Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырууда.
Скандинвиядагы эки мамлекетте бир нече жолку Куранды өрттөө акциялары мусулман өлкөлөрүндө - он бештей мамлекетте, нааразылык жаратты. Кыргызстан дагы бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга чакырды.
31-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө "Стокгольм Куранды өрттөө сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алуу чараларын көрүшү керек экенин" билдирди.
Швед тараптын демилгеси менен уюштурулган баарлашууда Билльстрём Куран китебинин өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул боюнча швед өкмөтүнүн позициясын белгиледи.
Буга чейин расмий Астана менен Дүйшөмбү Куран китебин өрттөө акциялары боюнча билдирүү жасашкан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 27-июлда тараткан билдирүүсүндө Швеция жана Данияда болгон окуяларды айыптаган.
"Ыйык Куранды тебелеп, өрттөө дүйнө мусулмандарынын сезимдерине шек келтирип, коомдо кастыкты козутууга, диндер аралык жаңжалды тутантууга багытталган", - деп жазылган билдирүүдө.
Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Куранды өрттөө акцияларын айыптап, "дүйнөдө чыңалууну күчөтүүгө, улуттар жана мамлекеттер ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис кутум" деп атаган.
Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз жыйыны
Дания менен Швециядагы Куран китебин өрттөө акцияларына байланыштуу Сауд Арабиясынын жана Ирактын демилгеси менен 31-июлда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз онлайн жыйыны өттү.
Анын жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияга ылайык, уюмга мүчө мамлекеттер Дания менен Швеция мамлекеттеринде Курандын бир нече ирет өрттөлүшүн чечкиндүү түрдө айыпташты.
Ошондой эле эл аралык коомчулукту Ыйык китептерге, анын ичинде Куранга шек келтирүүнүн алдын алуу үчүн бир катар чараларды көрүүгө чакырды.
Андан тышкары ислам мамлекеттерин тийиштүү саясий кадамдарды кабыл алууга, анын ичинде Швеция менен Даниядагы элчилерин кеңешүү үчүн чакыртуу сунушун беришти.
Куранды өрттөөгө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.
Документте "Адам укуктары боюнча кеңеш диний жек көрүүчүлүктү пропагандоолону жана көрсөтүүнү, анын ичинде Ыйык Куранга атайылап коом алдында шек келтирүүнү кескин түрдө айыптайт жана күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарыл экенин белгилейт" деп жазылган. Резолюцияны 28 мамлекет колдоп, 12си каршылыгын билдирди.
Швеция менен Дания "юридикалык жол" издөөдө
Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолун" табууга аракет кылат. Бул тууралуу 30-июлда өлкөнүн тышкы иштер министри Ларс Лeкке Расмуссен билдирди.
Даниянын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү тараткан атайын билдирүүдө: "Сөз эркиндиги Дания коомунун эң башкы баалуулуктарынын бири деп саналат. Куранды өрттөө акциялары ушундай кеңири масштабга жеткендиктен, дүйнөнүн булуң-бурчунда Данияны башкалардын салт-санааларын, маданиятын жана динин басмырлоого жол берген мамлекет катары кабыл алып жатышат", - деп жазылган.
Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерссон социалдык тармактарга жарыялагандай, анын өкмөтү дагы мындай акцияларга тыюу салуунун мыйзамдуу жолун караштырып жатат.
"Биз дагы улуттук коопсуздукту, шведдердин коопсуздугун бекемдөө чараларын караштырып чыгуу үчүн бул кырдаалды юридикалык көз караштан анализдей баштадык", - деп жазды Кристерссон Инстаграмга.
Куранды же башка диний китептерди өрттөө Данияда кылмыш катары саналбайт. 2017-жылы өлкө парламенти кылмыш ишин ачууга жол берген "динге акаарат келтирүүгө" байланыштуу беренени жокко чыгарган.
Куранды өрттөө боюнча акциялар
28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн.
Салван Момика CNN телеканалына курган маегинде, Швецияга беш жыл мурда Ирактан келгенин жана швед жарандыгы бар экенин айтты. Ал өзүн атеист экенин билдирип, "Куран китеби демократияга жана адам укуктарына дал келбей турганын", ошондуктан бул акцияны уюштурганын кошумчалаган.
Адегенде полиция Момиканын акциясына коомдук тартипке коркунуч жаратат деген жүйө менен уруксат берген эмес. Бирок уюштуруучулар апелляциялык сотко кайрылып, бул сунуш мыйзамдуу деп табылган. Соттун чечиминен эки апта өткөндөн кийин полиция макул болгон.
