Москвада Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин алдындагы аскердик университетте 40тан ашуун кыргызстандык курсант окуйт. Бул жогорку окуу жай 1919-жылы түптөлгөн. Ал жерде КМШ, Кытай, Монголия, Йемен жана башка өлкөлөрдүн жарандары билим алышат. Келечектеги офицерлер юридикалык, филологиялык, экономикалык жана социалдык тармактар боюнча билим алышат. Курсанттар бул университетке ар бир өлкөгө бөлүнгөн атайын орун менен өтүшөт.