Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21
Азыркы көчмөндөр
Четтеги кыргыздардын Нооруз шаңы
21-Март, 2016
Жыл жаңырган Ноорузду дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктар да майрамдашууда. "Азаттык" четтеги мекендештерибиз жиберген сүрөттөрдөн топтолгон майрам шаңын чагылдырган фотобаянды сунуштайт.
1
Шотландия. Эдинбург шаарындагы кыргыздар уюштурган Нооруз. Ильяз шотландиялык Бен менен "Кара жоргону" бийлеп жатат. (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)
2
Мюнхен шаарында кыргыздар уюштурган Ноорузга келген секелектер. Маалыматтарга караганда, Германияда 4500дей кыргызстандык жашайт. 19-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
3
Жапониянын Ниигата шаарындагы кыргыздардын майрамдык дасторкону, 21-март, 2016-жыл
4
Түштүк Кореянын Почон шаарындагы кыргыздар Ноорузду майрамдап атышат. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов)
5
Мюнхен шаарындагы Нооруз майрамында улуттук буюмдардын, кийимдердин чакан көргөзмөсү да уюштурулду. 19-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
6
Орусиянын Хабаровск шаарындагы кыргыздар Ноорузду майрамдоо учурунда. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Айгерим Акылбекова)
7
Бишкектен келген ырчы Мээрим Карыпова мюнхендиктерди куттуктап ырдап жатат. 19-март, 2016-жыл. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
8
Москва шаарындагы кыргыздардын маданий борбору Нооруздун урматына орус баш калаасында кыз-жигиттер ортосунда “Сармерден” өткөрдү. 20-март, 2016-жыл
9
Мюнхен шаарындагы Нооруз майрамына Бишкектен келген комузчулар. 19-январь, 2016-жыл. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
10
Шотландиянын Эдинбург шаарындагы кыргызстандык кыздар. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)
11
Мюнхен шаарындагы майрамда уюштурулган көңүл көтөрүүчү оюн. 19-март, 2016-жыл. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
12
Түштүк Корея. Почон шаарында Ноорузда кыргыздар "Аркан тартмай" ойноп жатышат. 21-март, 2016-жыл. Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда бейрасмий беш миңге чамалуу, расмий эки жарым миңдей кыргызстандык жашайт. (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов)
13
Шотландия. Майрамдык кечени уюштургандар Рахат Жусупова жолдошу Кер Брукер экөө келген конокторду куттуктоодо. Эдинбург, 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)
14
Түштүк Корея. Почон шаарында кыргыздар Ноорузда күрөш уюштуруп, кызыкка батышты. (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов)
15
Мюнхен шаарындагы кыргыздардын Нооруз майрамына келген кыздар. 19-март, 2016-жыл. Маалыматтар боюнча Мюнхенде 300дөй кыргызстандык бар. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)
16
Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар Ноорузду белгилеп жатышат. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Айгерим Акылбекова)
Четтеги кыргыздардын Нооруз шаңы
Back to top
XS
SM
MD
LG