Бир ай өтпөй, 20-июлда Момика Ирактын Стокгольмдогу элчилигин алдында Куран китебин жана Ирактын желегин тебелеп, Ирактын белгилүү диниятчысы Муктада ас-Садр менен Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин сүрөттөрүнө бутун сүрткөн.
27-июлда Ирактын Даниянын баш калаасындагы элчилигинин алдында "Даниялык патриоттор" тобунун эки мүчөсү жерге Куран китеби менен ирак желегин коюп, тебелеп-тепсеп, өрттөп салышкан. Соңку жума ичинде Ирактын, Египеттин жана Пакистандын Копенгагендеги элчиликтеринин алдында ашынган оңчул активисттер Куран китебин өрттөшкөн.
30-июлда Даниядагы чет мамлекеттердин элчиликтеринен алдында Куранды өрттөө боюнча беш акция өткөн.
Салван Момика деген ким?
Салван Момика Швецияга 2018-жылы келгени белгилүү болду. Ырасталган маалыматтарга караганда, 2021-жылы ал үч жылга Швецияда расмий жашоого уруксат алган.
France24 басылмасы жазгандай, Момика бардык социалдык тармактарда, өзгөчө TikTok менен Фейсбукта активдүү. Бардык аккаунттар Швецияда качкын макамын алгандан кийин ачылган.
Момика өзү жергиликтүү басылмаларга курган маегинде Швециядагы улутчул партияга мүчө экенин, алтургай бул партиянын атынан өкмөткө барууга ниети бардыгын билдирген. "Швед демократтары" партиясы Момиканын мүчөлүгү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Расмий Багдад Стокгольмдон Момиканын экстрадициясын талап кылууда. Ал Иракта динге акаарат келтиргени үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Июнь айынын соңунда швед полициясы ага кастыкты козутуу жана өрт коюуга тыюу салган мыйзамды бузуу боюнча айыптарды такты. Момиканы учурда бир эле мусулмандар эмес, башка диндин өкүлдөрү да сөгүп, коркутуп-үркүтүп жатышканы маалым болду.
Социалдык тармактарга тараган видеолордун биринде Швециядагы дүкөндөрдүн биринин ээси Момиканы тейлөөдөн баш тартып жатканын көрүүгө болот.
"Мен ирактык тарсамын, бирок сенин аморалдык жүрүм-турумуңду кабыл ала албайм. Сен Исламга акаарат келтирүү менен баарына, анын ичинде бизге христиандарга да зыян келтирдиң", - деп кыйкырып жатат ал.
Мусулман мамлекеттериндеги калктын кыжырдануусу
Дания менен Швециядагы Куранды өрттөө акцияларына каршы он бештей мамлекетте нааразылык митингдери өтүп, ага миңдеген адам катышты.
20-июлда "Хезболлах" радикал тобунун башчысы араб өлкөлөрүн жана ислам мамлекеттерин Швеция менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырган.
Ошол эле күнү Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн жаалданган адамдар Швециянын элчилигине кирип барып, өрттөп жиберген. Ирак полициясы аларды суу чачып, электрошокерлерди колдонуу менен таркатууга аракет кылды.
Пакистан боюнча бардык мусулмандар 7-июлда, жума намаздан кийин митингге чыгып, "Ыйык Куран күнүн" белгилешти. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф Стокгольмдо ыйык Куран китебинин өрттөлүшүнө нааразылык билдирип, Швецияга каршы митингдерге чыгууга чакырган.
Андан тышкары Сауд Арабиясында, Иранда, Йеменде, Түркияда жана башка мамлекеттерде нааразылык демонстрациялары өттү.
Биринчи жолу эмес
Ушул жыл башында, тактап айтканда, 21-январда даниялык ашынган улутчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебин өрттөп салган.
Бул кадам бүтүндөй Түркияда нааразылык акцияларынын тутанышына түрткү болгон. Түркиялыктар дагы Швециянын Анкарадагы элчилигинин алдына чыгып, швед желектерин өрттөштү.
Бул акция Швециянын НАТОго мүчө болушуна тоскоолдук жараткан. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-январда Швеция Анкаранын колдоосуна ээ болуу тууралуу үмүтүн өчүрүш керек деген.
Ал кезде Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерссон "Адамдар эркин ой билдирүү укукгун колдонуу менен ыйык китептерди өрттөө сыяктуу иш-аракеттерге барып жатканын толук кабыл алам. Бул мыйзамдуу кадам. Бирок сыйлоого татыктуу деп ойлойбойм", - деп билдирген.
Түркия быйыл июнь айында гана Швециянын НАТОго кошулуусуна макул болду.