Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Карамат Орозова: Соңку кезде үй-бүлөлүк зомбулук көп катталууда. Үй-бүлө сакталмайынча, мамлекет сакталбайт. Көп мектептер авариялык абалда. Ал бир күнү урап калса эмне болот?

Кубатбек Боронов: Биз карантинди убагында киргизгенбиз. Бирок баарын эле бекитип отурганга шарт жок. Экономиканын абалын көрүп турасыз. Эл азыр санитардык талаптарды сактабай жатат. Бирок дагы эле болсо элге жетпей жатат. Эң жаманы кээ бир жарандарыбыз "коронавирус жок" дегенге өзү эле эмес, башкаларды да ишендирип жатат.

Дастан Бекешев: Кечээ түрмөдө жаткан Эмил Кимсановдун сабалганы боюнча видео тарады. Ал мурда Бажы кызматынада иштеген. Кылмыштуу топтор жоюлмайынча, бул көрүнүштөр токтобойт. Кимсановдун видеосуна кандай реакция болот? Премьер-министр болуп атасыз, эми тойлорго катышпай жакшы иштесеңиз. "Тойго барды, самсы жеди" деген сөздөрдү укпайлы.

Кубатбек Боронов: Эл арасында коронавирусту жугузуп алгандарды 70% симптомсуз алып жүрүүчүлөр болууда. Ошон үчүн биз эл аралык рейстерди ачууну ойлонуп турабыз. Алгоритмдерди түзүп атабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG