Бул кишини мен катуу сындайм кээ бир учурларда, бирок Өмүрбек Чиркешович мекенибиздин эң улуу саясатчысы жана мамлекеттик ишмери болгонунда эч кимибизде шек жок. Мен толук ишеним менен айта алам: биз Текебаевдин доорунда жашап жатабыз, анткени ар бир баскан турганыбызды эрежелеген мыйзамда жана тарыхый окуяда ал кишинин изи жана салымы бар”.
Жакшылык Бердибек уулу, Асыран Айдаралиев сыяктуу жаш замандаштары да интернетте Өмүкөнү колдоп ырааттуу маалымат таркатып турушту. Алардын таптакыр башка дубандардан экенин, Өмүкөнү жердештери гана эмес, бардык дубандардын жана ар башка этностордун өкүлдөрү колдогондугун жана колдоп жатышкандыгын кыстарып айта кетүү абзел.
Андан тышкары бештин айынын (декабрдын) 10унда мурдагы президент А.Атамбаевдин "Өмүрбек Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен" деген өкүнүчү да Ө.Текебаев, Д.Чотонов саясий кермек даамдуу сот ишине кабылганын тастыктап тургансыйт:
- Мыйзамды бузуп, каматпай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын, - деген А.Атамбаев.
Коомчулук болсо "пара бергем" деген Леонид Маевскийдин чаташкан жооптору сотто далилденбей калган учурларды ого бетер шектенип эстеп келет.
Ал эми быйыл жетинин айында (ноябрда) Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири өлчөмдөгү акча доолаган" деген айып менен (таптакыр башка маселе боюнча) Орусияда камакка алынган соң, калайыкта анын кыргызстандык соттогу мурдагы айткандарына карата ого бетер ишенбестик мамиле күчөдү.
Оппозициядагы "Ата Мекен" партиясы гана эмес, кеңири коомчулук өкүлдөрү да жаңы кырдаалда Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайра карап, аларды актоо талабын улам жаңы күч менен көтөрүшүүдө.
Андан тышкары башка да "саясий туткун" делген инсандардын тагдыры тууралуу тынчсыздануулар байма-бай айтылууда.
“Фейсбук” сыяктуу коомдук тармактарда жана башка маалымат каражаттарында үн кошкон замандаштарыбыздын ойлорун бир сүйлөмгө батырсак, анда Садыр Жапаровдун жана башкалардын жемкорлукка эч байланышпаган жана саясий кермек даамы бар соттук иштерин да жаңыча кароонун жана чечүүнүн удулу келип турат.
Авторитаризмге таандык саясий оппонентке ыдык көрсөтүү усулдары Кыргызстан үчүн чаң баскан архивдик кагаздардагы көрүнүшкө, эски түшкө айлануусу кажет.
Жаңы жылдын ирегесинде эски саясий кемчиликтерден оолактоонун, саясий себептер менен камалгандарды чечкиндүү түрдө бошотуунун эң керемет мүмкүнчүлүгү, – далай замандаштарыбыз улам баса белгилегендей, – Бишкектеги Ак үйдүн, Көк үйдүн жана Сот үйүнүн колунда турат, алардын саясий эркине гана байланыштуу десек болот.
Айтмакчы, соңку маалыматка караганда, өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков бештин айынын (декабрдын) 22синде ушул тапта сегиз жылдык абак жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 60 жашка чыгышы менен куттуктаптыр ("Азаттык” үналгысынын маалыматы). Мурдагы эч бир президенттин абактагы саясатчыны туулган күнү менен куттуктаган учуру эч жадыбызда жок.
Демек, калпыстыктар жоюларына үмүт да бар. Бийлик Ө.Текебаев менен гана чектелбеши керек...