18-февралда Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул үч айдан бери уланып жаткан массалык нааразылыктын кандуу күнү болуп калды.
Кан төгүлгөн Киев

1
19-февралда Төбөлсүздүк аянтында баррикадалар өрттөлдү

2
Аянттагы өкмөткө каршы чыккандар полициядан тартып алган калкандар менен коргонууда, 19-февраль.

3
Демонстранттарга Киевдеги чиркөөдө медициналык жардам көрсөтүлүүдө, 19-февраль.

4
Төбөлсүздүк аянтындагы өрттөлгөн профсоюздар үйүнөн чыккан түтүн, 19-февраль.

5
Полиция Төбөлсүздүк аянтында өрттөлгөн баррикадалардын маңдайында турат

6
Демонстранттар полиция менен кагылышууда, 18-февраль.

7
Полиция менен кагылышта жарадар болгон кишиге демонстранттар жардам берүүдө.

8
Полиция жардырган тарсылдактар менен жалын Төбөлсүздүк аянтын жарык кылып турат, 18-февраль.

9
ИИМдин аскерлери таш бараңдан коргонууда

10
Полиция кагылыштарда жарадар болгондордун жанында турат

11
Демонстранттар Киевдин өкмөттүк бөлүгүн көздөй курал-жакракты мээлеп турат, 18-февраль.

12
Полиция нааразылыктын катышуучусун кармап жатат, 18-февраль

13
Полиция менен демонстранттардын кармашы жүрүүдө, 18-февраль

14
Жарадар болгон киши жерде жатат

15
Жарадар болгон полиция кызматкери

16
Өкмөттүк имараттар турган тарапта күйгөн дөңгөлөктөр