Өлкө каржалып, улут кыйналып, кайран эл карайлап жол издеп, журт башчысымын дегендер менен башчы болгусу келгендер караңгыда көз таппай, кысталышта сөз таппай, кыйналып турат.
Кырдаалдан кантип чыгабыз деп жооп издеп турган чакта акылыбыз тайкыраак, билимибиз тайызыраак, абийирбиз, намысыбыз, жоопкерчилигибиз чамалуу экени аз келгенсип, айткан кеңештерге кулак салбай, бири-бирин укпай, аарынын уюгундай ызылдаган кезибиз. Эмне үчүн биз деп жалпылаштырып жатам. Анткени баарыбызга тиешелүү, баарыбыз жооп беребиз, эч кимибиз тышта калбай турган, ар бирибизге, каржалып өлкө ичинде өмүр кечирген жана ырыс издеп тышта жүргөн атуулдарыбызга тике таасир эте турган кырдаал.
Биз кептелген абалды кантип жөнгө салабыз дейбиз.
Абал азыр кандай? Бизге чейинки муун кармашып, каны төгүлүп, эчен азапты башынан кечирип, бизге араң жеткирген, мураска калтырган мамлекетибизде өнүгүүгө карганда өксүк арбын экен.
Социалдык-экономикалык, саясий, адеп-ахлактык, укуктук терең кризис өкүм сүрүп келгенине бир топ убакыт болду. Башчылар башкара албай калганда, эл-журт тажап, башка жашоого мүдөөсү күчөгөндө толкуйт.
Кечээги, 5-6-октябрдагы окуялар элдин табигый реакциясы, күтүлгөн кадамы. “Эл жоопкерчиликтүү, акылы жетик, абийирдүү парламентке муктаж, бул жакшы жашоого татыктуу журттун тарыхый укугу.
Шайлоодо адилетсиздикке, бурмалоого, добуш сатып алууга, басым-кысымга жол берилбеши керек, бул – бийликтин мыйзамдуу милдети. Бир гана нерсе – элдин эрки, абийири, намысы жана өз тагдыры үчүн жоопкерчилиги ар кандай ыплас технологияларга, жалган убадаларга, карандай күчкө, арам акчага бөгөт боло алат” деп тээ шайлоого чейин эл-журтка кайрылган экенбиз.
Ооба, эл үмүт кылып, парламенттик өлкөдө парламентке татыктуулар келсе деп эркин билдирмек, бирок күлүгү жок аламан жарышта эркин тандоого шарт болбоду. Эл мажбурланды.
Шайлоочуларга өлкөнүн байлыгын талап-тоноо, элдин ырыскысын уурдоо, мыйзамсыз бизнести өнүктүрүү “технологиясын” мыкты өздөштүргөн кыйындардын жана алдоо жолу менен бийликке ээ болууга кынык алган шылуундардын оюну таңууланды. Эл да өз эркин билдирүүгө эрки жок экенин билинди. Шайлоо бейадилет өтүп, мыйзамдар одоно бузулуп, эрежесиз кармашка айланганда эл толкуду.
Элдик толкун бийлик, байлык талашуу процессине айланып, башаламандык, анархия, чагымчыл аракеттер орун алды. Бийликтин вакууму жаралып, али калыптана элек.
Элита алсыз экен. Лидерлер лидерликке жарабасы, саясатчымын дегендер электоратка ээ эмеси көрүндү. Партиялардын тарапташтары жок, элге баш-көз боло албаганы даана байкалды. Жаштары жаштарды укпай, улууларды чанып, жектеп, бир даары бейбаштык кылып, эстүүрөөктөрү тынчтыкты сактаганга аракет кылды. Ээн баш топтор күчкө айланды, кара күч саясатка аралашты.
30 жыл ичинде жакшы иштер да болду, бирок өтө майдаланып, деградация болуптурбуз. Ага эл күнөөлүү эмес. Өзүмчүлдүк жашоо парадигмасына айланыптыр. Жаштар да айыптуу эмес. Жаш муунду жакшы сапаттарга караганда, жаман адаттарга көбүрөөк үйрөтүптүрбүз. Жаңы муунга жарытылуу билим, ырыстуу тарбия бербептирбиз, элди жакырчылыкта, караңгылыкта кармаптырбыз, ушунун баары өтө залакалуу натыйжасын берди. Не өзүбүз баштан кечирген тарыхтан, не өңгөлөрдөн сабак албаптырбыз. Отуз жыл ичинде бийлик талаш, так талаш, байлык талаш менен жүрүп элдин ишениминен биротоло ажыраган экенбиз.
Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон көпчүлүк партиялар саясий партия эмес, идеясы, программасы, өнүгүү стратегиясы жок, эптеп мөрөй алуудан башка мүдөө көздөбөгөн уюшма топ экени айкындалды.
Эгерде кечээги окуяларды атайы уюшулган десек сценарийдин артында акыл-эс байкалбайт, интеллекттин карааны көрүнбөйт. Эгер чын эле максаттуу уюшулса, анда ошол сценарийдин авторлору, уюштуруучулары да, ага даярдыгы жок, ошого жол берген бийлик өкүлдөрүнүн да интеллекти кем, жоопкерчилиги төмөн, эрки бош, билими тайкы окшобойбу.
Эгер окуялар тыштан даярдалып, хаос, анархия, охлократия, башаламандыкты көздөсө, анда анын авторлору кубаттуу күчтөр. Баштапкы максатына жетти. Эмки этапта эмнени ишке ашырарын күтүшүбүз керекпи. Жок. Анда да бирөөлөрдүн аракетинин объектиси, колундагы оюнчугу болобуз, демек эмнени каалап жатканын билип, ошого жараша иш кылганыбыз абзел. Эгер маселени өзүбүз чече албасак, анда чет мамлекеттер жана тышкы күчтөр башкарат, биротоло суверенитетти жоготобуз, эгемендүүлүктөн айрылабыз.
Саясий институттардын жана күчтөрдүн легитимдүүлүгү талаш бойдон калууда. Бул анчалык деле коркунучтуу маселе эмес. Бийлик эртеби-кечпи де-юре легитимдешет. Конституциялык бийлик органдары колунда бийлиги туруп деле кыйратып жиберген эмес.
Маселе башкада. Де-факто жана де-юре, ичте жана тышта, моралдык жана саясий легитимдүүлүк болгондо гана бийлик толук легитимдүү деп эсептелет. Биздеги бир дагы саясий күч андай толук легитимдүүлүккө ээ эмес. Бири да легитимдүүлүктүн пайдубалы – эл ишенимине ээ эмес. Бир эле чыгаан инсан, акылдуу, абийирдүү, жоопкерчиликтүү, эрки бекем лидер тагдыр чечип коет. Тарыхта боло келген мындай учурлар.
Ошондуктан ушул азыркы абалдын статус-квосун таанышыбыз керек дагы, жаңы шайлоого барышыбыз керек. Ага чейин азыркы өкмөт дараметин көргөзөт, парламент өз функциясын акылы жана жоопкерчилиги жетишинче аткара турат. Жок, такыр эле баары канааттандырбаса, анда Баш мыйзамды референдум аркылуу өзгөртүп, жаңы мамлекеттик система курушубуз керек болот.
Кыйсыпыр учурларда эски шылуундар калкып чыгат, жаңы айлакерлер пайда болот, тилекке каршы, бирок чыныгы лидерлер да пайда болот, бактыга жараша. Жаштар арасында, шайлоого катышкандар жана ичте жүрүп катышпай калган, тышта жүргөн мыкты уул-кыздар кантип жок болсун? Албетте табылат, уучубуз кур эмес. Бирок шайлоо ушул толкундоолорго, мыйзамсыздыкка, анархияга алып келген ыплас жол менен өтсө, мыкты инсандар дагы деле тышта калат, кайра неченчи ирет эски айлампага киребиз, кашайып.
Абалдан азыр чыгуунун жана келечектүү жолун коомдук ишмерлер жана жарандык уюмдар, ички жана тышкы институттар сунуштап келүүдө. Азыркы кырдаалдын актерлору, негизги оюнчулары ийри отуруп, түз кеңешип, акыл калчап, көпчүлүктү канааттандырган, ынандырган, ишеним жараткан чечимдерге келип, адекваттуу кадамдарды жасаганы туура. Башка жол – артка жол.
Болочок шайлоодо (шайлоо сөзсүз болот) эл буга чейинки окуялардан сабак алып, татыктууларын тандап алышы керек. Бийликтин туткусу, өзөгү жана жападан жалгыз бутагы эл. Ошол элдин элегинен өтүп, акыйкат жарышта озуп чыкканы бийликке татыктуу, легитимдүү. Эл дагы өз тагдырын, өлкөнүн оор жүгүн мамлекеттик бийликти колуна тапшыра турган талапкерлерди тандоодо өз жоопкерчилигин сезүүгө тийиш. Маселе абийирде, акыл-эс менен билимде жана жоопкерчиликте.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.