Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Акылбек Жапаров: Төрт премьер-министр 100 күндө кайсы милдетти чече алат? Алмазбек Баатырбеков, жайытты чечип бериңиз. Ак-Кыя менин айылым.

Алмазбек Баатырбеков: Жайыт маселеси бардык райондордо бар.

Акылбек Жапаров: Өнүккөн өлкөлөрдө дары чыгып атат. "Ремдесивир" деген дары чыкты. Мышык-чычкан болуп, анан Дары департаменти качан алат деп отургуча канчабыз кырылып кетебиз? Качан аларды алабыз?

Кубатбек Боронов: Өнүккөн, ишенимдүү мамлекеттер колдонгон дарыларды түз алуу боюнча иштеп атабыз. Бизде азыр беш профессордон турган топ иштеп атат. Жакшылап изилдеп атат. Бул маселени карап туруп, анан кабар беребиз.

Иса Өмүркулов: Импорт, экспорт маселесине көңүл буруңуздар. Аз да болсо экспортко чыгаргана аракет кылыш керек. Өзүбүздө турган завод-фабрикаларды иштетүүгө аракет кылыңыздар. Жеке капиталды да коркпой эле чакыруу керек. Алардын жардамы болбосо болбойт.

Зиядин Жамалдинов: Башка киши келсе өкмөттү талкаламак. Азыр кырдаал оор. Өткөндө Мухаммедкалый Абылгазиев отчет берип атып, бензиндин баасын түшүрөм деди эле. Түшкөн жок.

Экинчиден, Кумтөрдү чакырып сүйлөшүңүздөр. Кырдаал оор, сураңыздар.

Үчүнчүдөн, суу маселеси. Башка мамлекетти ойлобой өзүбүздү ойлойлу. Кышында электр энергиясы жок калабыз.

Төрөбай Зулпукаров: Кээ бир саясий күчтөр шайлоодо кырдаалды күчөтүүгө аракет кылышы керек. Силер буга даяр болушуңар керек. Бир дагы партияга басым көрсөтпөй иштеп кете аласыңарбы?

Кубатбек Боронов: Кечээ президент Сооронбай Шариповичтин кабыл алуусунда болдук. Ал киши дагы шайлоону таза өткөрүп берүүнү суранды. Принципиалдуу түрдө биз таза шайлоо өткөрүп беришибиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG