Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:35

Австриянын өкмөтүнө улутчулдар келди


Австриянын жаңы дайындалган канцлери Себастьян Курц жана вице- канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе.
Австриянын жаңы дайындалган канцлери Себастьян Курц жана вице- канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе.

Австрияда ашынган оңчулдардан куралган өкмөт ишке киришти. Министрлер кабинетинин башына Элдик партиянын лидери, 31 жаштагы Себастиан Курц дайындалды. Ал тапта Чехиянын баш калаасы Прагада Европадагы улутчул партиялардын лидерлери жыйын өткөрүштү.

Венада жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берип, кызматына киришип жаткан маалда калаанын чок ортосундагы Хельденплац аянтына алты миңдей адам нааразылык акциясына чыкты.

Алар "Нацисттер жоголсун!", "Биз нацисттерди каалабайбыз!" деген ураандар жазылган кагаздарды көтөрүп турушту. Демонстранттардын бири, Венанын тургуну Маргит Ханкер:

- Мен социалдык төлөмдөрдүн кыскарышына каршымын, мен ксенофобияга каршымын жана жалпы эле ушул өкмөткө каршымын, -деди.

Баш калаа Венадагы акцияга миңдеген адамдар чыгышты.
Баш калаа Венадагы акцияга миңдеген адамдар чыгышты.

Австрияда 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Себастиан Курц (Sebastian Kurz) жетектеген Элдик партия жеңишке жеткен. Эки айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Курцтун партиясы ашынган оңчулдардын "Эркиндик" кыймылы менен коалиция түзүп, 31 жаштагы саясатчы өкмөт башчылыкка дайындалды.

Эки партия тең миграция мыйзамдарын, анын ичинде качкындарга башпаанек бере турган шарттарды катаалдатууну көздөп келишет. Курц сүйлөшүүлөр оңой болбогонун билдирди:

- Кечээ кечинде биз узакка созулган жана чыңалган сүйлөшүүлөрдөн кийин Австрия үчүн өкмөттүк программа боюнча бир келишимге жетиштик.

Буга чейин борборчул позицияны карманып келген Элдик партиянын программасы ушул жылдын май айында, башына Курц келгенде өзгөргөн. Ал Австриядагы жаңы мечиттердин курулушун тыштан каржылоого тыюу салган мыйзамды колдоп, өлкөдөн башпаанек алган качкындарга жөлөк пулду кыскартып, милдеттүү түрдө немис тил курстарына баруусун талап кылган сунуштарды айтып чыккан.

Дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы Себастьян Курц.
Дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы Себастьян Курц.

Айрым саясатчылар өкмөттөгү эң маанилүү делген Ички иштер министрлиги, Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясынын карамагына өтүп кеткенине камтамачылыгын билдиришти.

Аталган кыймылдын башчысы Хайнц-Кристиан Штрахе вице-канцлерликке дайындалды. Бул партия өзүнүн Евробиримдикке жана миграциялык саясатка каршы позициясы менен белгилүү. Анткен менен Хайнц-Кристиан Штрахе ант берер алдында коалициялык өкмөт Австриянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча референдум өткөрбөстүгүн билдирди.

- Биз Евробиримдикти колдойбуз жана биз Европанын тынч өнүгүшүн колдойбуз, - деди ал.

Ал эми Штрахенин Европадагы айрым санаалаштары мындай ойлорунан кайта элек. Ишембиде Чехиянын баш калаасы Прага шаарында Европа өлкөлөрүнүн улутчул күчтөрүнүн конференциясы өттү.

Бул жыйынды чех парламентинин вице-спикери Томио Окамура, Франциянын ашкере оңчул "Улуттук фронтунун" лидери Марин Ле Пен жана нидерланддардын "Эркиндик" партиясынын лидери Герт Вилдерс уюштурган.

Үчөө тең жыйында миграция кескин каршылыгын билдиришти. Герт Вилдерс качкындарды кабыл алуудан баш тартып жаткан Чехия, Венгрия жана Польшанын турумдарын колдорун ишара кылды.

Марин Ле Пен шаркет континентти жок кылууга багытталган деген пикирин билдирди:

- Биз ксенофоб эмеспиз, биз Евробиримдикке каршыбыз.Мен ойлойм биздин пикирибиз бир, анткени бул уюм бозгундарды каптатуу, биздин мамлекеттердин маданиятын четке кагуу менен континентибизди жок кылууга багытталган. Мага голландиялыктын голландиялыктай, чехтин чехтей, француздун француздай, италиялыктын италиялыктай болгону жагат.

Конференция өтүп жаткан маалда Прагада улутчулдукка каршы жарандык активисттер, укук коргоо уюмдары нааразылык акциясын уюштурушту.

Чехияда октябрдын соңунда өткөн парламенттик шайлоодо Томио Окамуранын ашынган оңчул партиясы парламенттеги 200 орундун 22сине ээ болгон. Ушул күздө Германияда өткөн парламенттик шайлоодо "Германия үчүн альтернатива" деген улутчулдардын партиясы согуштан кийинки өлкө тарыхында биринчи жолу Бундестагга кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Нидерланддагы шайлоодо миграцияга каршы ураандары менен белгилүү "Эркиндик" ашынган улутчулардын кыймылы экинчи келген. Бирок ал жакта коалициялык көпчүлүктүн курамына кире алган эмес. Ал эми Франциядагы "Улуттук фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пен президенттик шайлоонун экинчи айлампасына өтүп, анда Эммануэл Макронго утулуп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG