Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Кумтөрдөгү жарака кендеги ишти аксатты


Кумтөр алтын кениндеги “Борбордук” карьер. Архивдик сүрөт.
Кумтөр алтын кениндеги “Борбордук” карьер. Архивдик сүрөт.

Кумтөр алтын кенинин “Борбордук” карьеринде жер кыртышы тездик менен жылып жатканына байланыштуу ошол участоктогу кызматкерлер жана техникалар коопсуз жайга чыгарылды. Бул Кыргызстан Кумтөрдү өзү иштетип жаткандан берки эң чоң сыноолордун бири болгону калды жана ал өндүрүлгөн алтындын көлөмүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бир аймакта кен казуу токтотулду

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингдин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн “Борбордук” карьериндеги тоо тектеринин жылышы кен казуу иштерине таасирин тийгизгенин, буга байланыштуу пландар өзгөрөрүн айтты. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мындай окуялар Кумтөрдүн тарыхында эки жолу болгонун, жер кыртышынын жылышы күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.

Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң. Анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот. Биз мониторинг кылып бир миллиметрди да эсептеп атабыз. Түшүп кете турган аймакты кошумча аянты менен эсептеп, адамдарды, техниканы чыгарганбыз. Техникаларды башка жерде иштетүүдөбүз. Бул өндүрүшкө таасир бергендиктен эми пландарды өзгөртөбүз”.

Мунун алдында катуу жааган жаан жана кардан улам кендин “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон.

Анын себептерин иликтеп чыгыш үчүн 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мекемелер аралык комиссия түзүп, ага геолог, илимий ишмерлерден турган 11 адис кирген. Бир жума иш алып барган комиссия ушул аптада корутунду чыгарып, өкмөткө сунуш берери күтүлүүдө. Кандай чечим кабыл алынганы жана эмне сунуштар берилери азырынча айтыла элек.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасынын кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Калысбек Рыспаевдин айтышынча, жер кыртышы жылып жаткан аймакта кен казуу иштери качан жанданары белгисиз.

“Негизи эле кенде 24 саат бою мониторинг болот. Анда жер кыртышы сантиметр эмес миллиметр жылса да билинип турат. Ошондуктан коопсуздук үчүн ал аймакта иштеп жаткан кызматкерлерди чыгарып кетип, жумуш токтотулду. Тиешелүү мамлекеттик органдардын, ишкананын өзүнүн адистеринин корутундусунан кийин гана ал жерде кен казууга уруксат берүү же бербөө маселеси чечилет. Кудай сактасын. Бирок кырсыктын кесепети менен күрөшкөнгө караганда аны алдын алуу маанилүү”.

Кендеги коопсуздук маселесин коңгуроо кылып жаткандардын да жөнү бар. Акыркы жолу Кумтөр кенинде 2019-жылы жер көчүп “Kумтөр Голд Компани” ишканасынын эки кызматкерин басып, сөөгү табылбай калган.
Расмий маалымат боюнча, өлкөдөгү ири алтын кени ачылгандан бери ар кандай кырсыктан баш-аягы 19 киши каза болгон.

Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Алтын өндүрүү азаяшы мүмкүн

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбековдун сөзүнө караганда, “Борбордук” карьеринде 20 жана 21 деген эки участокто кен казылып жатат жана алтындын көбү ушул жерден өндүрүлөт. Ушул тапта 20-аймакта жер кыртышынын жылышынан улам иш токтоду. Эгерде жакын арада кен казуу жанданбаса, быйыл пландалган алтын көлөмү өндүрүлбөй калышы мүмкүн.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

“Биздин маалымат боюнча 20-аймакта иш жүрбөй, 5-10-майдан бери токтоп турат. 20-аймакта жарылуу өйдө көздөй кетсе, ал жерде 21 деген кен казган аймак бар. Ал жарылуу бул жерге да таасир берсе, “Борбордук” карьерде жумуш толугу менен токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан илимий изилдөө иштери жакшы жүрүшү керек. Эми “быйыл 17 тонна алтын өндүрөбүз” деген план аткарылабы деген маселе бар. Азыр Сары-Төр анан Түштүк-Батыш деген да кен казылган жер бар. Бул аймактардан көп болсо үч тоннага чейин алтын алсак болот. Калган алтындын баары “Борбордук” карьеринен казылышы керек. Ошондуктан биз быйыл 10 тонна алтын өндүрсөк деле жакшы көрсөткүч болчудай”.

Тенгиз Бөлтүрүк өткөн аптада берген интервьюсунда кенден былтыр 14,62 - 15,86 тонна алтын өндүрүү мерчемделип, план аткарылганын, жыл сайын алтын казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн айткан. Быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын, 2024-жылы анын көлөмү 24-25 тоннага чейин чыгышы мүмкүн экенин жарыялаган.

Эми кендин көп бөлүгү казылып алынган “Борбордук” карьердин бир аймагында жер кыртышы жылып, ишкана өндүрүштү убактылуу токтотууга мажбур болду.

Кумтөр кениндеги акыркы окуя Кыргызстан кенди толугу менен өз карамагына алгандан берки эң чоң сыноолордун бири болгону калды. Канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөргө кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында тышкы башкаруу киргизген.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан канадалык “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100 пайыз акциясы Кыргызстанга өткөн.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Кыргызстан муну менен кендеги бардык жоопкерчиликти өзүнө алганын, бул опурталдуу экенин эскертти.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“Кыргыз тарап келишимге кол койгондон кийин кендеги бардык процесске да жоопкерчилик алды. Өндүрүш, андагы коопсуздук маселеси Кыргызстандын моюнунда. Эң кейиштүү адилетсиз жери “Центерра Голд” Кумтөрдүн алтынынын каймагын калпып, 400 тонна алтынды алып кетти. Ошол алтынды казууда пайда болгон уу калдыкты тырмакчанын ичинде бизге “белек” кылып калтырды. Азыркы бийлик мурда айтып жүргөндөй, бул кенде чоң мина коюлган. Ал жарыла турган болсо, Кыргызстанга эле эмес бүтүндөй Борбор Азияга кесепетин тийгизет”.

Анын үстүнө Бишкек шаардык соту 24-майда эле “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук экологиялык доону жокко чыгарды. Соттук доолордон толугу менен баш тартуу Кыргызстан менен “Центерра Голддун” ортосундагы келишимдин бирден-бир негизги шарты болчу.

Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт.

XS
SM
MD
LG